Halloween party ideas 2015

Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында 4 кабаттан турган «Ыйык куранды жаттатуу жана Куран илимин үйрөтүү» институтунун имаратынын курулушу толугу менен аяктап, жакынкы күндөрү мамлекеттик каттоодон өтүп, иш кирүү алдында турат. Бул туурасында шаардык казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Институт заманбап, баардык шарты менен курулган. Жатакана, окуу бөлмөлөрү, ар бир кабатында дааратканалар, китепкана, компьютердик бөлмөсү, ашкана жана башка студенттерге ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. «Институтта окуган балдар 3 жылдын ичинде ыйык Куранды толугу менен жаттап, араб тили, шарият маселелери боюнча кеңири билим алганга шарттар түзүлгөн»,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, институт 100 балага ылайыкталып, имарат 4 кабаттан курулган. Биринчи кабаты ашкана, экинчи кабаты окуу бөлмөлөрү болсо төртүнчү кабатында жыйындар залы жана компьютердик класс, китепкана жайгашкан.

http://muftiyat.kg/

The post Ош шаарында «Ыйык куранды жаттатуу жана Куран илимин үйрөтүү» у ишке кирүү алдында (фото) appeared first on FORMULA.KG.


October 01, 2015 at 11:18PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.