Halloween party ideas 2015

Чылымын чычайта тиштеп, өзүн замандын “эң стилдүү” айымы катары элестеткен кыздардын саны аз эмес. “Алар өзүнүн гана ден соолугуна балта чаппастан, генефондго да түздөн-түз таасирин тийгизүүдө”-деп өмүр сакчыларынын коңгуроо коңгуроо какканы кулак сыртынан кетип жаткан шекилдүү. Аталган маселеге бүгүн көңүл буруп, чара көрбөсөк эртең кеч болуп калаары айдан ачык.

Москвалык социологдордун изилдөөсү боюнча 100 айымдан: “сумкаңызда эң керектүү деп дайыма эмнени салып жүрөсүз” деген суроого 64ү “чылым” деп жооп узатышса, 13ү кээде гана жанына салып жүрөрүн айтышкан. Ал эми жашыргандары канча? Бул го Орусиядагы көрүнүш. Ал эми Кырызстандагы кыздардын тамекини буркураткан көрүнүшү шаар жергесинде гана эмес, алыскы айылдардан да учуратуу “жаңылык болбой калды.

4000ге жакын уулуу элементтер менен ууланып…

Чылым чегүүнүн кыздар үчүн кандай зыяны бар? Ушул суроого жооп издеп, нарколог Шайлообек Өмүралиевге кайрылдык. Нарколог кыз баланын чылым чегүүсү интеллектуалдык деңгээлинин төмөндүгүн гана билдирбестен, олуттуу генефонд маселесине жол ачаарын белгилейт. “Дүйнө жүзүндөгү 75 % инфарктын, инсульттун келип чыгуусун шарттайт. Ушундай жолдор менен жылына дүйнөдө 5 миллион, ал эми Кыргызстанда 10 миңге жакын киши бул дүйнө менен кош айтышып кете берет. Ошондой эле жыт, даам билүү сезими да жабыркайт. Ошондуктан тамак үстүндө деле тамекини буркуратып отургандар бар. Ал гана эмес адамдын денесине да жыты сиңип, сүйлөсө ооз көңдөйү сасып турат. Жакшынакай кыздарыбыздан жагымсыз жыттын чыгып туруусу жакшы нерсе эмес. Эң башкысы азыркы кыздар келечектеги наристелердин энеси болоорун унутпашы зарыл. Баланын дени сак төрөлүүсү үчүн эне шарт түзөт. Тамеки тартып жүргөн айымдардын баласы курсакта жатканда эле тамекинин курамына кирген 4000ге жакын уулуу элементтер менен ууланып калат. Ымыркай майып болуп төрөлүп калуусу толук ыктымал. Акыркы кездерде колу-буту жаныбарлардыкына окшош же куйруктуу балдардын төрөлүшүнө да чылымдын салымы бар,”-деди нарколог Шайлообек Өмүралиев.

Ал эми айымдар эмне дешет? Бул тууралуу төрт жылдан бери чылым чегип, андан кутула албай жүргөн Айнура аттуу айым менен маектештик. Каарманыбыз тамекиге кантип арбалганы жөнүндө төмөндөгүлөрдү баяндап берди.

“Тамекинин даамын алгачкы жолу студент кезимде таттым. Курбу кыздарым менен кызыгып чегип көргөн элем. Кийин чогула калганда куту ар дайым чекчү болдук. Бара-бара кыныгын алып, арылгыс адатка айланды. Тамекинин зыянын билсем да толук таштай албадым.Аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Анын үстүнө апамдын билип калып абдан таарынганы да өкүндүрөт. Тамеки менен алп урушканга эрким жетпей койду. Анткени ал өзгөчө маанайым чөгүп турганда жардамга келет”,-дейт фамилиясын атоодон баш тарткан Айнура. Ошондой эле чылым чегүүнү убагында көнүл ачуу деп кабыл алып келсе, азыр организми талап кылып, өнөкөт дарт болуп калганын чоочулоо менен айтып берди.

“Бала жытын искебей калаарын түк ойлонушпаса керек”

Илимий көз караш менен караганда кыз баланын организми эркектикине караганда тамекиге тез көнөт жана тез зыянга учурайт. Аялзатынын организми эч убакта тамекиге муктаж болгон эмес. Бүл нерсе чынында эле мода, стереотип, имидж, кумирди туyроодон келип чыгат. Тележылдыздарга, бизнесмендерге окшошуунун аракетинде алар чеккен нерсени чегип, анын үңкүрүнө сүңгүп киргенин капарына да алышпайт. Айымдар алгач чегип баштаганда башы айланып кускуусу келет. Бирок өнөкөткө айлангандан кийин жашоонун рахатын тамекиден тапкандай сезишет. Ошол эле убакта рахаттын туу чокусу, бакыттын балы болгон бала жытын искебей калаарын түк ойлонушпаса керек. Анткени эртеңки муундун келечеги дал ушул кыздардын колунда тургандыгы талашсыз. Мындай пикирди “Ак шумкар” жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү Айбек Бузурманкулов ортого салды. “Албетте жүрөк өйүтөөрлүк көрүнүш. Чылым чегүүгө кыздардын түрткү болушунун башкы себеби батыштан агылып келе жаткан “маданияттын” натыйжасы. Кыздар жеңил ойлуулук менен бул нерсени “мода” катары кабыл алып жатышат. Көбүнчө кыздар тамеки чекпесем “крутая” болбой калам деген түшүнүктүн тегерегинде “имидж” катары элестетишет Ал эми башка бир себеби үй-бүлөөдөгү тарбиянын начардыгы. Ата-энелердин кыз балага жетишээрлик убакыт бөлбөй калышына да байланыштуу. Эң өкүнүчтүүсү мындай кыздар өз ден соолуктарын гана эмес келечектеги генефондго да терс таасирин тийгизүүдө. Бул маселелерди мамлекет менен бирге колго алышыбыз керек. Рекламалык ролик, шиттердин жана түшүндүрүү иш-чаралардын натыйжасында коомго жеткирүү абзел”,-деди Айбек мырза.

Эл ичинде “Кыздын ден соолугу – кыргыздын ден соолугу”, -деп айтылгандай, бул сөздүн терең философиясын түшүнгөн ар бир айым чечимди өзү чыгарарына ишенип, үмүтү үзбөй туралы.

Тамекиден арылууга айымдар үчүн адистерден ар кандай кеңеш:

1.Эң оболу ар бир аял тамекиден арыла ала тургандыгын эсинен чыгарбашы керек,

2.“Мен эми эч качан чекпейм” дебестен,“мен бүгүн чекпешим керек” деп айтуу зарыл. Бүгүн чекпегениңиз эртеңкинин жеңиши,

3.Өзүнүзгө ишениңиз, кармана албай кайрадан чексеңиз кайгырбаныз. Бул – сиз эч качан таштай албайсыз дегендик эмес, жөн гана бүгүн эркиңиз жетпеди деп гана ойлоп коюңуз,

4.Ыракаттануунун башкача жолдорун издеңиз. Капаланып, көңүлүнүз чөгүп жатса терең дем алып, сиз өткөргөн жагымдуу көз ирмемдерди, жагымдуу жыт, татымдарды элестеткениңиз оң,

5.Башка нерселер менен алек болгонго аракет кылыныз. Жаңыча хобби жана идеялардын үстүндө убакыт өткөрүңүз,

6.Жакындарыңыздын сизге колдоо көрсөтүүсүн өтүнүңүз. Жолдошуңузду жана курбуңузду сиз менен бирге тамекисин таштоосун сураныныз. Дос жана иштешкендериңизден сиздин жаныңыздан чылым чегүүсүн чектеңиз.

7.Чылымды эстеткен буюмдарыныздан арылыңыз. Тамеки, ширенке, күл түшүргүчсыяктуу буюмдарынызды ыргытканыңыз туура болот.

“Бир даана тамеки 15 мүнөттүк өмүрдү алат”

Тамеки торунун кенен жайылганынын бирден бир себеби текейден арзан баада сатылганы. Кыргызстан боюнча орточо баа менен алганда 8 сомдон 150 сомго чейин сатылат. Буга байланыштуу кызыктуу маалымат: Канадада чылым дээрлик сатылбайт десе болот. Анткени 1 куту тамеки 10 доллар турат. Ал гана эмес тамеки үчүн текчеде да орун жок экен.

Акыркы кезде электрондук чылымдар пайда болду. Канчалык зыянсыз дегени менен курамындагы аз өлчөмдө болсо да никотинди жашырып болбойт. Бишкекте бул чылымдын наркы 400 дон 5500 сомго чейин жетет.

Баардыгы тамеки жөнүндө…

Дүйнөдө 1.3 млрд. адам чылым чегери катталган.

Бир даана тамеки 15 мүнөттүк өмүрдү алат.

Эртеби, кечпи чылым чеккен ар бир 5-адам өлүмгө дуушар болот.

Өпкө рагы менен ооругандардын 85%ы чылым чеккендер.

Тамекинин түтүнүндө 3000ге жакын уулуу зат бар болсо, бул түтүндөн 80% чылым чекпеген адам зыянга учурайт.

Бишкек шаарындагы чылым чеккен мектеп окуучуларынын ар бир үчүнчүсү кыз бала.

Айымдардын 64.7%ы таблетканын жардамы аркылуу тамекиден арылууга аракет кылышат.

Жайнагүл Тазабекова

http://media.manas.kg/

The post Чылым чеккен кыздарды эмне күтөт? appeared first on FORMULA.KG.


October 05, 2015 at 05:16PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.