Halloween party ideas 2015

Жылан адамды өлтүрүп жанын алуусу мүмкүн. Ал эми жаман дос адамдын жанын да, ыйманын да алып, балээге жетелейт. Анткени: "Адамдын дини – досунун дини сыяктуу", - деп айтылат.

Адам өзүнүн жана бүткүл болмуштун жаратуучусун таанууга ылайык жаратылган. Жаратуучусуна ибадат кылуу жана Ага жакындоо деген каалоо ар бир адамда болот. Бирок, бул тартылуунун жана каалоонун эч кандай баркы жок. Анткени, напси, шайтан жана жаман дос адамды алдап жаратылышындагы бул касиеттерин басаңдатып, жоюп жиберет.

Дин даанышмандары мындай дешкен: "Ыймандын төрт душманы бар: Оң жакта жаман дос, сол жакта напси каалоолору, алдыда дүнүйөгө берилүүчүлүк жана артта шайтан бар, бардыгы тең ыйманды уудагысы келет. Жаман дос дегенибиз адамдын жалгыз гана мүлкү менен акчасына кол салып, дүнүйөсүн алгысы келгендер эмес. Достун эң жаманы, эң зыяндуусу – адамдын динин, ыйманын, адебин, уятын, ахлагын бузууга тырышкандар, тактап айтканда дүнүйөсү менен акыретине, түбөлүк бакытына чабуул жасагандар".

Хазрети Ахмед Намык Жами жакшы достун кандай боло тургандыгын түшүндүрүп жатып мындай дейт: "Көрүшүп, бирге жүргөн адамдын жакшы дос же жаман дос экенин билүүдөгү маанилүү нерселер булар: Көрүшүп жүргөн адамыңар силердин Аллаху тааланы эске алууңарды жана унутпооңорду камсыз кылып, муну жаңылап, жүрөгүңөрдү сергитсе бул жакшы дос деген сөз. Ал эми бирге жүргөн адамыңар силерге Аллаху тааланы жана Аны зикир кылууну унуттуруп жатса ал жаман дос деген сөз. Андай адамдан жырткыч айбандан качкандай качуу керек. Анткени, жырткыч айбан ашып кетсе адамдын жанын алат, бирок, ыйманына зыян келтире албайт. Жаман дос болсо адамдын ыйманынын да, жанынын да кетүүсүнө, анын түбөлүк балээлерге учуроосуна себепкер болот."

Жакшы досту тапкан кезде көп шүгүр кылуу керек жана ар дайым жакшы адамдар менен бирге болуу керек, ошондо кыяматта өкүнүчтө болбойбуз. Адамдын башына келүүчү ар бир балээ жаман достун айынан келет. Андайлардан оолак болуу керек.

Жакшы дос адамды төмөндөн жогоруга жетелейт. Жаман дос болсо мунун тескерисин кылат. Туш келген адам менен дос болбоо керек. Сүйлөшүп жаткан адамдын акылы менен түшүнүгүнө карап сүйлөө керек.

Текеберленбөө жана сырын ар кимге айта бербөө керек. Ар адамдын сөзүнө алданбоо керек. Адамдардын сөзүнө эмес ишине кароо керек. Өзүнө-өзү пайдасын тийгизе албай жүргөн адамдан сактануу керек. Андай адамдын башкага кантип пайдасы тийсин? Жаман адам менен дос болгон жакшы адам аны өзүнө буруп, жакшы адам кыла алса эң сонун болот, эгер муну кыла албай, өзү дагы ошол адам сыяктуу бузулуп кетсе эң жаманы мына ушул.

Ибрахим бин Абу Талиб Бетаихидиндин айтып бергени:

"Хазрети Абу Бакр бин Каввамдын ал-абалын сурайын деп жолго чыктым. Жолдо бир кербенге кездештим, ошол кербендегилер менен дос болуп бирге жол жүрүп келдик. Алар жол бою арак-шарап тууралуу шилекейлери агып маектешип келишти. Абу Бакр бин Каввам хазреттеринин алдына барганымда менден:

-Эй, Ибрахим, бул абалың эмне? – деп сурады.

-Менин абалым эмне болуптур устазым?

-Колуңда шарап кармап турган сыяктуусуң.

-Жолдо келе жатып кербендегилер менен жолдош болгон элем. Алар келгенче шарап жөнүндө сүйлөшүштү. Демек, маектери мага таасир берген го, - дегенимде, бул сөзүмө хазрети Абу Бакр бин Каввам:

Балам жакшы адамдар менен бол! Жаман адамдардан колуңдан келишинче оолак жүр! Анткени, алар менен сүйлөшүү дүнүйөдө да, акыретте да жүзүңдү карартат, - деп айтты."

Стамбулда жашаган даанышман-олуялардын бири болгон Мухаммед Мурад хазреттери өзүнүн шакирттерине дайыма мындай насыйкат айткан: "Даанышмандар менен олуялар бул маанилүү кырдаалды айтып эскертишкен: Бул үч адам менен дос бол. Биринчиси: Илимдүү жана колунда өнөрү бар адам менен дос бол. Дүнүйө менен акырет бакытына жетүүң оңой болот. Экинчиси: Көркөм (жакшы) мүнөздүү адам менен дос бол. Анткени, мындай адамдар достун кемчилигин көрбөгөндүк кылып жашырат жана бул кемчиликтерди насаат менен түздөйт. Бул жолдо көп тер төгөт. Үчүнчүсү: Жаман ниети болбогон, дүнүйөгө берилбеген, ишенимдүү, адал жана ыкластуу адамдар менен дос бол.

Бул үч түрлүү адамдан сактануу керек: Биринчиси фасык жана азгын, күнөө кылган, напсин ээрчип Аллаху тааланын буйругунан чыккан адамдар. Мындай адамдар менен дос болуу бул дүнүйөдө ырахат таптырбайт жана акыретте да рахметке жеткирбейт. Экинчиси: Калпычы жана кыянатчы болгондор. Мындай адамдар менен достук курулай оор азапка жана балээге себеп болот. Сенден башкага, башкадан сага сөз ташыйт. Үчүнчү түрдөгү адамдар: Акмактар. Мындай адамдардын сөзүнө маани берилбейт. Булардан адамга пайда да келбейт, адамды зыяндан да арачылап кала албайт. Алардын жакшы дегендери жаман, жаман дегендери жакшы болот. Зыяндуу дегендери – пайдалуу болуп чыгат."

Хазрети Фудайл бин Ийад: "Мага жаман мүнөздүү адамдын дос болгонунан көрө күнөөкөр болсо да жакшы мүнөздүү адамдын дос болгону артык”, - деген.

Давуди Таи хазреттери: "Сенден кемчилик издеген жаман адамдар менен дос болбо!” – деп эскерткен.

Жыйынтыктап айтканда жаман достун бардык түрүнөн сактануу керек. Хазрети Мухаммед бин Фадлдын айтканындай: "Жаман дос өкүнүч менен кайгы дегенди билдирет."

 

 

 

 

 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.