Halloween party ideas 2015


Бир жолу мечитте отурсам, жаныма бир байке келип “үйлөнгөнсүңбү?” деп сурап калды... Мен: “жок” дедим...
Эгер үйлөнсөң аялыңдын кадырын биле жүр деп сөзүн улантты:
-Мен үйлөнгөндөн соң, аялым мени ар таң аткан сайын багымдат намазына ойготоор эле. Бирок мени ойготуу өтө кыйын, катуу уктаар элем. Кээде аялым мени ойгтуудан кыйналганда: “эгер сиз азыр турбасаңыз, багымдатты каза кылсаңыз, анда мен бейиште сизден бир кадам алдыда болом, биз ал жакта чогуу болалбайбыз” деп айтчу... Мына эки жылдай убакыт өттү. Ал бул дүйнөдөн өткөнү, мен күн сайын таңкы намазын калтырбоого тырышам. Дайыма ойготкуч (будульник) жаңырган сайын аялымдын айткан сөзү эсиме түшөт да дароо даарат алып намазга барам. Анткени мен аны сагындым... мен аны менен жаннатта дайыма бирге болгум келет... деп эскерип отурду!!!

Аллах ыраазы болсун!!!
Автору белгисиз

Отправить комментарий

Технологии Blogger.