Halloween party ideas 2015

Кечээ Баткен облусуна каракштуу Лейлек районундагы Ак-Терек айылында “Ак-Терек” мечитинин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызмактына Лейлек районунун баш имам хатиби Намазбаев Медер ажы кабарлады.

Маалыматка ылайык мечиттин ачылышыга облустун казысы Султанмуратов Пазыл ажы, Лейлек районунун акими Арипов Тилеберди Турдалиевич жана жергиликтүү жашоочулар катышышкан. Мечит баардык заманбап шарттары менен салынып, жалпы 1 млн 822 миң сомдук акча каражаты сарпталган. Аталган мечит Москва шаарында иштеп жаткан мекендештерибиздин, Бишкек шаарында эмгектенген Ак-Терек айылынын тургундарынын, Сүлүктү шахтысынын кызматкерлеринин, айылдагы жеке ишкерлердин коолдоосу менен салынган. Ал эми өз алдынча бөлмөсү менен дааратканасын Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажынын көмөгү менен “Исхар” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.
“Мечит мамлекеттик каттоодон жана башка тиешелүү документтери толук бүткөн жана имам хатиби аттестациядан өтүп келген”- деди Намазбаев Медер ажы.

http://muftiyat.kg/

The post Лейлек районунда “Ак-Терек” атындагы мечит ишке берилди appeared first on FORMULA.KG.


October 12, 2015 at 01:32PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.