Halloween party ideas 2015

Дээрлик бардык балдар жок дегенде бир жолу башка бирөөнүн буюмун көрсөтпөй алып койгон учурлар кездешет. Мындай учурда дароо эле чыр чыгарып кирбей, өзүңүздү колго алууну, балага кандай мамиле жасоону билгениңиз оң.
"Уурулук" деген терминдин мектепке чейинки балдарга эч кандай тиешеси жок, анткени, бул курактагы балдар үчүн реалдуу дүйнө менен алардын фантазиясын бөлүп кароого болбойт. Өздөрүнүн туура эмес кылык-жоругун териштирүүгө алардын акылы жетпейт.
4 жашка чейинки балдардын мындай жоругун "уурулук" деп атоого таптакыр мүмкүн эмес. Бул курактагы бала "меники" жана "бирөөнүкү" деген түшүнүктөрдү ажырата албайт.
4-6 жаштагы балдар буюмдун өзүнүкү же бирөөнүкү экенин түшүнө баштайт, бирок аны алууга болгон өзүнүн каалоосун тыя албайт.
5-7 жаштагы балдарда өзүмчүлдүк сапат өзгөчө күчөйт. Алардагы негизги максат каалаган нерсесин алуу болуп калат. Андыктан, ата-эне балага бирөөнүн буюмун уруксаты жок албоону үйрөтүүсү зарыл.
Балдардын бирөөнүн буюмун алуусунун көптөгөн себептери бар...
Бала өзү ээ болгусу келип, бирок жетпей жүргөн оюнчукту теңтушунан көрсө, жашырып алат же үйүнө алып кетип калат.
Бала жакындарына, айрыкча апасына белек кылгысы келет. Кандай жол менен болсо да апасына жагымдуулук тартуулагысы келген бала бирөөнүн буюмун алуу терс көрүнүш экенин түшүнбөйт.
Балдар бир гана ата-энесинин эмес, теңтуштарынын, ага-эжелеринин да көңүлүн өздөрүнө бурууну каалашат. Мына ушул максатта алар уурулук кылышы мүмкүн.
Балдар чоңдордон үлгү алып чоңоюшат. Ата-энесинин жумуштан, кошунадан, атүгүл дүкөндөн буюм алып келгенин көргөн балада "уурулук" сапат калыптана баштайт.
Башкаларда бар нерсенин өзүндө жок экенин сезген бала уурулук жасашы мүмкүн. Мисалы, теңтуштарында акча бар, сиз бул нерсени зарыл деп эсептебегениңиз үчүн балаңызга акча бербейсиз. Мындай учурда балаңыз өзүнүн керектөөсүн канааттандырыш үчүн акча уурдашы мүмкүн.
Кимдир бирөөнү жазалоо, андан өч алуу үчүн да бала уурулук жасашы мүмкүн.
Эгерде балаңыздын уурулук
кылганын байкап калсаңыз...
Күнөөсүн моюнуна албай жаткан учурда коркутпаңыз. Сиздин агрессивдүүлүгүңүздөн бала андан бетер коркуп, жарга такалат. Күчкө салгандан көрө жай гана сураңыз.
Аны эч качан "ууру" деп атабаңыз.
Аны башка балдар менен же өзүңүздүн кичине кезиңиз менен салыштырбаңыз.
Балаңыздын көзүнчө анын "уурулугу" тууралуу башкалар менен сүйлөшүп, талкууга албаңыздар. Бала тарбиялоодогу алтын эреже: жалгыз калганда уруш, бирөөлөрдүн көзүнчө макта.
"Кантип ушуга колуң барды?", "эмне үчүн мындай ишке бардың?" деген сыяктуу суроолордун пайдасы жок, тескерисинче, зыян.
Бала тарбиялоодогу уурулукка жеткирүүчү негизги кемчиликтер
Уурулукка байланышкан бир учурда баланы жазалоо, экинчи учурда көз жумуп коюу.
Чоңдордун талаптарынын карама-каршылыгы. Мисалы, атасы тыюу салат, апасы уруксат берет.
Карама-каршылыктуулук. Мисалы, ата-эне балага бирөөнүн буюмун албаш керек экендигин айтат, өздөрү болсо жумушунда жаткан "керексиз" буюмдарды көтөрө келишет. Муну көргөн бала ата-энесин кайталайт жана мунусу үчүн ата-энесинин урушканын көпкө чейин түшүнбөй жүрөт.
Чектен ашкан эрке балдар "мен баарынан жакшымын" деген ой менен өсүшөт. Алар башка адамдардын пикири менен эсептешишпейт, өзүнүн кызыкчылыгы, каалоосу биринчи орунда турат. Мындай балдар теңтуштарынын арасына түшкөндө деле өздөрүн үйүндөгүдөй алып жүрүшөт жана өзү каалап жаткан буюмду эмне үчүн алууга болбостугун түшүнүшпөйт.
Уурулуктун алдын-алуу үчүн
ата-эне эмне кылуу керек?
4-5 жаштагы балаңыз менен уурулук тууралуу сүйлөшүп, уурулук кылуу бул жаман жорук экенин түшүндүрүңүз.
Балаңыз башкалардын буюмуна уруксаты жок тийбеш керек экенин билүүгө тийиш.
Уурулук ишенимдин жоголушуна, досу жок жалгыз калууга себеп болорун балаңызга түшүндүрүңүз.
Анын терс жоругу үчүн сиз тараптан чечкиндүү чара колдонуларын бала сезсин. Үйгө алып келген буюмун бала ээсине кайтарып берүүгө же аны төлөөгө тийиш. Эгерде төлөө үчүн акчасы жок болсо, керек болсо анын ордуна кандайдыр бир ишин кылып берсин. Кыскасы, бала өзүнүн туура эмес аракети үчүн өзү жооп бериши керек.
Эгерде балаңыз өзүнө керектүү бирөөнүн буюмун (карандаш, дептер) алып келген болсо, ага бирөөнүн буюмун алууга болбостугун, керек нерсесин айтса, сиз сатып берээриңизди түшүндүрүңүз.
Балаңыздын бир нерсени уурдап келгенин байкасаңыз, анын бул адатын дароо токтотуу үчүн чара көрүңүз, бирок анын уурдап келгенине 100 пайыз ишенгенден кийин гана. Жок жерден күнөөлөө балага өзгөчө оор тиет.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.