Halloween party ideas 2015

-Эркек киши чач өстүрсө болобу жана аны менен мечитке кирип намаз окусачы? 055642…

-Эркек чачын кыскартып жүргөнү жакшы, сүннөт болуп эсептелет. Чачы узун болсо деле намазы кабыл боло берет.

-Мен жеке МККда процентке кредит берип иштейм. Алган айлыгым арам эмеспи? Процентке акча бергенди шарият кандай карайт? Канайка 

-Процентке акча берүү сүткорлукка жатат, шарият арам деп эсептейт. Өзүңүз чечим чыгарыңыз.

-Бажам үй-бүлөсү менен иегова күбөлүгүнө өтүп кетишкен. Канча аракет кылсак да пайда жок. Өздөрү жакшы адамдар, тапканы адал жол менен. Үйүнөн чай ичебиз. Эгер өздөрү мал сойсо этин жебешибиз керекпи? Этти сатып алсачы? Аялым экөөбүз толук болбосо да намаз окуйбуз. Карым-катнашты үзөлүбү? +770239…

-Алар мусулман эмес болгон соң алар сойгон малдын этин жебеш керек. Эгер халал эттен сатып келген болсо жесе болот. Карым-катнашты улантып турган жакшы.

-Менин жолдошум мас абалында да, жини келгенде да 3 талак бердим деп мени дайыма куугунтуктай берет. Мен эркекмин, бир сөзүм менен кетире алам деп көп айтаар эле. Күбө жок, эч ким укпады деп мен да жашап жүрө берчүмүн. 6 кызыбыз бар. Өзүмдүн рухум чыдабай молдого барсам жашооңор арам деп айтты. Азыр чогуу жашабай калдык. Бирок кээде жолугуп калабыз. Чоң күнөөгө батканымды билип туруп жок деп айта албаймын. Кантип эми күнөөмдү жууймун? Мага эми кайтамын десе жол жок. Бир туугандарынан намыс кылат. Чоң сүйлөп коюп өзү бушайман. Молдого эмнеге бардың деп мени уруша берет. Муфтиятка жете албаймын. Жумагүл

-Сөзүнө тура албаган эркектин жазасы ушундай болот! Эркекмин деп эле оозуна ээ боло албай сүйлөй бербеш керек. Эмне үчүн Кудай эркти эркекке берген? Оозунан чыккан сөзгө жооп берсин деп. 3 талак түшкөн болсо аны менен таптакыр жолукпаңыз, башка күйөөгө чыгыңыз. 3 талактан кийин жакындык кылуу зына болуп калат.

-Иттин эти адалбы? Гриппке аябай жакшы, тамагың бат эле айыгат деп жолдошум алып келиптир. Жей албай койдум, жакпайт. Алып келбе десем деле алып келе берет. 055577…

-Иттин эти арам.

-Бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Жакында Россияга кетем. Ал кыздын ата-энеси Россияда. Мен никеме алып кетсем болобу же ата-энесинин ыраазычылыгы керекпи? 077031…

-Ата-энесине айтыңыз. Ата-эненин ыраазычылыгысыз никеде береке болбойт.

-Таспих намазынын сажда-сахвисин кандай кылабыз? Таспих айтылабы? 077354…

-Сажда-сахви бардык намаздарда бирдей эле болот.

-Түш убактысында намаз окулбайт го. Түш деп саат канчаны айтабыз? Так убактысын айтып коёсузбу? 077354…

-Бешимге жакын калганда, күн чак төбөгө келгенде түш болот.

-5 жыл болду, жолдошум менен ажырашып кеткем. Ачуу үстүндө телефондон талак берип салган. Үйлөнүп ажырашкан. Мен турмушка чыккан жокмун. Кантип жарашсак болот? Бирок өзү келген жок же жолун таппай жатабы? Эгиз уулдарды төрөп кантип мен начар болуп калайын же тагдырдын сыноосубу билбейм, аягы кандай болот. Балдарым чоңойгон сайын корком атанын да тарбиясын бере аламбы деп. 055039…

-Үй-бүлөлүк мамиле экен, эгер 3 талак айтпаган болсо, 1 талак айткан болсо жарашсаңар жакшы болот.

-Рассрочкага оокат алсак сүткорлук болбойбу? 077354…

-Мөөнөтү белгиленип карыз алынган болот, менимче бул дурус эле.

-Кайсы оюндар кумарга кирет. Бильярд киреби? 077274…

-Бардык эле оюндар эгер акча коюлган болсо, кумар болот. Бильярдды акча койбой ойносо болот. Бирок берилип кетип ибадатка тоскоол болуп калбашы керек.

-Куранда динозаврлар доору, НЛО учуучу тарелкалар жөнүндө барбы? 077274…

-Жок. Дагы караштырып көрөлү.

-Бир масхабдан экинчи масхабга өтсө болобу?

-Болот. Бирок эки масхабды тең толук үйрөнүп чыккандан кийин экинчи масхабга өткөнүн жарыялап коюу керек.

-Китептер, дин аттары кандай себептерге таянып коюлган? 

-Кудайдын ыктыяры менен коюлган.

-“Дордойдо” иштейм. Контейнерде “Тандалган хадистер” деген китебим бар, бошогондо окуп турам. Бирөө айтат ал китепти контейнерге койгонго болбойт, үйдө туруп, үйдү тазалаш керек дейт. Бирок менин китеп окуганга жумушта көбүрөөк убактым болот. 077185…

-Албетте, жумушта окуп отурсаңыз деле болот.

-Сиз өткөн санда  кайнене, кайнатаны сыйлагыла деп айтыптырсыз. Мисалы, мен да жаңы келин болуп барганда кайненем мени 1 жумада эле бөлүп, сен келгенден баштап үйдө ызы-чуу болуп жатат, сен мага жаккан эмессиң, балам ыйлаган үчүн алып бергем деген. Анда унчукпай сыйлап жүрдүм. Өткөндө кайненем мени көрбөй баласына катынды деген какыс-кукус кылып коюп керек, андан эч нерсе болбойт деп жатканын угуп калдым. Аны уккан баласы үйгө келгенде мени уруп башымды жарып салды. Айтыңызчы, ошондой кайненени мен кантип сыйлайм? Кайнене келинин кордогонго кандай укугу бар? Келини да бирөөнүн бөпөлөгөн кызы да туурабы? 

-Туура. Мындай кайненелер жок эмес. Кудай бар, алардын жазасын берет, бул дүйнөдө да жазасын берип коюшу мүмкүн. Айрым жаман кайненелерге таянып эле кайненелерге корс мамиледе болгула деп эч ким айтпайт. Баары жакшы болсун деген үмүттө жакшы сөздөрдү айтабыз.

-Эркектер күмүш шакек тагынса болобу? 

-Болот.

-Аср убактысы киргенде уктаса зыяны барбы? 

-Бул даанышмандардын сөзү. Ден соолукка пайдасы жок болгондуктан уктабагыла деп коюшкан.

-Ванга тууралуу эмне айта аласыз? 

-Ал динге көз карашы дал келбеген адам. Шарият көзү ачыктыкка каршы.

-Бешим, аср, шам намаздары окулган убакта окууда болом. 12:30да үйдөн чыгып, кечки 7де үйгө келем. Аларды кантип окусам болот? Нура

-Сабактын арасындагы тыныгуу учурунда окуп алыңыз. Ар бир намаз өз убагында окулушу керек.

-Бейиш, тозок бар десең ким көрүп келиптир дегендерге эмне деп жооп берүү керек? 

-Кудай өзү сага ыйман берсин, өзү түшүндүрсүн деш керек.

-Кайнежем күйөөсү менен таарынышып кеткенине 2 жылдай болуп калды. Биз менен жашайт. 2 кызы бар. Күйөөсү Москвада. Башка кыз менен никелешип алыптыр. Эжем менен ажырашпай туруп же уруксат албай туруп кылганы туурабы? Байкуш эжем аны укса жаман болот го. Рахат

-Албетте, минтип үй-бүлөсүн таштап кетип үйлөнүп алганы туура эмес. Ага акыл-насаат айта турган адамдар болушу керек.

-Мен күйөөм менен ажырашып кеткем. Телефондо уруша беребиз. Күнөөбү? 077840…

-Ажырашкандан кийин телефон менен сүйлөшүүнү токтотуңуз, байланышты толук үзүңүз.

-Шариятта тамакты үйлөбөш керек деп уктум. Балама сүттү бат муздатыш үчүн үйлөйм. 077066…

-Үйлөсө макүрү (жактырылбайт) болуп калат. Кашык менен чалып же башка идишке куюп суутуңуз.

-Күйөөм 5 убак намаз окуйт. Азыр ооруканада жатат. Ал жактын тамагын жесе болобу? 

-Эт адалбы карап көрүш керек. Сүт азыктарынан, дан азыктарынан даяр болгон тамактарды жесе болот.

-Мусулманчылыкта 3 баласы өтүп кеткен эне бейишке чыгат дешет. Сиздин көз карашыңыз кандай? 077326…

-Көз карашыбызды эмес, шарияттын өкүмүн айтабыз. Ушуга шайкеш мазмундагы хадис бар.

-Бирге иштеген адамдын экинчисимин. Никебиз бар. Аялы шекшип калды. Жакында менин үйүмө барып келди. Бирок келгенден бери экөөбүздүн жүрөгүбүздө тынчтык жок. Аялы чыр чыгарып жатыптыр. Мага каралашпайт. Бүт чыгымды өзүм көтөрөм. Аялына айтканга духу жетпей жатат. Мен ал адамды сүйөм. Анын мага кылганы туурабы? 077908…

-Духу жетпеген, экөөн тең материалдык, руханий жактан бирдей карай албаган эркек экинчи аял албаш керек. Ислам көп аялдуулукка уруксат бергенинин атайын себептери бар. Биринчи иретте жесир аялдардын социалдык маселесин чечүүгө багытталган.

-Жигитимден 3 айлык боюмда бар. Аны жакында эле билдим. Тоюбуз 10-ноябрда болот. Никени эми окутсак болобу? Балам арам болуп калбайбы? 077892…

-Күнөө балада эмес, силерде. Тезинен нике окутуп, Кудайдан жалбарып кечирим сурагыла.

-Жолдошум менен жашаганыма 2 жыл болду. Башында кайната-кайненемдер билишчү. Азыр бир жылдай болду биздин жашаганыбызды билишпейт. Жолдошумдан билдиришин талап кылдым, болбоду. Бир айда, эки айда бир келсе кайра эле атасы чакыртып алат. Мен аялмын. Материалдык, моралдык жактан ага муктажмын. Жалгыздыктан аябай тажадым. Жесирден айырмам жок. Ажырашайын дегем, бирок аны жакшы көрөм. Кайын журтума оронгонум жакпайт. Мен да үй-бүлө күтүп бактылуу болгум келет. 

-Жашыруун нике ошондой болот. Ошон үчүн сүйүп калдым деп эле ойлонбостон кете бербеш керек. Шариятта жакын туугандардын катышуусу менен нике кыйыш керек. Нике деген жөн эле эки адамдын кошулушу эмес, урпактын уланышы, жаңы тууганчылык байланыш, кудагыйлардын карым-катнашы. Жарыя кылып ачыкка чыгуу керек. Никенин мааниси аны жарыя кылуу.

-Авазим намазын окуса 6 жылдык сооп алат дейт. Чынбы? Авазим намазын багымдаттан кийин окуса болобу? Дордойдо иштейм. 5 маал намаз окучумун. Суукта 5 маал даарат алуу кыйын болуп жатат. Таңкы намазды окуп турсам болобу? Анан Кудай буюрса жазда 5 убак окуйм. Жанар 

-Авазим намазы шамдан кийин окулат. Сообу жөнүндө көп багыттуу нерселер айтылган. Дордойдо 24 саат иштебесеңиз керек. Багымдатты үйдөн окуп чыгасыз. Бешимди базардан окусаңыз, асрда үйгө келип каласыз. Калтырбай толук окуңуз. Негизи 50 убакыт намаз буюрулганда Мухаммед пайгамбарыбыздын сурануусу менен 5 убак калтырылган. Бутуңузга маасы кийиңиз, сыртынан масх тартып коёсуз.

-Мен Йя аахиру деген Алланын атын күндө 1000 жолу кайталайм. Уктаарда жатканда айтсам болобу? 077117…

-Болот.

-Мени бир жигит зордуктаган. Азыр турмушка чыгып, бала-чакам бар. Бирок, аны күйөөм билбейт. Эмне кылам? Бурул

– Өз ыктыярыңыз менен болбоптур, эч нерсе кылбайсыз, күйөөңүзгө айтпай эле коюңуз.

“Тамчы”

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (37) appeared first on FORMULA.KG.


October 06, 2015 at 12:45PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.