Halloween party ideas 2015

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Му­хаммад пайгамбарыбызга салам-ду­балар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, бу­лардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үй­дүн түркүгү аял заты. Ошондуктан улуу сөздө “Эне – бул, мектеп” деп айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыйман­дуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А баш­калар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даа­мына келтире албайсың” деп айты­лат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учур­дан баштап берүү зарыл? Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каала­ган эне тарбияны бала төрөлө элек­те баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

  1. Эне көбүрөөк Куран окуш ке­рек. Эгер окуй албаса окулган Ку­ранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акыл­дуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.
  2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Иба­дат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсакта­гы бала да эс алып, жакшы жетилет.
  3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Не­гизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жа­шаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.
  4. Болочок ата менен эненин ор­тосунда бири-бирине мээрим төгү­лүп туруусу керек. Айрыкча эне баш­калардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.
  5. Эне таза эмес (арам) тамактар­дан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону ме­нен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийги­зет.
  6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.
  7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү ай­тып туруусу зарыл.

Мына ушул сыяктуу жакшы иш­тер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кы­луу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Бала төрөлгөнгө чейин бо­лочок эне өзүн кандай алып жү­рүү керектиги тууралуу айтылып өттү. Эми бала төрөлгөндөн ки­йин ата-эне кандай иштерди атка­руусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.

  1. Исламда бала төрөлгөн­дөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калган­да азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байла­нышы жок. Болгону азан чакыр­гандан кийин балага ат коюлган­дыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн ба­ланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жан­дын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.
  2. Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-тур­мушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакы­рылат. Ошондуктан балага ат кой­гон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттар­ды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ысымдардын жакшы­сы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдар­дын жакшысы – Абдулла, Абду­рахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулак­ка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мын­дай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Каапыр, динсиз адамдардын ысымы, же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.
  3. Ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтын­ды, же анын баасын садака кы­луу керек. Бул садака баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген ай­тымдар бар.
  4. Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жен­тек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт, же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.
  5. Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтур­гузуу керек.
  6. Эне баланы эки жыл эми­зүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эм­ген эмес. Ошондуктан эне өз мээ­римин балага сүт аркылуу өткө­рүүсү керек.
  7. Баланы эки жыл эмизген учурда эне жөн гана баланын курсагын тойгузуп жатам деп эсептесе жаңылышкан болот. Эне баланы эмизүү менен анын курсагын гана тойгуз­байт, ага рухий азык берип тарбиялайт. Анткени, эне­нин жүрөгүндө эмне болсо, сүт аркылуу бала ошону ка­был алат. Ошондуктан, бала эмизген учурда эне баласына болгон чексиз мээримин тө­гүп туруусу зарыл. Мындан сырткары бала эмизип жаткан учурда эне жаман ойлордон өзүн алыс кармоого тийиш. Бала эмизип жаткан учурда Куран аяттарын, зикир, тас­бих сөздөрүн кайталап олту­руу пайдалуу.
  8. Тили жаңыдан чыгып жаткан балага “Келме” ай­тууну үйрөтө берүү керек. Баланын тили келме айтуу менен чыкса, келечекте анын дин менен жашоосу жеңил болот, ин шаллаах.
  9. Ал эми тили чыгып, сүй­лөп калгандан кийин ага же­ңил жана зарыл дубаларды үйрөтө баштоо керек.
  10. Бала 4-5 жашка келип калгандан баштап, баардык иштердин (тамактануунун, уктоонун, салам берүүнүн, ажат өтөөнүн ж.б.у.с.) адепте­рин үйрөтө баштоо керек.
  11. Жети жашка толгондо бала менен кыздын төшөгүн ажыратып өз-өзүнчө жаткы­руу зарыл.
  12. Жети жаштан баштап на­маз окууну үйрөтүү керек, он жашка толгончо намазды то­лук үйрөнүп бүтүүсү жакшы.
  13. Баланы берешендикке үйрөтүү үчүн башкаларга жардам берген учурда бала аркылуу же, анын көзүнчө бе­рүү жакшы.
  14. Чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн ар түрдүү жумуштарга жумшап туруу керек.
  15. Балага жалкоолуктун, көп уктоонун зыянын эскер­тип туруу керек.
  16. Бала көтөрүмдүү болуш үчүн көп эркелетпей, кез-кез­де катуу айтып урушуп туруу да зарыл.

Токон Жээнмырзаева, ар­дактуу эс алууда

The post Болочок энеге болумдуу насаат appeared first on FORMULA.KG.


October 13, 2015 at 09:01PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.