Halloween party ideas 2015

: بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
اِنَّ النَّفْسَ َلاَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ

Мааниси: «Напси ар дайым жаман нерселерге түртөт» аяты менен: «Сенин эң зыяндуу душманың – напсиң» – деген маанидеги اَعْدَى عَدُوِّكَ نَفْسُكَ الَّتِى بَيْنَ جَنْبَيْكَ хадисинин пайдалуу бир маселеси.

Напсисин тарбиялабоо шарты менен, өз напсисин жакшы көргөн адам башкаларды сүйбөйт. Эгер сырттан сүйсө да чын жүрөктөн сүйө албайт, балким анда бар болгон пайда менен ырахатын сүйөт. Ар дайым өзүн жакшы көрдүрүү менен сүйдүрүүгө аракет кылат жана кемчиликтерди өзүнө албайт. Тескерисинче, адвокат сыяктуу өзүн коргоп, актап турат. Апыртуу менен, балким ар кандай жалган нерселер менен өз напсисин мактап, кудум Кудай сыяктуу ыйыктагандыктан مَنِ اتَّخَذَ اِلهَهُ هَوَيهُ аятынын шапалагын жейт. Өзүн мактоо менен сүйдүрүүсү болсо тескери натыйжа берип адамдардын жийиркеничин туудурат жана муздак мамиле кылдыртат. Анын үстүнө акыреттик амалдарда да ыкласты жоготуп алат. Натыйжасын көрүп, ойлонбогон жана азыркы ырахаттарды гана эңсеген сезимдер менен напсисине жеңилип, жолдон адашкан сезимдин фатвасы менен бир сааттык ырахат үчүн бир жыл түрмөдө жатат. Бир мүнөттүк текеберчилик менен өч алуунун айынан он жыл жаза чегет. Кудум эле үйрөнүп жаткан Курандагы «Амма жүзүн» бир момпосуйга сатып жиберген сугалак бала сыяктуу, алмаз сыяктуу баалуу болгон соопторун, напсисине кошомат кылуу жана аны ыраазы кылуу жана кумарын кандыруу үчүн маанисиз шише сыныктары сыяктуу болгон ырахаттарга жана менменсинүүгө себепчи кылып, пайдалуу иштерде зыянга учурайт.

 اَللّٰهُمَّ احْفَظْنَا مِنْ شَرِّ النَّفْسِ وَالشَّيْطَانِ وَمِنْ شَرِّ الْجِنِّ وَاْلاِنْسَانِ
Бир күнү Хазрети Айша энебиз Расулуллахтан (алейхиссалам): «Адам баласы Раббисин качан тааныйт?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Напсин тааныган кезде», - деп жооп берди.

Напси дайыма Раббибизди моюндабай, ага каршы чыккысы келет. Ошондуктан, ал эмнени каалап турган болсо баары тең ага зыяндуу.

Ар иште напсине жетеленүү ага табынгандык болот! Напсиге моюн сунуудан кутулуу – дүнүйө жакшылыктарынын эң чоңу.

Хадиси шарифтерде айтылган:

«Адамды жамандыктарга жетелеген нерселер үчөө: Сараңдык, напсиге баш ийүү жана өзүн жакшы көрүү.»

«Акылдын белгиси – напсини жеңип ага ээ болуу жана өлгөндөн кийин керек болчу нерселерди даярдоо. Акылсыздыктын белгиси – напсиге моюн сунуп, Аллахтан кечирим суроо.»

«Сенин эң чоң душманың – сени тегерете курчап алган напсиң.»

Бир күнү Хазрети Айша энебиз: «Адам баласы Раббисин качан тааныйт?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: «Напсин тааныган кезде», - деп жооп берди.

Напси мубах нерселерге тойбойт, кишини харам нерселерге жетелейт.

Ислам дини ырахаттык жана тынчтык ичинде жашоо үчүн зарыл болгон жана дүнүйө лаззаттарынан пайдалуу болгон нерселерге тыюу салган эмес. Буларды алууда акылга жана динге моюн сунууну буйрук кылууда. Ислам дини адамдардын дүнүйөдө да, акыретте да ырахаттык жана тынчтык ичинде өмүр сүрүүлөрүн калоодо. Акыл болбогондо адам дайыма напсине жетеленип, жамандыктарга бармак. Напси болбогондо адам баласы өмүр сүрүү жана көбөйүү үчүн эмгектенүүдө кемчилик кылып, напси менен жихад кылуу сообун алуудан куру калмак. Периштелерден да жогору даражага көтөрүлө турчу жолу жабык калмак...

Демек, напсинин пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жактары бар. Адамдын жашоосу, көбөйүүсү, дүнүйө үчүн эмгек кылуусу напсинин бар болуусу менен мүмкүн болууда.

Напси болбогондо «чоң жихад» деген соопту кантип табууга болор эле!

Асхабы кирам (радыйаллаху анхум) чоң казаттан кайтып келишкен болот. Бул казатта жеңишке жетишкен эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) Асхабын куттуктагандан кийин мындай деди:

«Кичине жихаддан кайтып келип чоң жихадга бара жатабыз.»

Ошондо сахабалар сурашты: «Мындан чоң кайсы жихад бар?» Жообунда Пайгамбар алейхиссалам: «Напси менен болгон жихад», - деди.

Согушта жеңилген, кайтыш болгон момун адам шейит болот, түбөлүк бакыт-саадатка жетет. Жеңишке жеткени болсо «гази» болот. Экөө тең жакшы.

Напси менен болгон жихаддын жеңүүчүсү чоң ниматтарга жетет, эң чоң душманын жеңүүнүн ырахатына бөлөнөт. Жеңилген адам болсо чоң жамандыктарга, кыйынчылыктарга түшөт...

Отправить комментарий

Технологии Blogger.