Halloween party ideas 2015

Акыркы күндөрү бир гана мусул­ман журтчулугу эмес, жалпы дүйнө жүзүндө “Акыр заман” болору туу­ралуу ар түрдүү сөздөр айтылып келүүдө. Ал эмес кээ бирөөлөр анын убактысын так белгилеп, “ушул жылы, ушул күндө” болот деп да ай­тып чыгышты. Ооба, Кыямат ка­йымдын башталуусу Аллахтан баш­ка эч кимге белгилүү эмес. Ар түрдүү жалганчылардын сөзүнө ишенүүнүн зарылдыгы да жок. Ошондой болсо да, ар тараптан айтылган сөздөр эл арасында ар кандай ой-пикирлерди жаратпай койбойт экен. Жалган­чыларга ишенип, ишин таштап, жер астына кирип, Кыямат кайымдан “аман” калууну көздөгөндөр да чы­гууда. Ошондой эле, мусулман коом­чулугунун арасында да, кыяматтын башталуусу тууралу ар түрдүү ой- пикирлер көбөйүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдү эске алып, элибизге туура түшүнүк берет деген ишеним менен, гезитибизге Кыяматтын бел­гилери тууралу маалымат берүүнү туура таптык. Кыяматтын белги­лери тууралуу маалымат алуудан алдын, биз төмөнкүлөргө көңүл бу­руубуз зарыл:

  1. Кыяматтын белгилерине да­лилди Курандан жана хадистен гана келтирүү керек. Себеби, бул экөөсү кайып нерселер тууралуу маалы­мат берүүчү булак болуп эсепте­лет. Аллах Таала Куранда минтип айткан: “Айт: “Асмандардагы жана жердеги кайыпты эч ким билбейт. Бир гана Аллах билет..”. (Намл, 65- аят). Ошондой эле дагы бир аятта: “Кайыпты билүүчү (Аллах) Ал Өз ка­йыбын эч кимге билдирбейт. Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет” – деп айтылган. (Жин, 26-27-аяттар). Ал эми мурдагы ки­тептерде айтылган, же кимдир-би­рөөлөрдүн түшүнө кирди деп айтыл­ган, же эч кандай далили жок эле ай­тылып калган белгилерге ишенүүгө жана аны башкаларга жайылтууга болбойт.
  2. Кыяматтын белгилери туура­луу айтылган хадистер мейли пай­гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) тарабынан бол­сун, же сахабалар тарабынан болсун туура, шексиз хадис болуусу керек.
  3. Кыяматтын белгилери туура­луу айтуучу же жазуучу адам, аны ачыкка чыгаруудан алдын, илимдүү адамдардын текшерүүсүнөн өткө­рүүсү зарыл.
  4. Кыяматтын белгилери туу­ралуу айтуудан же жазуудан алдын, алар тууралуу кеңири маалымат алуу керек. Анткени, өзүң жакшы билбеген нерсени башкаларга жет­кире албайсың. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: “Адамдарга өзүңөр билген нерсени гана айткыла. Кокустан Аллахка жана Анын элчи­сине жалганчы болуп калбагыла”. (Имам Бухарий). Ал эми Ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) мин­тип айткан: “Адамдардын акылына толук жеткире албаган сөзүң – кээ бирөөлөрдү азгырып кетүүсү мүм­күн”. (Имам Муслим).
  5. Кыяматтын белгилеринде, ай­рыкча чоң белгилеринде айтылган Дажжал, имам Махди сыяктуулар­ды өз акылы менен “Мына ушул адам ошол” деп кимдир бирөөгө айтууга болбойт. Мисалы: “Асраарус-саат” аттуу китепте, автор Ирандын жол башчысы Мухаммад Хаати­мийди Дажжал деп айтса (автор Фахд Саалим), “Алмасихуд-Дажжал” аттуу китепте, Сагдам Хусейндин Имам Махди экендиги айтылган. (Ав­тор Саьид Аюб). Мына ушул сыяктуу жеке пикирлер, адамдардын Кыя­маттын белгилерине болгон ише­нимин алсыздатып, адашууга алып баруусу мүмкүн.

Кыяматын белгилери болуу убактысына карай үчкө бөлүнөт:

– Толук болуп өткөн белгилер. Мисалы: Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү, анын өлү­мү, айдын экиге бөлүнүүсү ж.б.

– Азыркы учурда болуп жана ула­нып жаткан белгилер. Мисалы: ба­зарлардын көбөйүүсү, өлүмдүн көбө­йүүсү, жазуунун көбөйүүсү ж.б.

– Таптакыр боло элек белгилер. Мисалы: Дажжалдын чыгуусу, жа­ныбардын чыгуусу ж.б.

Ал эми өзүнүн таасири жана маанилүүлүгүнө карай экиге бөлү­нөт:

– Кыяматтын кичине белгилери

– Кыяматтын чоң белгилери

Кыяматтын кичине белгилери болуп бүткөн соң, анын чоң белгилери биринин арынан бири уланып келет. Ал эми Кыяматтын чоң белгиле­ринин аягы Кыяматтын кайым бо­луусу менен бүтөт. Чоң белгилердин саны он. Алар: түтүн, Дажжал, жа­ныбар (Даабба), күндүн батыштан чыгуусу, Иса пайгамбардын түшүүсү, Яжуж-Мажуждун чыгуусу, батыш­та, чыгышта жана араб аралында болуучу жер жутуу, адамдарды Мах­шарга айдап баруучу оттун чыгуусу.

Урматтуу окурман! Мындан ары гезитибиздин “Кыямат качан болот?” аттуу рубрикасынан Кыя­маттын белгилери тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылабыз. Биз берген маалыматтарга туура түшүнүп, жашоодо анын пайдасын көрө аласыздар деп ишенебиз.

  1. 1. Пайгамбарыбыз Мухаммад­дын (Ага Аллахтын салам-салава­ты болсун) пайгамбар болуп ке­лүүсү

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн пай­гамбар болуп келүүсү Кыяматтын жакындагандыгынын белгиси экен­дигин айткан. Бул – Кыяматтын ки­чине белгилеринин эң биринчиси. Сахл бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сөөмөй жана ортонку манжасын көрсөтүп: “Мени менен Кыяматтын аралыгы ушунчалык” – деп айтып жатканын уктум. (Имам Бухарий, Имам Муслим).

Экинчи айтымда, Пайгамбары­быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Мен Кыяматтын алдында жөнөтүлдүм” – деп айткан. (Хааким).

Аллах Таала адам баласын жа­раткандан кийин, аларды жөн гана таштап койбостон, аларга туура жол көрсөтүүчү пайгамбарларды жөнө­түп турган. Алар ар кайсы заманда, ар кайсы коомдорго жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Тарыхтагы) баардык үммөттөр арасында Эскер­түүчү (пайгамбар) болгон” (Фатир, 24-аят), жана “(Кыяматта) адамдар­дын колунда Аллахка каршы далил болуп калбоосу үчүн жакшы кабар­ды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жөнөттүк” – деген сыяктуу көптөгөн аяттарды түшүр­гөн. (Ниса, 165-аят).

Ошондой эле Куран жана хадисте айтылбаган да пайгамбарлар бол­гон. Анткени, баардык пайгамбар­лардын кабары бизге айтылган эмес. Аллах Таала Куранда: “Биз сага (оо, Мухаммад) баян кылып берген жана баян кылып бербеген да пай­гамбарлар бар” – деп айткан. (Ниса, 164-аят).

Биринчи пайгамбар – Адам (Ага Аллахтын саламы болсун), бирин­чи элчи – Нух (Ага Аллахтын сала­мы болсун). Ал эми эң акыркы пай­гамбар жана элчи Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-са­лаваты болсун). Пайгамбарыбыз­дын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эң акыркы пайгамбар экен­диги тууралуу Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден эч бир эркек­тин атасы эмес. Ал – Аллахтын элчи­си жана пайгамбарлардын акыркы­сы” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).

Адам атадан бери келген пай­гамбарлардын көптөгөн окшош­туктары болгон. Ошондой эле Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурдагы пайгамбарлардан айырмаланган өз­гөчөлүктөрү болгон:

  1. Ал – баардык адамдарга пай­гамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Оо, Мухаммад, сен адамдарга): “Эй, адамдар! Мен си­лердин баарыңар үчүн Аллахтын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллахка таандык. Ан­дан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллахка жана Аллах­тын сөзүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз элчисине ишенип, аны ээр­чигиле. Балким туура жолду табаар­сыңар – дегин” – деп айткан. (Аьраф, 158-аят).
  2. Ал – бүткүл ааламды ырахмат кылуучу пайгамбар болуп жиберил­ген. Аллах Таала Куранда: “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” – деп айткан. (Анбия, 107- аят).
  3. Ал – пайгамбарлардын акыркы­сы. Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден кайсы бир эркектин атасы эмес, бирок Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын мөөрү” – деп айт­кан. (Ахзаб, 40-аят).
  4. Ал – адамдар менен бирге эле жиндерге да пайгамбар катары жи­берилген. Аллах Таала Куранда жин­дердин: “Оо, коомубуз! Аллахтын чакыруучусуна жооп бергиле” деген сөзүн айткан. (Ахкаф, 31-аят). Ошон­дой эле: “Айткын (оо, Мухаммад) “Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып, минтип айтышты: “Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук” – деп айткан. (Жин, 1-аят).
  5. Анын кулк-мүнөзү өтө жо­гору болгон. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сыпаттап: “Сен – улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң” – деп айткан. (Калам, 4-аят).
  6. Ал кимге кечирим тилесе, Ал­лах Таала аны кабыл кылган. Аллах Таала Куранда: “Эгерде алар өздө­рүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Аллахтан кечирим сура­шат, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тообаларды Кабыл Кылуучу, Мээ­римдүү экендигин табышар эле” – деп айткан. (Ниса, 64-аят).
  7. Ага жана анын үммөтүнө олжо адал болду. Аллах Таала Куранда: “Олжо түрүндө алган адал, таза нер­селерди жегиле жана Аллахтан корк­кула» – деп айткан. (Анфал, 69-аят).
  8. Ал асманга көтөрүлүү даража­сына ээ болду. Бул жөнүндө Аллах Таала Куранда: «Харам мечитинен белгилерибизди ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз берекелүү кылган Аксаа мечитине пендесин сейил кылдырган (Затка) аруулук болсун!» – деп айткан. (Исра, 1-аят).
  9. Анын үммөтү эң жакшы үммөт болду. Аллах Таала Куранда: «Аллах­ка ыйман келтирген, жакшылык­ка чакырып, жамандыктан тыйган, адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар» – деп айткан. (Аалу Имран, 110-аят).
  10. Ага Бейиштен Кавсар суу­су берилген. Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, Биз сага «Кавсарды» тартуу кылдык» – деп айткан. (Кав­сар, 1-аят).
  11. Ал колдоочу (шапаат кы­луучу) даражага ээ болду.

Ал эми пайгамбарыбыздын эң негизги өзгөчөлүгү – анын акыр­кы пайгамбар болгондугунда. Пай­гамбарыбыз акыркы замандын пай­гамбары. Аны менен Кыяматтын ор­тосунда башка пайгамбар болбойт.

The post Кыямат качан болот? appeared first on FORMULA.KG.


October 03, 2015 at 09:10AM

Отправить комментарий

  1. Эгер сиз өмүр бою үй-бүлө жана мурас куруу үчүн эмгектенсеңиз, аны бир нече айдын ичинде үчүнчү тараптын көлөкөсү жок кылышына жол бере албайсыз. Мен күйөөмдүн мүнөзүнүн күтүүсүз өзгөрүшү жөн гана орто жаштагы кризис эмес, руханий кийлигишүү экенин түшүндүм.

    Мен жеке кийлигишүү үчүн Мистик Какаага кайрылдым. Анын иши хирургиялык болчу. Ал көлөкөнү аныктап, аны эч кандай коомдук драмасыз биротоло жок кылды. 5 күндүн ичинде күйөөмдүн көңүлү биздин үйгө жана келечегибизге кайтып келди. Эгер сиз баалуу жашоону коргоп жатсаңыз жана акылдуулукту түшүнгөн кожоюнга муктаж болсоңуз, аны менен төмөнкү дарекке кайрылыңыз: dawnacuna314@gmail.com

    WhatsApp: +2349046229159

    Ал алтын стандарт.
    Мамиле/нике жарашуу сыйкыры үчүн.

    Мурунку сүйгөнүңүздү/өнөктөшүңүздү кечирим суроо үчүн сыйкыр.

    Сүйгөнүңүздү кайтарып алуу/жаңы сүйгөнүңүздү тартуу үчүн сыйкыр.

    Уурдалган мүлктү/акчаны кайтарып алуу үчүн сыйкыр.

    Форманы өзгөртүү/жок болуу сыйкыры.

    Лотереяда/сот ишин утуп алуу үчүн сыйкыр. Жана башкалар

    ОтветитьУдалить

Технологии Blogger.