Halloween party ideas 2015

Бир күнү белгилүү халифа Умар бин Абдулазиздин кичинекей кызы ата­сына ыйлап кирди. Бул күн Айт күнү болчу. Атасы кызын эркелете чачынан сылап:

– Кызым, эмне үчүн ыйлап жата­сың? – деп сурады. Кызы мурдун шор тартып:

– Балдардын баары жаңы кийим­дерин кийип алышыптыр, менде болсо жаңы кийимим жок, – деди. Умардын жүрөгү эзилип кетти. Чындап эле жа­нындай көргөн кызына жаңы кийим алып берип койсо болмок экен. Бирок, үйүндө бир тыйын да жок болчу. Кызын акырын алдынан түшүрүп, мамлекеттик казынаны көзөмөлдөгөн кызматчысына жөнөдү.

– Мага келерки айдын эсебинен бир аз тыйын бөлүп бере аласыңбы? – деп суранды казына башчысынан.

– Оо, момундардын падышасы, мен бул ишти аткарууга даярмын, бирок бир шарт менен, – деди казына башчы.

– Ал кандай шарт? – таң кала су­рады халифа.

– Сиз мага жазып бериңиз.

– Ооба, албетте жазып берейин, кана эмне деп жазышым керек? – хали­фа жазууга даярдана баштады.

– “Келерки айга чейин тирүү бо­лорума ишенемин” деп жазып берсеңиз болду, – деди казына башчы. Умардын жүрөгү солк дей түшкөндөй болду. Ордунан дароо турду да, артына кара­бастан үйүнө жөнөдү. Үйүнө келгенде балдары анын өңү кубарып кеткенин көрүп, эмне болгонун сурашты.

– Балдарым силердин алдыңарда эки жол бар: сабыр кылсаңар чогуу бе­йишке киребиз, сабыр кыла албасаңар атаңар тозокко кирет, – деди. Балдары бир ооздон:

– Атаке, биз сабыр кылабыз, сизди мындан кийин кыйнабайбыз, – деп жо­бурашты.

* * *

Аттиң, бүгүнкү заманыбызда Умардай падыша, анын казына башчы­сындай кызматчылар болсо кана!?

Аттиң, Умардай ата, анын бал­дарындай балдар болсо кана!? Анда жашообуз жеңилдеп, көйгөйдүн баары чечилип, Умардын заманындагыдай ка­рышкыр менен койлор бирге жайылып калбайт беле… Аттиң!?

The post Халифанын кызы эмнеге ыйлады? appeared first on FORMULA.KG.


October 01, 2015 at 11:25PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.