Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Адал/Арам. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Арам кылынбагандын баары адал

Бардык заттар башатында адал. Ушундан улам кандай гана зат, мамиле же ибадат болбосун анын арамдыгы изилденип, Шарияттан так далилдер табылбаса, адал деп эсептелет.

2. Уруксат берүү жана тыюу салуу бийлиги, Аллахка гана таандык

Адал жана арам тууралуу ар бир өкүм, Аллахтын куран жана Сүннөттөгү буйруктарына негизделүүсү зарыл. Анткени, Аллахтан башка адал же арам кылууга эч кимдин укугу жок.

3. Адалга тыюу салып, арамга уруксат берүү – ширкке барабар

Ширк, Аллахка башканы шерик кылып сыйынуу. Сыйынуу – мыйзам ээсинин өкүмдөрү менен жашоо. Аллахтын арам кылганына уруксат берүү жана Аллах буюрганга тыюу салуу – Аллахтын өкүмүн тоотпогондук үчүн ширкке барабар деп эсептелет.

4. Адалда пайда, арамда зыян бар

Аллах адал менен арамдын себептерин түшүндүргөн жана түшүндүрмөсүз буюрган учурлары да бар. Азыркы илимий-технологиялык жетишкендиктер адалдын пайдасын, арамдын зыянын улам далилдеп отурат. Шарияттын ар бир чечиминде адамзат үчүн пайда гана бар, ал эми андан четтөөнү жана аны четке кагууну зыян деп билүү зарыл.

5. Арамга алып барчу да – арам

Шариятта аракет адал болгонуна карабай, арамга алып барса – арам деп эсептелет. Мисалы, Шариятта аялдын колу ауратка кирбейт. Бирок чоочун аял менен (ауратка кирбесе да), кол берип көрүшүүгө жана өбүшүүгө тыюу салынат. Анткени, бул жорук никесиз байланышка шарт түзүүсү ыктымал.

6. Жакшы ниет арамды адалдай албайт

Исламда, ар бир амал ниети менен бааланат. Бирок жакшы ниеттеги арамга уруксат берилген эмес. Мисалы, достор таарынбоосу үчүн арагын ичүү жана башка. Демек, арамды жакшы ниет адал кыла албайт.

7. Күмөндөн сактануу – арамдан саламат болуу

Толук изилденип бүтө элек – күмөн деп эсептелет жана ал бүгүн тамак-ашта көп кездешет. Анткени, кошулмалардын заттык, технологиялык ж.б. адалдыгын аныктоого катардагы мусулмандын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Мусулман арамдан алыс болуусу үчүн күмөндөн да, оолак болуусу сунуш кылынат.

8. Арам баарына тең арам

Аллахтын алдында адамдардын баары тең. Тагыраак айтканда, алар коюлган милдеттерди аткарууда жана укуктарын өз ара талап кылууда тең. Адамдардын эч кимисин ээлеген мансабы, байлыгы же каалоосу Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтен бошотпойт.

9. Муктаждык арамды бузат

Аллах адамдын алсыздыгынан кудурети жетпеген шарттардарда арамды бузууга уруксат берет. Мисалы, ачкадан өлүм коркунучу турса белгилүү (өлбөс үчүн) өлчөмдө арамды жегенге уруксат берилет. Бирок толук тоюп алууга же алдыга арамдан камдап алууга уруксат жок.

10. Арамдын ордуна, дайым адал табылат

Аллах, ар нерсени адам үчүн гана жараткан. Анын жараткандарынын ичинде адалды табуу оңой, анткени адал, арамга караганда алда канча көп. Арамдан качкан дайым адалды табат.

Запись Адал менен арам жөнүндө 10 эреже впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

ТАМАК КОШУЛМАЛАРЫ

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты саткоо уюмунун аныктамасына ылайык тамак-аш азыктарынын сакталуу мөөнөтүн, келбетин жана даам сапаттарын узакка сактоо үчүн атайын кошула турган, затында жейилбеген, табигый жана химиялык заттардан даярдалган аралашмалар тамак кошулмалары деп аталат. Азыр дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө 500дөн ашуун тамак кошулмаларыколдонулат.

Тамак кошулмаларынын кесепетин, кошуу өлчөмүн БУУнун алдындагы тамак кошулмалары боюнча эксперттердин бириккен комитети (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көзөмөлдөйт.

Адамдын жана анын келечек муундары үчүн келтирген зыяны илимий далилденген тамак кошулмаларын өндүрүүгө тыйуу салынат. Тамакка кошулуучу заттар анын технологиялык эффекти үчүн  минималдык өлчөмдө гана кошулуусу зарыл.

Эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган тамак-аш коопсуздугун камсыздаган жана дүйнөлүк соодага ыңгайлуу «Кодекс Алиментариус»  («Codex Alimentarius» «Тамак-аш кодекси») документинде тамак кошулмалары төмөндөгү аталышта катталган:

Бойоктор (Е100 – Е182) табигый, синтетикалык жана  минералдык (органикалык эмес) тамак азыктарына керектүү түстүү берүү, аны күчөтүү жана сактоо үчүн  жалгыз жана аралашма түрлөрүндө колдонулат. Мөмө жана жемиштердин ширелери,кофе, какао, шафран, куркума, паприка жана башка өсүмдүктөр бойокко кирбейт. Азыктын түсүн калыбына келтирет жана күчөтөт.

Е120  –   Кармин (Carmines).Бойок. Харам. Курт-кумурскалардан, кошениль кенесинин канынан алынат. Ичимдиктерге, суусундуктарга, торт, балмуздак, ж.б. кондитер азыктарына кошулат.

Е132  –  Индигокармин (Indigotine). Бойок. Күмөн. Жаныбарлардан   да алынуусу мүмкүн. Ичимдиктерге, суусундуктарга, кондитер азыктарына кошулат.

Консерванттар, кислоталар, негиздер жана туздар(Е200 – Е299 )тамак азыгынын кычкылдуулугун өзгөртүү, азыктын щелочь гидролизи жана тамактын сакталуусун камсыз кылуу үчүн колдонулат. Азыктардын сактоо мөөнөтүн узартат.Буларды сүт, май, ун, балдар тамагын өндүрүшүндө иштетүүгө тыйуу салынат.

Антикычкылданткычтар (Е300 – Е399)тамактын, май азыктарынын  кычкылдануусун алдын алуу үчүн колдонулат.Ачып кетүүдөн сактайт.

Стабилизаторлор, коютуучулар, текстуратолор жана жууручу агенттер(Е400 – Е499) даяр азыкта белгиленген консистенцияга жетишүү жана аны кармап туруу үчүн колдонулат.Азыктын берилген консистенциясын сактайт.

Е422  –  Глицерин (Glycerol). Нымдуулукту кармоочу агент, койутуучу. Күмөн.Жаныбарлардан   да алынуусу мүмкүн.

Е441  –Желатин (Gelatin). Койутуучу, стабилизатор, желирующий агент.  Харам.Жаныбарлардан алынат. Айтмакчы, эгер уруксат берилген, шариат талаптарына ылайык союлган  жаныбардан, деңиз өсүмдүктөрүнөн алынганы адал.

Е471  –  Май кислоталарынын моно- жана диглицеридтери (Mono-  and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472а  –  Глицерина, уксус жана май кислоталарынын эфири (Acetic and fatty acid asters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор.  Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472b  –Глицерина, сүт жана май кислоталарынын эфири (Lactic and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор.Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472с  –Глицерина, лимон жана май кислоталарынын  эфири (Citric and fatty acid esters of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор.Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472d  –Май жана вино кислоталарынын моно- жана диглицеридтери, (Tartaric acid esters of Mono- and diglycerides of fatty acids). Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472e  –Глицерина,  диацетилвин жана май кислоталарынын эфири (Diacetyltartaric and fatty acid esters of glycerol).Эмульгатор, стабилизатор. Күмөн.Жаныбарлардан   да алынат.

Е472f  –Глицерина жана вино, уксус жана май кислоталарынын аралашма эфири (Mixed tartaric, acetic and fatty acid of glycerol). Эмульгатор, стабилизатор.  Күмөн. Жаныбарлардан алынат.

E478 – Лактлирленген май кислоталарынын глицерини жана пропиленгликоля эфиры (Lactylated fatty esters of glycerol and propylene glycol). Эмульгатор. Күмөн. Жаныбарлардан алынат.

Эмульгаторлор (Е 500 – Е599) Табигатта аралашпоочу заттарды аралаштырат. Мисалы суу менен майды.

Е542 – Сөөк фосфаты (кальций фосфаты) (Bone phosphate) (essential Calcium phosphate tribasic). Эмульгатор, бөлтөктөнүүгө каршы жана ным кармоочу агент. Харам. Сөөктөн өндүрүлөт.

Ароматизаторлор, даамданткычтар (Е 600 – Е699) тамак азыктарына өзгөчө даам берүү үчүн колдонулат. Бирок буга спиртте демделген, көмүр кычкыл ширелер, сироптор, вино, коньяк, ликер ж.б.у.сяктуу азыктар кирбейт. Ошондой эле табигый азыктарга кошумча даам берүү үчүн сүт, нан, нак ширелер, какао, кофе жана чай колдонууга тыйуу салынат. Ароматизаторлорду бузулган азыктын даамын оңдоого колдонулбайт.

Көбүк баскычтар(Е 900 – Е999)Көбүрүүнүн алдын алат жана токтотот.

Глазирователдеразыктардын бетин жылтыратуу жана жылмалоого колдонулат.

Е904 – Шеллак (Shellac). Глазирователь.  Харам. Курт кумурскалардан алынат.

Ун жана нан сапатын жакшыртуучуларундун нан жана башка ун азыктарына керектүү сапатын көтөрүү үчүн колдонулат.

Е920 – Цистеин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cysteine, L-, and its hidrochlorides – sodium and protassium salts). Ун жана анан жакшыртуучулар. Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.

Е921 – Цистин, L- жана анын гидрохлоридтери – натрий жана калий туздары (Cystine, L-, and its hidrochlorides –sodium and potassium salts). Ун жана нан жакшыртуучулар.  Харам. Адамдын чачы, жүндөрү, тоок перисинен өндүрүлөт.

Тамак азыгынын даамын күчөтүүчү, модификациялоочулар тамак азыгынын даамын көзөмөлдөгөнгө колдонулат.

Шириндетүүчүлөр кант азыгынан алынбаган тамакка таттуулук берчү заттар. Көбүнчө энергетикалык баалуулугу төмөн жана атайын медициналык көрсөтмөгө ылайык даярдалган  диетикалык тамактарга колдонулат. Кант диабети менен ооругандарды эске албаганда бул заттар балдар тамагына колдонууга тыйуу салынат. Коомдук колдонууга өндүрүлгөн таттуулуктар курамы жана колдонуу тартиби чапталган сырт кагаздары меен камсыздалуусу зарыл.

Көп атомдуу спирттен турган (сорбит, ксилит ж.б.) сырт кагазына «Суткасына 15-20 граммдан ашык колдонуу алсыздандыруусу мүмкүн», ал эми курамында аспартам болсо «Фенилаланиндин булагы бар» сымал эскертүүлөрү болуусу керек.

Е951 – Аспартам (Aspertame). Таттуулоочу, даам күчөтүүчү. Күмөн. Кош бойлуу, эмизген аялдарга жана фенилкетонурия менен ооругандарга сунуш кылынбайт.

Е 1000 жаңы топ, ширелер жана кондитер азыктары үчүн таттуулуктар, ун, крахмал үчүн керектүү заттар.Кант жана тузду сактоого керектүү заттар.

Е1000 – Холевая кислота (Cholicacid). Эмульгатор.  Харам.

Е1001 –Холин, туздар,эфирлер (Cholinesaltsandasters). Эмульгатор.  Харам.

Е1100 – Амилаздар (Amylases). Ун жана нан жакшыртуучулар.  Харам.

Е1101 – Протеаздар (Proteases), Протеаза (Protease), Папаин (Papain), Бромелайн (Bromelain). Фицин (Ficin). Ун жана нан жакшыртуучу, стабилизатор, эт, балык бышуусун тездетүүчү, даам күчөткүч.Харам.

Е1102 – Глюкозооксидаза (Glucoseoxidase). Антиокислитель.  Харам.

Е1103 – Инвертаздар (Invertases). Стабилизатор.  Харам.

Е1104 – Липаздар (Lipases). Даам күчөткүч.  Харам.

Е1105 – Лизоцим (Lysozyme). Консервант.  Харам.

Е1200 –АиN полидекстроздору (PolydextrosesAandN). Толтуруучу, стабилизатор, койутуучу, ным кармоочу агент, текстуратор.  Харам.

Эл аралык маркировкасыз топтор: Хитозан,гидрохлорид хитозония-толтуруучу, койутуучу, стабилизатор. Харам.

Иритпөөчүлөр, катырбоочулардан, кант азыктарын өндүрүштө алардын жатып, үйүлүп катып калуусуна каршы колдонулат.

Түс кармоочулар азыктардын табигый түсүн кармап турууга колдонулат.

Толуктоочулар, эритүүчүлөр катуу, суйук жана кум сымал азыктарды өндүрүшүндө колдонулат.

Тамак кошулмалары  бир жана бир канча заттардан туруп, төмөнкү класстарга бөлүнөт:

  • кислоталар, негиздер жана туздар;
  • консерванттар;
  • антикычкылданткычтар;
  • иритпөөчү кошулмалар;
  • туруктуу кармоочулар, эмульгаторлор,коюлтуучулар жана аралаштыруучу агенттер;
  • ун жана нанды жакшыртуучулар;
  • бойоктор;
  • түс кармоочулар;
  • глазирователдер;
  • даамдандырчулар жана тамак даамын күчөкүчтөр;
  • таттууландыруучулар;
  • толтургучтар;
  • ароматизаторлор.

САК БОЛУҢУЗДАР!

Е120  –   Кармин (Carmines).Бойок. Харам. Курт-кумурскалардан, кошениль кенесинин канынан алынат. Ичимдиктерге, суусундуктарга, торт, балмуздак, ж.б. кондитер азыктарына кошулат.

Е441  –Желатин (Gelatin). Койутуучу, стабилизатор, желирующий агент.  Харам.Жаныбарлардан алынат. Айтмакчы, эгер уруксат берилген, шариат талаптарына ылайык союлган  жаныбардан, деңиз өсүмдүктөрүнөн алынганы адал.

Запись Күмөн жана арам азыктардын тизмеси впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү бир дайранын жээгинде даарат алып жаткан эле. Сууда бир алманы көрөт. Даарат алып болуп, сууда чирип кете турчу бул алманы алып жейт. Бирок, түкүрүгүндө кан көрөт. Бул убакка чейин мындай абалга туш келбегендиктен түкүрүгүндөгү кандын ушул жеген алмадан улам болгондугун божомолдойт. Жегенине өкүнөт. Алманын ээсин таап, кечирим сурап ыраазылыгын алуу үчүн дайраны бойлоп басат. Акыры барып жеген алмага окшогон алма бакка туш келет. Ээсин сурайт. Бул заттын абдан жоомарт, жакшылыктуу адам экендигин, жада калса, бактагы алмаларды түгөл жыйнап алып кетсе да эч нерсе дебей тургандыгын, бир алма үчүн убара тартуунун мааниси жоктугун айтышат. Буга карабастан алманын ээсин табат, окуяны түшүндүрүп же акчасын алуусун, же акысын адал кылып, ыраазы болуусун суранат.
Алма бактын ээси бул жаш жигиттин абалын карап, такыбаалыгынын чын-жалганын билиш үчүн мындай дейт:
– Жеген алмаң үчүн эмне бересиң?
– Алтын-күмүш, эмнем болсо берейин.
– Мен алтын-күмүш каалабайм, бирок, эгер кыяматта сага доочу болуумду каалабасаң сага бир сунушум бар, аны кабыл кылышың керек.
– Сунушуң эмне?
– Орундай турган болсоң айтайын…
– Исламиятка туура келсе орундай алам.
– Сокур, дүлөй, тилсиз жана колу-буту шал болгон бир кызым бар, аны менен үйлөнүүгө макулдук берсең ошондо гана бул алманы сага адал кылам.
Сабит хазреттери акыретке кул акысы менен кетпөө үчүн бул сунушту кабыл кылат. Нике той даярдыктары көрүлөт. Сабит хазреттери биринчи түнү бөлмөгө киргени менен чыкканы бир болот. Дароо кайын атасына жүгүрүп барып: «Ата, бул жерде бир жаңылыштык бар сыяктуу, бөлмөдө сиз айткан сыпаттагы кыз эмес таптакыр башка бири отурат!» – дейт. Кайын атасы күлүмсүрөп: «Балам, ал менин кызым, сага адал болгон кыз. Мен сага аны сокур деп айткан болсом, ал эч качан арам нерсе көргөн эмес. Дүлөй деген болсом, ал эч качан арам нерсе уккан эмес. Тилсиз деген болсом, ал эч качан арам нерселерди сүйлөгөн эмес. Шал деген болсом, ал эч качан арам жерлерге барган эмес. Бар эми адал жубайыңдын жанына бар, Аллаху Таалаа мубарек жана бактылуу кылсын.»
Мына ушул үйлөнүүдөн, б.а., ушундай эне-атадан Имам Азам Абу Ханифа дүнүйөгө келген.

Шемседдин Сивасинин Менакых-и Имам Азам аттуу эмгегинен алынган.

Запись Алманын ээсин издеген жигиттин окуясы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Буудайга гендик аргындаштыруу менен кирген арам, анан тегирмендеги, андан ары  кондитердик фабрикалардагы  белгисиз кошулмалар аз келгенсип, эми арамдаштыруу навайчыларга жетти. Кайсыл жерге барба, үйдө тандырга нан жапкан келин жок, баары нанды навайдан алат. Кудага барса да, конок тоссо да, той кылып же сөөк узатса д. албетте дасторкондо кыпкызыл болуп бышкан, кабыгы алмадай жылтыраган навай нандары коюлат.

Анын үстүнө дасторконго отураар замат бата кылып: «Кана нанга караңыздар» - дейт кыргызда. Анан ортодогу нанды алып улам сындырып коноктордун алдына койот.
Ашкана, кафелерди айтпай эле кой. Навай нандарынын түрү көп, кооздугу көз жоосун алат, жытынан шилекейиңе какап өлгөнү каласың. Бул нан коюлбаган дасторкон жок.
Бирок бул керемет нанды навайканаларда да арамга буланып жатканын баары эле биле бербейт. Тагыраагы азыр кайсы навай болбосун надын бетине жумуртканын сарысын, май же сүзмө сүртүп жылтыратат. Аны ЧОЧКОНУН ЖҮНҮНӨН БОЛГОН ЩЕТКА менен сүртөт. Ооба, навайчынын колундагы щетка кадимки эле Шариат арам деген чочконун жүнүнөн жасалат. Жумшак, коюу, нандын бетине из калтырбайт. Анан арзан дагы, кайсы базарга барба толтура.


Өткөндө, чочконун жүнүнөн жасалган щетка менен сүртүлгөн нандын өкүмү тууралуу Чубакка кайрылдым. Ал: «Ажыке, Шариат өкүмү боюнча бул нан сөзсүз арам болот» деп жооп берди. Кийин өзүнүн сабагында да бирөөлөр сураганда ушинтип жооп бериптир. Видеосу интернетте жүрөт.
Пикирлеш инилерим менен атайы ушул иш боюнча шаарга чыктык. Алгачкы эле навайканага бурулуп нанга иштеткен щеткасын сурадык. Көрсөттү. Кадимки эле биз күткөн сары щетка экен. Мунун чочконун жүнүнөн жасалаарын да билет экен. Чубактын фатвасын да угуптур. «Кимдин денесинде кыпынчалык арам болсо...» деп бир хадисти баштасам, «анын дубасы кырк күн кабыл болбойт» деп улантып да койду. Сакалы тизесине түшөт. Маселенин эң оор жери – өзү беш убак намаз да окуйт экен. Бирок алмаштырганы убактысы (!) болбоптур. Бул кандай капилет.
Дагы бир жерге бардык. Ушундай щеткасын алып чыкты. «Бул чочконун жүнүнөн жасалат» десек, «Ушундай жүндүү чочкону кайдан көрдүңөр?» деп бизди келесоодой карайт. «А сен каерлерде болгонсуң?» деп сурасам, айылынан эле Бишкекке келген жан экен. Анан телефондон интернетке кирип, көз алдында ошондой щетканы таап, анын чочконун жүнүн кырып алып жасап жаткан учурун көрсөттүк. «Азыр интернетте баарын жасап койо берет да» деди. Мына ушундай жооп менен кайттык.

Андан аркы навайканада иштегендер кунт коюп угушту. Баштарын чайкап таң калгандай да болушту. Алмаштырабыз деп убада беришти. Анан биз арамдын абалын, аны билип туруп саткан адамдын акыреттеги жоопкерчилигин түшүндүрүп, алдагы жабылып калган нандарды да сатыктан алып коюсун сурандык. Макул деп заматта ары жакка алып коюшту. Биз сүйүнүп кайттык. Бирок арадан он мүнөттөй өтпөй кайра эле ошол жол менен кайтып калдык. Кулап түшө жаздадык. Щетка да ошо, жабылган нан да ошо.
Өзүбүз эле щетка сатып алып, ар бир навайканадагы щетканы алмаштырбасак болбой калды. Базарга бардык. Эки базарга бардык. Баарында ушул щетка. Синтетикасы жок экен. Болгону да жарабайт экен. Базардагылардын бул щетканын чочконун жүнүнөн жасалаарын угуп таң калгандарын айтпа. Ишенбегендери канча. Күйгүзүп да бердик. Жыты кадимки эле күйгөн жүндөй. Бирок, бири да: «Түй ата, өлгөн тура! Мындан түшкөн акча кандай болду эми? Муну жок кылайын. Же жок эле дегенде муну нанга шыбаганы болбойт деп айтайын» дегени болбоду.
Айтаарым: Ар ким өз адалын өзү издесин. Бирөөгө ишенбесин.
Анан синтетикалык же полимер щеткаларды каерден алууну билгендер дарегин айтып коюңуздар. Аллахтын ыраазылыгын жана өзүнүн арамдан саламаттыгын каалагандар ошондой щеткаларды таап, жанындагы же билген навайканадагы чочконун жүнүн алмаштырып койсун. Болгону 70 сом турат экен.


Мыктыбек Арстанбек, 20.05.2016.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Жакында эле Түркмөнстанда чылым сатууга толугу менен тыюу салынды. Бирок байкоочулар тамеки сатылбай калганы Борбор Азияда насыбайдын соодасы кызыганын айтышууда.

Кыргызстанда ушу таптка насыбайдагы уулуу заттар саламаттыкка олуттуу залака тийгизет деген жүйө менен, ага тыюу салуу сунушталууда.

Насыбай ден соолукка кандай зыян алып келет? Анын курамындагы заттар тууралуу илимий далилдер барбы?

Бул суроолорго жооп алардан мурда Бишкектеги Ош базарына барып, насыбай сатуучуларга жолуктук. Алардын бири Анарбай Ормонов азыр 66 жашта. Ал насыбай чеккенине быйыл туура 50 жыл болгонун айтты:

Насыбай саткан жер
Насыбай саткан жер

- Муну сатканыма эки жыл болуп калды. 50 жылдан бери тартам. Өзүмдүн кайсы жерим ооруйт айтпай эле коёюн, бирок бир мисал келтиргим келет. Маселен, көптөр азыр насыбай рак оорусун пайда кылат, эркектерди тукумсуз калтырат дешүүдө. Бирок мен Тажикстанды эле мисал келтиргим келет. Ал жакта эркектердин дээрлик 80 пайызы насыбай атат. Эгер тукумсуздук насыбайга байланыштуу болсо, анда азыр алардын саны бизден көп болмок эмес да? Анан рак менен оорутат дешет. Муну кайсы лаборатория, кайсы окумуштуу изилдептир? Аныктамасы барбы? 

Адистердин айтымында, ушу тапта нысыбайды мектеп жашындагы балдар да тартууда. Бирок алардын бул заттын зыяны тууралуу маалыматы барбы? 12 жаштагы Султан аттуу окуучуга ушул суроону бердик:

- Мугалим эжелерим түшүндүрүп берген: насыбай рак оорусун пайда кылат экен. Мектептен чоң балдардын бири-бирине берип жатканын көрүп эле жүрөм. 9-10-класстын балдары дааратканада отуруп чегишет. Мен оозума салып көргөн эмесмин. 

Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиология мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов азырынча насыбай курамындагы заттарды изилдей турган лаборатория Кыргызстанда жоктугун билдирди. Анын айтымында, мындай лаборатория жакынкы күндөрү Орусиядан алынып келет.

Так анализ жок

Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча координатору Чынара Бекбасарова насыбай курамындагы заттар тууралуу мындай маалымат берди:

Насыбай
Насыбай

- Насыбай​дын ичинде тамекиден тышкары ага кошула турган заттар бар. Ал эми кайсы жакта жасалганына жараша болот. Маселен, түндүк аймактар менен түштүктө жасоо ыкмалары ар башка. Кээ бирлери акиташ, айрымдары күл кошот экен. Тилекке каршы, азыр насыбайдын курамындагы заттар тууралуу колубузда так анализ жок. Кандай уулуу заттар бар экенин билбейбиз. Мына ушул кырдаалдын өзү опурталдуу. 

Насыбайдын курамындагы заттар тууралуу аны тыюу демилгесин парламентке көтөрүп чыккан депутат Махабат Мавлянова батыш лабораторияларынын иликтөөлөрүнө таянып, Жогорку Кеңеште буларды айткан:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюмунан уруксат алган Стокгольмдогу лаборатория изилдөө жүргүзүп, анын курамындагы химиялык заттарды аныктаганда хромдун көлөмү нормасынан 16-18 эсе, никель 4,6 эсе, ал эми мышьяк болсо 86 эсеге көп болуп чыккан.

Бирок базарда насыбай соодасы менен алектенген Улан мындай аныктоолорду эмнеге Кыргызстанда ишке ашырбай туруп чет элдик лабораторияларга таянышат деп суроо коёт:

- Мурда тооктун заңы кошулат дешчү, кийин төөнүкү да кошулат деп айта башташты. Аларды укканда өзүбүз да таң калып кетебиз. Чычкан өлтүргөн мышьяк да бар дешет. Андай болсо адамдар өлүп калбайт беле? Алгач бул жакка келип, биздин насыбай​ды анализдеп көрүшсүн да. Анан жыйынтык чыгарышсын. Кадимки тамекиге эле күл аралаштырып жасайбыз. 

Насыбай ооз менен ашказанга зыян

Курамындагы заттар тууралуу так маалымат алалбасак да, дарыгерлерден анын пайда-зыяны тууралуу сурадык. Адистердин айтымында, насыбайдан ооз көңдөйү жабыр тартат.

Нурлан Бримкулов
Нурлан Бримкулов

Бишкектеги №3 стоматологиялык бейтапкананын башкы дарыгери Марат Нурдинов насыбай чеккен адамдын оозунан жагымсыз жыт уруп турарын айтты:

- Насыбайга акиташ кошушат. Аны эми баарыбыз эле билебиз да. Колдун терисине тийгенде оюп кетет. Тиштин түбүнө же тилдин алдына салганда да ооздун былжыр челин күйгүзүп жиберет. Тиштин түбүн чиритип, ар кандай таштардын чогулуусун шарттайт. Ооз көңдөйү чирип, ал бара-бара ракка айланат. Тиштин эмалын бузуп, саргайтып жиберет. Насыбай тарткан кишинин оозу сасып турат. Айла жок дарылайбыз. Бирок ал дарылоо эч кандай жыйынтык бербейт. 

Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор Нурлан Бримкулов болсо чылым тартуу көбүнчө адамдардын өпкөсүн жабыркатса, насыбай ашказан менен ичегини талкалай турганын айтты:

- Насыбай ашказан, ичеги карындын ар түрдүү ооруларын козгойт. Ракты пайда кылат. Чылым тартканда өпкө, дем алуу органдары жабыркаса, насыбай ооз көңдөйүн, ичеги-карынды талкалайт. Насыбайды даярдоонун эч кандай санитардык, тазалык нормаларын сактоо тууралуу эрежелер жок. Аны жасоодо жаныбарлардын кыгы, ар кандай кир заттар кошулгандыктан, жугуштуу оорулардын да өөрчүшүнө алып келет.

Борбор Азияга эле таандык болгон бул байыркы затка көнүп, аны чегүүнү адатка айландырган өспүрүмдөр көбөйүүдө. Чылымды мектеп окуучуларына сатууга тыюу салынганы менен насыбай көзөмөлгө алына элек.

Аны даярдап, сатып пайда тапкандар болсо эгерде мамлекет бул заттын зыян экенин далилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде өткөрсө, башка жол менен акча табууну деле өздөштүрмөкпүз дешет.
Бактыгүл Чыныбаева,
"Азаттык"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстанда насвай жасагандарга,саткандарга 50 миңден 90 миңге чейин айып пул салуу сунушталууда

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттын айтымында насвайды өндүргөндөргө  жана саткандарга административдик жаза колдонулуп, жарандарга 5000 сом, юридикалык жактарга 50 000сом айып пул салынат. Эгерде, айып пул салынгандан кийин деле насвай менен иш кыла берсе анда, жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 90 миң сом айып пул салынат.


fakt.kg
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Республикада дары менен малды тез семиртип саткан ишкерлер арбын. Адистер мындай жол менен багылган малдын эти ден соолукка зыян экенин айтып келишет. Бирок муну токтотууга көзөмөлдөө органдарынын чамасы жетпейт.


Кара малдын ичинен буканы семиртип багуу башка малга салыштырмалуу кирешелүү. Ошондуктан соодагерлер этти арбын берген букага басым жасашат. Негизинен буканы табигый жол менен семиртүү жашына, эттүүлүгүнө жараша беш айдан сегиз айга чейин созулат. Бирок акыркы учурда ар кандай кошумча заттар, гормон саюу менен малды кыска убакытта семирткен эргулдар көбөйдү.
Карыянын кеби
Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында калктын көпчүлүгү, айрыкча даргин тектүүлөр бука бордоп, сатып оокат кылышат. Жашы алтымыштан ашып калган Сарда аттуу карыя мындан эки-үч жыл мурун айылда буканы тез семиртип саткандар арбын болгонун айтып отурду:
- Мен ушул айылда туулуп-өскөм. Кимдер эмне иш кылат жакшы билем. Мен да бука багам, бирок дары колдонбойм. Букаларды дары менен чоңойткондор мурда абдан көбөйгөн. Азыр андай жок окшойт. Себеби, мечиттерден андай нерсе арам экени айтылган.
"Дарыны кожоюн өзү берет"
Анан айылдын четинде жайгашкан сарайларга жөнөдүк. Катар тизилген алты-жети сарай. Мында көп жылдан бери мал бордолорун тоодой үйүлгөн кыктан эле байкаса болот. Биз баш баккан сарайда 300дөй бука байланып турган экен. Букалардын алдын тазалап, чөп салып жүргөнКубат аттуу малчы буларды божурады:
- Алдын тазалап, жем-чөбүн салып жатам. Буларды тынбай карап туруш керек. Азыр букалар жаңы эле алынып келди. Эми буларды семиртүүгө беш ай кетет. Дарыны букалардын ээси келип өзү берет. Мен билбейм, чөп-жемге болгон суктугун ачкан сыяктуу дарыларды берет го. Азыр ээси жок, алар айылда болушат.   
Уй сарайУй сарай
Жанындагы сарайда иштеген, өзүн Сагынбек деп тааныштырган малчы дагы кепке кошулду:
- Буканын ээлери бул жакта эмес, алар айылда болушат. Азыр силерге “мен буканы гормон берип багам” деп эч ким айтып бербейт. Илгери көп болчу, учурда жашырып багышат. Менин Нарындан келгениме төрт жыл болду. Ошол кезде көп болчу. Кытайдын дарылары сатылчу. Аны жемине кошуп же ийне менен сайып коюшчу. Тыржыйган немелер үч-төрт айда лөкүйгөн букага айланат. Эми ал дарылардын түрлөрү көп, жүрөгүн начарлатат, табитин ачат дегендей.     
Жем-чөп менен эле семиртебиз
Бирок биз айылдан кезиктирген ишкер Шабан Илдаров малчылар айткандарды жокко чыгарды. Көп жылдардан бери мал менен иштеген Шабан бул айылда малды таза жол менен семиртип сатарын айтты: 
- Мен букаларды Казакстанга же жергиликтүү дүкөндөргө союп сатам. Азыр эми союз убагындай тоют жок. Колдо бар арпа, буурчак сыяктуулар менен жем даярдайбыз. Экспарцет беребиз. Жалпы жонунан күнүнө жети-сегиз жолу чөп салынат. Ээн-эркин жүрбөйт, дайыма байланып турат. Ошондой эле алды таза болушу керек. Кышкысын жылуу суу берилет. Негизи жем-чөбүн убагында берип турсаң эле бардык мал семирет. Ал эми дары берип этин көбөйтөт экен дегендер болбогон кеп. Биздин айылда андай жок. Илгери эле тыюу салынган.
Мал доктурлардын малды эмдөө учуруМал доктурлардын малды эмдөө учуру
Акыркы жылдары ишкерлер тез арада малды семиртүү үчүн гормон саюуну колдонуп жатканын көзөмөлдөө органдары деле айтып келишет. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө сатылып жаткан эттин курамындагы гормон жана гендик модификацияланган заттарды текшере турган лаборатория толук иштебейт. Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысыКалысбек Жумаканов буларга токтолду.
- Эми мурда ветеринария тармагы башаламан болчу. Азыр иретке келтирели деп атабыз. Айылдардагы жеке менчик ветеринарларга укук берип, аны менен кошо жоопкерчиликти жүктөйбүз. Эгерде ал караган аймактагы малдан бир нерсе чыкса, ошол киши жооптуу болот. Чынында азыр мал кандай бордолуп жатат билбей жатабыз. Бирок биз айткандар ишке ашып кетсе, ветеринарлар көп мал бордолгон сарайларды кыдыра алат.
Айрыкча шаар тургундары сатуучу айткан сөзгө гана ишенип эт алууга аргасыз. Базардан таза эт менен ар кандай кошумча заттарга бордолгон малдын этин айырмалоо кыйын. Шаар тургуну Келдибек Асановбазардагы эттин сапатына нааразы:
- Эми базардан баары эле мактай беришет. Бир жолу уйдун эти деп алгам. Үйгө барып бир кайнаткандан кийин эле шорпосу башкача даамданып калды. Дарыга семирген малдыкы шорпосунан билинет экен. Шорпосун бир төгүп анан көпкө кайнатып жедик. Араң алган этти ыргытмак белек.  
Дары менен семирген мал ден соолукка зыян
Адистер малдын жасалма жол менен семиртилген эти адамдын саламаттыгы үчүн өтө зыян экенин белгилешүүдө. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин тамак-аш инженерлигинин окутуучусу Анарсейит Дейдиевге бир нече суроо менен кайрылдык:
Ат-Башынын базарыАт-Башынын базары
"Азаттык": Малды тез семиртүүчү дары-дармек кайдан келет?  
Анарсейит Дейдиев: Мен билгенден Кытайдан келет. Мындай дарылар ар кандай ат менен эле сатыла берет.  Дарылардын курамында химиялык заттар кошулган. Булар малды тез арада эттентүүгө жана кошумча салмак басууга жардам берет.    
"Азаттык": Өлкөдө эт менен иштегендерге мындай тажрыйба качан келе баштаган?
Анарсейит Дейдиев: Эми аны так айтууга болбойт. Бул Орусияда тыюу салынганы менен аларда деле жаап-жашырып багып жатышат деген маалымат бар. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда деле ишкерлер жакшы киреше табуу үчүн колдонушат.
"Азаттык": Ушундай жол менен багылган малдын эти адам саламаттыгына кандай таасир тийгизет?
Анарсейит Дейдиев: Эң аз тийгизген таасири адамда аллергия пайда болушу мүмкүн. Ал эми эң чоң таасири билинбей эле рак ооруларын күчөтүп жиберет. Дарыга кошулган химиялык заттардын курамына жараша толтура ооруларды чакырат.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суткордук туурасында. Учурда чатыр тигип, учурунда сутка банктан акча алып, анын туумун толой албай, жашаган уйун алдырып, заманасы куурулган кудайдын пенделери баарыбыздын конул чордонунда. Тан эрте багымдатка даарат алып жатып, кундун сууп калганын баамдап, чатырдагы кандаштарым эмне болду экен деп убайымданам. Эмнеге ушул ахыбалга туштук? Эмнелер себеп болду? Эмне кылуу керек?...деген суроолоор эбедейимди эзип бутту..  
Ыйык Куранда суткордук туурасында мына булар айтылат: "Суткордук кылган пенделер Кыямат куну кабырдан жин тийип, эси эндиректеген, акыл учунан кеткен абалда турушат. Бул азап алардын: (Суткордук соода сыяктуу эле адал!), деген созу учун, ынанымы учун, кылган суткордугу учун берилген жаза. Чындыгында Кудай Таала сооданы адал кылып, суткордукту арам кылган. Кимге Кудай Тааланын(Суткордук арам!)деген буйругу жеткен учурда, Кудайдын буйругуна моюн сунуп суткордукту токтоткон болсо, буйрук жеткенге чейинки жегени Аллах Таала тарабынан кечирилет. Мындан кийинки иштери Кудайга тапшырылат Ал эми ким кайрадан суткордукка кайтса тозок ээлеринен болоор. Андайлар тозокто туболукко калышаар."(Бакара:275)

 Пайгамбарыбыз алайхи салам суткордук, пайызга акча алуу туурасында мындай дейт: 1."Пайыз жегендер (м:банк ээлери), пайыз жедиргендер (суткордукка акча алгандар),алардын бул иш чарасына кубо болгондор (банкта иштегендер), документтештирип жазгандар (нотариуста иштегендер, катчылар).... Мухаммад алайхис саламдын тили менен каргыш Суткордуктун зыян залалдары:

1.  Пайызда жеген пенде Аллах Тааланын ырайымынан куулуп, Кудай Таалам мене эн пайгамбарыбыз алайхис саламдын согушуна дуушар болот.

2.   Сүткордук коомду ичтен иритип,  ыпластыкты жайылтат. Үй бүлөлөрдү бузуп, наристелердин көз жашын агызат.

3.  Пайыз жеген., жедирген,  күбө болгон, каттап жаздыргандардын баары тең  күнөөкөр.   Кудай Тааламдын мээриминен кур жалак калышат.

4.  Пайгамбарыбыз көп учурда сойкулук менен сүткордукту катар коюп, экөөн тең  коомдук  маанидеги күнөөлөр катары айыптайт. Кооомго терс таасирин тийгизет.

 5. Сүткордук жүрөктөргө кекчилдикти алып келет, жүроктон мээрим менен жумшактыкты алып кетет.  Бир туугандык сезимдер жабыркап,  кайрымдуулук өлөт.  Коомчулуктун биримдиги бузулат.

 6.  Сүткор пенденин акыбети оңбойт.

Чубак ажы Жалилов

(Бактылуулуктун формуласы китебинен)
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Уят бул  акырын гана " сени бироо карап турат" -деп кулагына шыбырап тууручу дообуш. Биз адамзат ушул уят ,уят болот,уят экен, уятты билсен , уятын барбы  деген создор менен озубузду тыйып келебиз. Адамзаттын уяттуу болуусу бардык жаман иштерден тыйып турат.

Уятты сыйрылган адамдан жамандыктын баарын кутууго болот. Элибизде уят ,намыс деген сезимдер ото бийик болгон . Уятсыз адамды адамдык сыпаттан чыгарып ,анын жанына барыштан да ийменишкен. "Уялбагандан озун уял"деген эки ооз создун ичинде элэ бутундой бир филасофия жатат. "Уят -олумдон каттуу" ,"Уятымдан олойун десем жан татту,кирейин десем жер катуу","Коёнду камыш олтурот,жигитти намыс олтурот"деген создор бекеринен айтылган эмес. Адам кандай жаман иш жасабасын ,анын башы уятсыздык менен байланышып турат. "Уятсыз дыйкан жерсирээк,уятсыз катын эрсирээк" ,"Аял унду эркектин кубаты жок,эркек ундуу аялдын уяты жок" деген сыяктуу маанилер менен уятсыздыктын  белгилерин элэбизде айтылып келген.

Негизинде уяттуулук -эки турдуу болот. Жараткан Алланын алдында уялуужана пенделерден уялуу болот. Жогорудагы айтылып откон макал создор ,эн туура,мааниси терен ,адамзаттын журогуно тийе турган ,адашуудан,адепсиздиктен кайтара турган создор билгенге!

Бирок ушул уят деген соз ,уяты бар адам учун олумдон катуудур,уяты жок адам учун жон гана кулак сыртында калуучу маанисиз соз сыяктуудур. Азыркы биздин жашообузга коз чаптырып карап королу. Уяттуулук уй булоодон башталат,ата эне тарбиясынан ,алардын балдарга уяттын эмне экенин эскертип туурудан да болот. Кээ бир уй булоолордо ата эне алдында мисалга алсак : "Паап,это мой парень" ,"Я хочу туалет"-деген создорду балдарыбыз оозу мурду кыйшайбай элэ айтып калышты. Бул жерде уй булоодо сый урматты сактап турган негизги фактор -уяттуулук туп тамырынан кыркылып бара жатканы корунуп турса да ,кээ бироолор учун муну "жетишкен маданият" катары  эсептешет. Бирок бул жерде сый урматтын жок болуп кете жатканын сезишсе да  окунучтуусу конул бурбай калдылар.

Бул "жетишкен маданият"-деген ушунча тамыр алды дейсин ,кыздарыбыз бул созду жешим катары коруп оз денелерин сатуудан уялбай элэ калышты. Окунучтуусу кыргызстаныбыз кичинекей калкы аз эл болсок да ,кыргыз кыздарынын ушул ишке барып жатканы ,(жакында элэ,бир сойку канада ,ачылгандан бери 50 000 ге жакын кыз иштегени маалым болду ) муну укканда журогун канап,зээнин кейип кетет. Ушунчалык элэ биз УЯТ деген создун алдында алсызбызбы? Эмне учун эми ушул жийркеничтуу жол менен? Эмне учун ?   деп суроонун жообун таба албай кала берет экенсин.   Бул да динден кабыры жоктуугунан, дин менен жашабагандыгынан, Аллахты тааныбагандан болуп жатпайбы.

Ал эми ак сакалдуу аталарыбыз, агаларыбыз,жашы жетелек инилерибиз ,Арак деген атын очкурдун алдында Уяттулуктуу жоготуп койушту. Уятттуулук жаман иштин башаты дегендей,арак да уяттсыздыктын жан досудур. Ак сакалдуу аталарыбыз уят дегенди жыйыштырып ,атын очкур аракты ичип алып ,кочолордо калпагы кыйшайып ,балдарыбызга нассат айткандын ордуна  ,ооздорунан бата эмес ,арак жыттанып согуш чыгып турса,сакалдарынан береке эмес ,арак тамчылап турса  бул деген кандай гана уятсыздык.  Бул корунушторду коруп туруп ,окунуудон жан кейиткенден башка айла жок.

Биз Кыргызбыз бирок мусулманбыз. Мусулман болгондон кийин ,мусулмандык парзыбызды аткаралы. Аллах жолуна тушоолу ,дин менен жашап ,динди терен уйронуп озубузго сабак алалы. Бул УЯТ сыздыктан алыс болуунун жолу Аллах жолудур. Дин менен жашоодо тыйылуу деген бар. Уят бул озун жаман иштерден тыйу болот. Ошондуктан  мусулман бир тууганым , уяттуу болом десен Аллах жолун танда ,дин менен жаша , эч качан окунбойсун, эч качан адашпайсын,эч качан жузун жер карабайт.  Абу Хурайра (Андан Алла ыраазы болсун) риваят кылган хадисте. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам салаваты болсун)

"Уялуу -ыймандуулуктан,ыймандуулук -Бейиште. Уятсыздык -мунафыктыктан,мунафыктык-Тозокто "деген .(Абу Дауд).
 Уят деген создон алыс бололу ,Аллах ар бир пендесине хидаят берсин.

Насиба Абдуллаева, "БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ".
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 Адам баласынын негизги кол тийбестик акы-укуктары бар. Булардан бири – мал-мүлккө ээ болуу укугу. Адам баласы өз аракети менене эмгек кылып мүлк топтойт. Бирөөнүн мал-мүлкүнөн уруксатсыз алууга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан уурулук чоң күнөө. Уурулук – бул бирөөнүн мал-мүлкүн ээсинин ыраазылыгысыз же уруксатысыз алуу. Бул деген адамдын негизги акы-укуктарынын бирине, мал-мүлкүнө карата жасалган кол салуу. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы (адамдык кадыры) мусулманга арам» деген. Башкача айтканда, эч ким бирөөнүн жанына, ар-намысына зыян келтирүүгө, бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз алууга укуктуу эмес. Уурулук коомдо башаламандыктын жаралышына эң иридеги себептердин бири десек эч жаңылышпайбыз. Эгер уурулукка карата коомдук чаралар көрүлбөсө, элдин мал-мүлкү да, адамдардын өмүрү да ар дайым коркунучта болот. Мунун мисалдарын бүгүнкү күнү күнүмдүк турмушубузда көп эле кездештирип жүрөбүз. Уурулуктун айынан канчалаган адамдар мал-мүлкүнөн ажырап, канчалаган адамдар бөөдө көз жумуп жатышат?! Уурулук кылуу - чоң күнөө, арам. Куранда: «Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Алланын жазасы. Алла – Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң тооба кылып жакшылык иштерди жасаса, Алла аны кечирет. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!» (Маида сүрөсү, 38-39) деп буюрулат.

   Уурдалган мал-мүлктү биле туруп сатып алууга болбойт. Себеби мунун өзү да арам болуп эсептелет. Ислам дини адамды уурулук кылууга түртпөй турган шарттардын түзүлүшүн даярдоого буйуруп, бул багытта негизги талаптарды койгон. Мусулман адам бирөөнүн мүлкүн уруксатсыз алуунун арам жана адам укугу болгондугун билет. Бирөөнүн акысына сугу өтүп шыпшынбайт. Ал адал-арам дегенди түшүнөт. Мына ушул түшүнүгүнөн улам ал ар дайым бул багытта өтө аяр, кылдат мамиле жасайт.

   Мусулман баласы эмгекчил болушу керек. Ал өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да материалдык муктаждыктарын камсыз кылуунун өзүнчө ибадат болгондугун жакшы билет. Ал жалкоолуктан жаа бою качат. Иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын муктаждыгы эң жакын туугандардын мойнундагы милдет. Аны жалгыз таштап койуу адамгерчиликке да, шариятка да жатпайт. Асыресе, Ислам дини бай адамдардан мал-мүлкүнүн 2,5 пайызын зекет иретинде алып, аны кедейлеркембагалдарга, жарды-жалчыларга, карызы барларга, жолдо калгандарга жардам катары берет. Исламда жардамдашуу муну менен гана чектелүү эмес. Алла Таала мусулмандарды зекеттен тышкары кембагалдарга, муктаж адамдарга өзүнчө жардам берүүгө, кайыр-садага берүүгө, карыз акча берүүгө чакырат. Ошону менен бирге мамлекет же коом муктаж адамдарды жолго таштабашы керек. Ардактуу Пайгамбарыбыз: «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам момун эмес» (Хаким, II, 15) деген. Мына ушундай түшүнүктөр менен жашаган мусулман коомчулугунда арийне, эч ким уурулукка барууга аргасыз болбойт. Ошентсе да муктаждыктары баары жайында боло туруп уруулукка барган адамга оор жаза колдонулат. Бул жаза адам укуктарынын корголушу үчүн абадай зарыл.

Абдуррахман Хачкалы, Теология илимдеринин доктору
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Биз бул жерде адал болгон жаныбарлардын бир бөлүгүн гана тизмелейбиз. Адал жаныбарлар муну менен гана чектелүү эмес. 1. Уй, топоз, кой, эчки, төө, тоок, коен, өрдөк, каз, үндүк сыяктуу үй жаныбарлары. 2. Кийик, тоо эчки, жейрен, аркар, кулжа, зебра жана жапайы уй түрүндөгү жаныбарлар. 3. Көгүчкөн, бөдөнө, кекилик сыяктуу канаттуулар. 4. Жылкынын эти адал. Имам Азамдын пикиринде, макирөө. Ал эми Имам Азамдын шакирттери Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикиринде, аттын эти макирөө эмес.
Технологии Blogger.