Halloween party ideas 2015

~ЭНЕ ЖҮРӨГҮ ~

✏…Энекем менин дүйнөдөгү эң жакшы көргөн асыл затым!
Энекем менин сүйктүүм жашоомдогу бар байлыгым!
Энекем менин жакын сырдаш жан досум!
Энекем менин ыйласам кошо ыйлап,күлсөм кошо күлгөн мээримин төгүп турган кымбатым.!
Энекем менин үй бүлөөнүн жарытып, биз үчүн баарына даяр болгон жан мүрөгүм!
Энекем менин жашоосун биз үчүн арнаган балам деп жанын аябаган кайрат күчү аска зоого тең болгон дөөлөтүм!
Энекем менин карңгыны жарытып,жүзүнөн нур тамган бакытым!
Энем ,Энем менин бар болчу дайым.
Сен барсын үйдүн ичи нурга толоор!
Сен барсын үйдүн ичи кутка толоор!
Сен барсың үйдүн ичи кубаныч күлкүгө толоор!
Сен барсың көңүлүм ток,курсагым ток,киймими бүтүн!
Сен барсың Мен Аллахка чексиз Шүкүр кылам!
Эне жүрөгү балам деп жашайт.
Эне жүрөгү балам деп согот!
Эне жүрөгү баары Балама болсун деп тилейт! Эне жүрөгү качан болбосун баласы менен жүрөт.
-Балам жакшысыңбы?

-Балам кай жериң ооруп жатат?

-Балам качан келесиң?

-Балам курсагын токбу тамак кылып берейинби?

-Балам кайда жүрөсүң батыраак келчи ылкак болуп жатам?

-Балам сени сагындым жанымда эле жүрчү?

-Балам киймиң кир болуптур чечип бер жууп койойун?

-Балам өзүңдү этият кыл?

Балам, Балам Балам менин шириним, жан кубатым,айланайын, аман болчу, оорубачы,бактылуу болчу -деп эркелеткен,тилегин тилеген,дуба кылган бул биздин Мээримдуу, Кечиримдуу,Боорукер,Улуук, Сабырдуу болгон асыл зат Энебиз болот!
Жөндөн жөн айтылган эмес эне Аллахтан кийинки улуук,ыйык, зат деп.
Эне гана чыдайт баланын бүт кайгысына да күлкүсүнө да, оорусуна да, жогуна да,барына да көз жумуп алдына гана умтулган ыйык зат!
Сен жоголсоң өмур бою күткөн!
Сен канча капа кылсаң да кайтып келсең кечирген!
Сен ооорусаң жанын бергенге даяр болуп сурап,караганда Энең!
Эх. Энелер көзүңөрдөн жаш кубансаңарда,капа болсоңорда агып балам деп соккон жүрөгүңөр токтобосун! Силер жөнүндө айта бергим келет эч түгөнбөйт! Канча айтсам да калем менен бүтүрө албаймын силердин улуулугуңарды,мээримиңерди! Түгөнбөгөн дастансыңар муундан муунга уланган! Ар бир үйдө энелер нуру жанып турсун!
Энелер бар болсун ылайым!
Аллахым энебизди аман кылып ден соолугун чын кылсын,балдарынын бактына балпайган байбече болуп жүрүүнү насип кылсын! Эне жүрөгү эч качан ыйлабасын!
Энелерди көзү барда өзү барда сыйлайлы,урматтайлы,төрубүздө,сыйыбызда жогору коёлу!
Энелердин ак сүтүн актоого аракет кылаалы,алар төккөн мээримди, биз чоңоюуп бой жеткенде кайтаралы!
Эне жүрөгүнө биздин мээримибиз,жылуу сөзүбүз, жүзүбүздөгү жылмаю,күлгөн күлкүбүз,сый урматыбыз, биздин бакытыбыз,аманчылыгыбыз чоң бакыт даары болоор!
Бейиш энелер таманында экенин унутпайлы!
Менин бар байлыгым, түгөнбөгөн кенчим,Дөөлөтүм АТА -ЭНЕМ!!!!

Насиба Абдуллаева ..

The post ЭНЕ ЖҮРӨГҮ appeared first on FORMULA.KG.


October 15, 2015 at 10:48PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.