Halloween party ideas 2015


Жакшы буюумуңузду кандай сактап, кандай абайлайыз. Мисалы: мырзалар жыңы автоунасын күндүн ыссыгынан,чийдирип албаш үчүн ,бузулса дароо жаңы тетигин алып, абайлап минишет. А айымдарчы зергер алтыдарын кандай сактап,кандай гана жакшы көрүп тагынышат. Эгерда ошол жакшы көргөн буюмдарын жоготуп алса барбы издегенин элестетиң,дүйнө башына кулагандай кайгырып калаттар,же кырсыктан, же кандайдыр себептен сатууга туура келсе өкүнүп,баш мыжыгып керек болсо ыйлап да жатып каласыз. Эми ошол асыл,кымбат буюмдан артык "ата -энебизд "ошол буюмадардай абайлап, сыйын -урматын жайына ,коюуп жаныбыздан артык жакшы көрүп жатабызбы? Эгерде жоготуп алсакчы ахбалыбыз кандай болоор эле. Ал го буюм,бир демде жоголуп,кайра табылат . А биздин ата -энебиз бир жолу келип, бир жолу кете турган тирүү инсандар,аларды жоготуп алсак эч качан таппайбыз ,сени жана мени жыгылсак тургузган,оорусак жааныбызда дем,күч болгон,кыйналсак жардамын берген, кыйшайсак,түздөгөн асыл инсандар. Бул сөздөр менен эмнени айткым келди, "ишим,бизнесим,үйүм,машинем,бар деп мактанба -ата -энем бар, алар менен табылгыс байлыгым "деп мактангын деп айтаар элем. Алар бар биз үчүн "Бейиш же тозогубуз,ата бейиш эшиги,эне таманында бейиш . Аллах Таала Куранда мындай деген:

«Биз инсанга ата -энесине жакшылык кылууну буйурдук». (Анкабут:8).
Ата -энени, көзү тирүүсүндө сыйлап,урматын жайына коюуп кадырына жетип жашо керек. "Колдо бар алтындын кадыры жок "дегендей инсан жакшы,жакын көргөнүн качан жоготкондо кадырына жетет. "Аттиң "көзү тирүү болгондо мындай,тигиндей кылат элем, бекер эле кагыбпын,неге андай кылыбпын дегенден эч пайда жок! Бир жолу биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) жанында олтурган кезибизде ага бану салима уруусунан бир адам келди да,минтип сурады: 
«О,Аллахтын Элчиси,мен ата -энемди,көзү өтүп кеткен соң, кандайдыр бир жол менен сыйлай аламбы?»
Ал айтты: 
«Ооба,(эгерде) аларга дуба кылсаң, алардын кечирилишин (Аллахтан) сурасаң,алардын көз өткөндөн кийин алардын берген ант убадаларын сен аткарсаң,өзүң ата -энең аркылуу гана байланышта болгон адамдар менен мамилени чыңдасаң жана ата -энеңдин досторун урматтасаң ». (Абу Дауд) ..
Ата -эне аска -зооң,үйүңдүн куту,берекеси,дөөлөтү,таянарың,алардын биз үчүн кызматы,түгөнгүс мээнети,жашоонун суугунан сактап,ысыгынан абайлап, баардык жакшылыкты биз үчүн арнап,тээ кичүүсүнөн баштап ,өмүрлөрү өткөнчө бизди деп жашаган улуук инсандар! Алар үчүн биз.качан болбойлуу, чоңоюп, үй -бүлө күтсөк да дагы ошол бала бойдонбуз. Бир жолу Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) кайсыл бир киши келди да, минтип айтты: 
«Мен сизге "хижра кылып, жихадка катышамын»деп ант беремин, анткени мен Аллах Тааладан сыйлык( сооп)алгым келет». Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) андан: «Ата -энең экөөсү тең тирүүбү?»-деп сурады. Ал айтты: «Ооба,экөөсү тең (тирүү)?». Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) сурады: «Ошентип сен Аллах Тааладан сыйлык алгың келет? ». Ал айтты: «Ооба». Ошондо Аллахтын Элчиси,( ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) минтип айтты: «Андай болсо, (үйүңө) кайтып баргын да,ата -энеңе (терең урмат менен) жакшы мамиле кылгын ». (Бухарий,Муслим). 
Бул хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) ата -энеге кызмат кылуу биринчи орунда экенин айгинелеп өттү. Аларды камсыз кылуу, аларга мээр,төгүү,сыйлоо,урматоо,төрүбүздө олтургузуп ,сыйын жайына коюуп, мүдүрүлсө.колубузду созуп,жатып калса көтөрүп,тамак жей албай калса тамактандырып,жума сайын жуундуруп, тазалап,төшөгүн жумшак кылып, ооруса мээрим менен кароо перзентин милдети,парызыдыр. Ушул жерде бир окуяны айтып өтсөк кимгедир сабак болсо.. Бир карыя шаардагы уулунун үйүнө барып, анын машинасы менен кетип бара жатып, шаардын ичиндеги кооз имараттарды көрүп баласына улам: "Бул эмне ыя, уулум"-деп сурайт. Баласы эки үч жолу бул деген мындай уюм, бул деген мындай нерсе деп жооп берет. кайра -кайра сураганынан ачууланып, атасына: "Ой жарыктык десе, ар нерсени эле ушунтип сурай бересиңби? "-деп урушуп жиберет. Антсе атасы: "Ой уулум,сен кичине кезиңде билесинби, мен сени, атка учкаштырып алар элем, анан сен менден миң жолу:" бул эмне? тигил эмне?",-деп сурай берчүсүң. Мен сенин башыңдан өөп : "Оо акылынан айланайын, бул деген мындай нерсе, тиги деген тигиндей нерсе"-деп эч чарчабай жооп бере берчү элем. А мен сенден эки-үч нерсени сурап койсом ачууланасыңбы" . -деген экен. Ата-эненин кылган жакшылыктарын эч качан унутпашыбыз керек. Ата-энеге көргөзүлө турган кээ бир тартиптер бар, бирок алардын шартына жана муктаждыгына жараша аткаруу керек. Асмандан түшкөндөй өзүң бул эрежелерге жеткендей болбо,артыңа карап ойлонуп көрчү, "ата -эне кадырын балалуу болгондо билесиң "дгендей өзүң ата -эне болгон болсоң ,балаңа кара кандай карайсың,оозунан тамагы түшсө жеп коёсуң,майдалап чайнап бересиң,булгаса тазалап,тили жаңы чыксачы "ата ","апа " деген сөзүнө сүйүнүп кайталатып, көзүнө көрүнгөнүн сураса тажабай айтып бересиң. Эми ошону өзүңө элестетип көр сен балаңа кандай болсоң ата -энең да сага ошондой болгон. "Ата- энени кандай сыйлап, карасаң, баарын балаңдан көрөсүң ". Бир карыя дайым эле кимге дуба кылса балаңдан көр дей берет. Анын сырын сурашканда: Карыя жылайып: "Кимде -ким ата -энесине кандай мамииле кылса, сөзсүз убагы келгенде балдарынан көрөт,жакшылыгын да жамандыгын да "деген экен. Өкүнүчтүүсү азыркы күндөрдө ата -энесин кор кылган,каарылар үйүнө алып барып таштагандар,кол көтөргөндөр да болуп жатат. Каарылар үйүндө бир байкуш эне мындай деп өксүгөн экен: "Балаң жакшы болсо жер үстүндө жашагың келет экен,балаң жаман болсо жер астында тынч жаткың келет ", "он балам болгончо он малым болсо эч болбосо өлүмтүгүмө жарамак ".... Абдуллах бин Амир (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Оор күнөөлөрдүн катарына,мушриктик,ата -энесин сыйлабастык,адам өлтүрүү жана жалган (жерден ичилген) касам кирет ». (Бухарий) . Мындай көз жаштан Аллах өзү сактасын,Аллахтын каарынан корку керек бир күн сенда каарышыңды унутпашың керек! Дагы бир айта турган маселе бул ага,байке,инилерге айтылуучу ачуу чындык кеп, бирин -бири "энеңди "деп башка жакада өтүп кетишет ,уялбай нетпей,жакшы сөз айткансып,бул сөз менен өзүн баатыр же майын чыгарып жайладым деген ой менен сөгүшөттөр. Билбейттер өз ата -энесин сөгүп жатканын. Абдуллах бин Амр (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: 
«Адамдын өз ата энесин сөгүүсү -оор күнөөлөрдүн катарына кирет». Ошондо сахабалар сурашты: «О,Аллахтын Элчиси, адам өз ата -энесин кантип сөксүн? ». Ал айтты: «Ооба,(ошондой болот) эгерде адам (башка) адамдын атасын сөксө, тигил да сөгөт; эгерде адам (башка) адамдын энесин сөксө, тигил да анын энесин сөгөт». (Бухарий, Муслим). 
Ошентип башканы сөгү ,тилдөө менен өз ата -энеңди сөгүп, тилдеп аласың. Бул хадис эже,апалар,сиңдилерге да тиешелүү, каргыштап башкаларды,тилдеп гөргө чейин киргизип жиберебиз муну менен өзүбүзгө кайтарып алат экенбиз бардык айтылгандарды. Ошон үчүн андай жаман адаттардан,жаман сөздөрдөн этият бололуу, үй -бүлөөдө кандай болсоң башкаларга да ошондой бол. "Ата -эненин каргышы көз жашы,тозогуңа май болоор, ата-эненин дубасы ,ыраазычылыгы бейишиңе ачкыч болоор "ошондуктан ата-энени көзү барда өзү барда сыйлап,урматтап ,кадырына жетиңиз төрүңүзгө олтургузуп дубасыны алыңыз! "Ата -эне ыраазы,Алла ыраазы ". Аллахым ар бир үйдөгү ата -энелерге ыйман, ден-соолук, каарыганда,дөөлөт, бактылуулук,балдары, кыздары,келиндеринен сый -урмат,көрүүсүн насип кылсын, Өз ырайымына бөлөп ,бул дүйнө аркы дүйнө жакшылыктарынан берип,өз азабы, каарынан сактасын, жашоонун бейпилдигин,өмүрдүн таттуулугун тартуу кылсын! Омиин!!!
"Бактылуулук Формуласы ".
👤Насиба Абдуллаева.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.