Halloween party ideas 2015



18-19-апрель  күндөрү  Мухаммед (САB) пайгамбардын туулган айына  карата Кожомкул атындагы спорт сарайында мавлид мааракеси өткөрүлдү.  Бул мааракени мусулмандар дин башкармалыгы менен “Адеп башаты” коомдук фонду биргеликте уюштурган. Мавлидге эл жылдагындан көп кызкелгени байкалып турду. Мавлидде сахнанын көркүн 3- 9 жаштагы кичинекейлер ачып турду. Алар ислам дини, ыйман, адеп-ахлак, орозо тууралуу ырларды аткарышты.  Сахнадагы кичинекейлердин баарынан өзгөчөлөнүп, 4-5 жаштар чамысындагы кичинекей кыз залда отургандардын баарын ыйлата алды. Ал алаканын жайып, Кыргызстандын учурдагы абалын, ыйман, адеп, ынсап бардык багытта Аллахтан бата сураганда элдин көзүнөн жашы куюлуп агып турду.  10 мүнөттөй токтобой бата суранып жатканда мавлиддин алып баруучулары Жеңишбек Жумакадыр менен Идирис Айтбаев ал кыздын жанында тизелеп отурушту.  Бата тилеп бүткөндөн кийин Жеңишбек Жумакадыр “чоң адамды башына бир уруп кичирейтип  койгондой сүйлөдү”,- деп элди күлдүрүп кетти.

ВИДЕО: Залдагы элдин баарын ыйлаткан 4 жаштагы кыз

fakt.kg

Отправить комментарий

Технологии Blogger.