Halloween party ideas 2015

Корко турчу алты нерсе: Хулафа-и Рашидиндин үчүнчүсү, Жаннат менен сүйүнчүлөнгөндөрдүн бири болгон, периштелер дагы уялган Хазрети Осман радыйаллаху анх мындай деген:
Момун киши алты нерседен коркушу керек. Ошого өзүн даярдоосу керек.
  1. Ыймансыз өлүүдөн коркуу керек. Аллах сактасын, бир адам ыймандуу жана ибадаттуу болуп туруп соңку демин ыйман менен тапшыра албаган болсо анын эч бир баасы болбойт.

Адамдар төрт түрдүү:
  1. Мусулман эне-атадан туулат, мусулманча жашап, ыйман менен акыркы демин тапшырат.
  2. Капыр эне-атадан туулат, ыйман келтирет, ыйман менен көз жумат.
  3. Мусулман эне-атадан туулат, ыйманын коргой албайт, муртад болуп ыймансыз өлөт.
  4. Капыр эне-атадан туулат, капыр болуп жашайт, дүйнөдөн ыймансыз өтөт... Биринчи экөө жакшы, ал эки калган экөө коркунучтуу.

МААНИЛҮҮ БОЛГОН НЕРСЕ АКЫРКЫ ДЕМ

Маанилүү болгон нерсе – акыркы дем. Улуу Раббибиздин биздеги ниматтарын саноо менен айтып бүтүрө албайбыз. Бизди ал жараткан жана өмүр сүрдүрүүдө. Ыйман менен сыймыктандырды. Эң чоң нимат – бир адамдын акыркы демин ыйман менен бере алуусу. Мындан дагы чоң лутуф, мындан да чоң нимат болбойт. Себеби, адам кандай өлгөн болсо ошондой эсепке тартылат. Эмне жесек жейли баары бир оозубузда акыркы жеген нерсенин даамы калат. Таттуу болсо таттуу, ачуу болсо ачуу. Мунун маанисин билгендиктен дин улуктарыбыз дайыма Хусн-у Хатимага (акыркы демдин ыйман менен тапшырылуусуна) көп дуба кылышкан.
Хатим дубаларында да көп угабыз: 
«Йа, Рабби! Ыйман менен, Калима-и шахадат келтирип жан тапшыруубузду насип кыл!» 
Биз дагы бул дубага бүткүл көңүлүбүз менен амин деп айтуудабыз...
Кабырга ыйман менен кире алуу үчүн дүнүйөнү сүйбөө керек. Дүнүйөнү сүйгөн адам андан ажырагысы келбейт. Оорусу катуу адам жашоосунан үмүтүн үзөт, доктурлары дагы оорулууга дарылоонун чара боло албай тургандыгын билдиришет. Мындай абалдагы адам жакын убакта сүйгөндөрүнүн баарынан тең ажырай тургандыгын сезет. Адам сүйгөнү менен бирге болууну өтө каалайт, сүйгөндөрү менен экинчи жолу кезигише албай тургандай болуп ажыроонун канчалык кыйын экендигин ойлоп өз-өзүнөн сурайт: «Мен өлгүм келбейт. Байлыкты табуу үчүн канчалаган кыйынчылыктарды тарттым. Жеп-ичип, жыргап-кууноонун дал убагы эле. Ким мени бул сүйгөндөрүмөн ажыраткан?..» Кийин бардык нерсенин илахи тагдыр менен болуп жаткандыгын ойлонот. Ал каалабаса эч бир нерсе болбойт. Шайтан дагы аны бузуп, ага мындай дедиртет: «Йа, Рабби, мага бул жамандыкты эмне үчүн кылып жатасың!?» Илахи тагдырга кылынган бул каршылыктан кийин ал адамдын ыйман менен акыркы демин тапшыра алуусу өтө кыйын абалга келип такалат.
Биз менен кабырыбызга бирге кирбеген жана бизди жалгыз таштап кете турчу нерселерге көңүл бербейли. Дүнүйө бизди таштап кетүүдөн мурда биз аны биринчи таштаган бололу. Ага болгон сүйүүнү көңүлүбүздөн чыгаралы. Хадиси шарифте: «Дүнүйө сүйүүсү - бардык жамандыктардын башы», - деп айтылган.

ЭСЕБИ БИР КҮНҮ СУРАЛАТ!..

2-Сол жагыбызда алып жүргөн периштенин күнөөлөрүбүздү жазуусунан коркушубуз керек. Көптөгөн күнөөлөрдү тартынбастан кылуудабыз. Балким, мунун бир нечесинен кабарыбыз дагы жок. Бирок, алар жазылууда, эсепке кирүүдө, бир күнү эсеби суралат.
Мухаммед бин Мункедир хазреттери бир күнү үйүндө Курани карим окуп жатканда ыйлап баштайт. Ыйлоодон улам окуй албай турган болот. Балдары тынчсызданышат. Коңшуларынан Абу Хазым хазреттерин чакырышат. «Атабыздын көңүлүн аз да болсо сооротуңуз», - дешет.
Абу Хазым келет, салам берип мындай деп сурайт: «Тууганым, эмне үчүн ыйлап жатасың? Үйүңдөгүлөрдү коркутуп жатасың..» Ал болсо мындай деп жооп берет: «Мен окуган аяти каримада: «Адамдар кыямат күнү амал дептерлерин окуганда эч эсептеринде болбогон күнөөлөрүн көрүшөт», -делүүдө, мына ошого ыйлап жатам!» Муну уккан Абу Хазым дагы аны менен бирге ыйлап баштайт... Балдары болсо: «Биз сени атабызды сооротобу деп чакырсак сен аны ого бетер ыйлаттың!..» - дешет.
3-Дайым душманыбыз болгон шайтан бизге бир гана күнөө кылдыруу менен калбайт, тапкан соопторубузду да бир жолун таап жок кылууда.

«КААЛАГАНЫҢ ОРУНДАЛДЫ!»

Амалдарыбызга рия аралашса андан эч бир жакшылык көрө албайбыз. Кыямат күнү эсеп бериш үчүн алып келинген бир аалымдан: «Өмүрүңдү кантип өткөрдүң?» - деп суралат. Ал: «Илим үйрөттүм, шакирт тарбиялап өстүрдүм», - дейт. Ошондо периштелер мындай дешет: «Туура. Буларды кылдың, бирок, Аллах үчүн кылбадың. «Кандай жакшы киши, кандай чоң аалым деп айтышсын» деп кылдың! Аны дагы айтышты. Мына эми сенин каалаган нерсең орундалды!».
Бир бай алып келинет. Андан да суралат. Ал дагы садага бергендигин, адамдарга жардам кылгандыгын айтат. Ал дагы дүнүйөдөгү жакшылыктарын Аллах үчүн кылбаган болсо ага айтышат: «Туура, бул жакшылыктарды кылдың, бирок, «кандай жоомарт адам, кандай мээримдүү адам деп айтышсын» деп кылдың. Сен да тилегиңе жеттиң...»
Бир мужахидден суралат, ал дагы мындай деп жооп берет: «Мен капырлар менен болгон согушта жан аябай салгылаштым, баланчасын өлтүрдүм.» Ага: «Бул кандай баатыр, кандай эр жүрөк деп айтышсын» деп кылдың. Сенин дагы максатың орундалды. Адамдар сени макташты. Эгер сен Аллах үчүн согушканыңда пайдасын бүгүн көрмөксүң», - дешет.
Кылган жакшылыктарыбызга, ибадаттарга текеберлик, ужуб аралашса баарын күйгүзүп жок кылат.
Ошондуктан: «Соңу тообо менен бүткөн бир күнөө соңу ужуб менен бүткөн бир ибадаттан дагы жакшыраак», - дешкен экен.

ДАЯРДЫКСЫЗ КОЛГО ТҮШСӨК

4-Азраил алейхиссаламдын рухубузду капыстан алып кетүүсүнөн коркуубуз керек. Даярдыксыз колго түшсөк чоң кыйынчылык тартабыз. Өлүмдүн кечигүүсү үчүн убакыт талап кылуубуз натыйжасын бербейт.
Секерат-ы мевт (өлүм) абалындагы адам өлүм периштесине жалбарат «Мага бир гана уруксат бере аласыңбы?» деп, ал болсо: «Жок» - дейт. «Жок дегенде бир саат болсун эмне кылсам кылайын, тообо кылайын, керээзимди жазайын.» Периште мындай деп жооп берет: «Раббибиз сага миңдеген саат өмүр ихсан кылды. Ошолордун кадырын билсең болмок!?..»
Адам ар көз ирмемде өлүп калышы мүмкүн. Өлүмдүн мезгили, күндүзү-түндөсү жок. Оорулуусу да өлүшү мүмкүн, дени сагы да өлүшү мүмкүн. Жаш-кары деп дагы ажыратпайт.
Же өлбөөнү кепилдикке алышыбыз керек, же өлүмгө дайым даяр турушубуз керек. Ишенип отура берүү, кепилдикке алуу ансыз деле мүмкүн эмес, ошондуктан, дайым даяр болуубуз керек.

МАКСАТЫ ДҮНҮЙӨ БОЛСО!..

5-Дүнүйөнү максат кылып алуудан коркуубуз керек. Эгер масат дүнүйө болсо акырет унутулат. Биз дүнүйө үчүн эмес акырет үчүн жаратылдык. Раббибиздин ыраазылыгы биздин максатыбыз болуусу керек. Дүнүйө толук бойдон өзүбүздүкү болсо дагы бир нече убакыттан кийин баарын таштап бул жерден ажырайбыз.
6-Үй-бүлөдөгүлөрдүн бизди харам оокат табууга мажбурлоосунан коркуубуз керек. Адам өз өмүрлүк жарын сүйөт, балдарын сүйөт, аларды капаланткысы келбейт.
Алардын каалоолорун күчүбүз жеткенчелик орундообуз керек. Ашыкча талаптары үчүн карызга батуу жана бул карыздарды төлөөдө кыйналуу акылы бар адамдын кыла турчу иши эмес.
Айрыкча харамдарды жугузуу эч орундуу эмес. Харам тамактын денеде калуучу таасири бар. Дубалардын кабыл болбоосуна себеп болот.
«Жегениңе көңүл бөл!»
Бир күнү бир адам Суфйан-ы Севри хазреттерине келип: «Жамаат менен окулган намаздын кайсы сабында туруу сооптуураак?» - деп сурайт. Ал болсо мындай деп жооп берет: «Сен жеген тамагыңа көңүл бөл, халалдан болсун, кайсы сапта турсаң тур айырмасы жок!»
Балдарына же башка бирөөлөргө харам тамак жедирген киши кул акысын тебелеген болот. Кыямат күнү өздөрүнө харам тамак жедирген адамга доочу болушат.
Улуу Раббибиз биздин ичибизде бул алты нерседен коркууну дайыма жашатсын...

Отправить комментарий

Технологии Blogger.