Halloween party ideas 2015

💛 Мен балдар үйүндө өсүп тарбияланып жаткан бир жетим кызмын. Мен жашоомдо “эне” деген инсанды “эне” деген аты эле болбосо ал жөнүндө эч нерсе билбеймин ,ал жөнундө китеп телелвизорлордон гана көрүп билип келем. Эне сен кимсиң? Эне сен кандай инсансың?

💙 Мен дагы башка балдар катары энекем жөнүндө билгим келди. Күн өткөн сайын эне деген инсанды күтүүчү болдум. Бул бардык балдар үйүндөгү балдардын бирден бир тилеги.
Энекем мен сага эч качан таарынбаймын! Качан келип алып кетсең мен даярмын. Мени таштап кетти деп жек көрбөймүн, анткени сен дагы бир адашуу, мүмкүнчүлүк жок болуп калгандан ушул ишке баргандырсың, мен сени кечирип келем. Анткени сен менин жаным энекемсиң тогуз ай курсагыңда көтөрүп менин жарык дүйнөгө келүүмө себепчисиң!
Эгерде сен менин ушул жазгандарымды окуп калган болсоң мен сени күтүп, сени сагынып жашап келем! Энекем менин сени тааныбасам да сенин жүзүңдү жылмайып көздөрүң күлүмсүрөп, мээримиң күн нурундай чачырап өзүнө тартып турган инсанды элестетип кыялданып келем. Жаным энекем мен сенин кучагыңда эркелеп сени менен жакшы жаман күндөрүмдү сырдашып бөлүшкүм келет! Сага жетсем бек бек кучактап күлмүңдөгөн жүзүңдөн тойо сүйүп, энелик жытыңды кучагыңдан чыкпай искеп-исекеп алмакмын! Энекем менин! Сени канчалык көргүм келгенин билсең гана бир жолу болсода кучагыңда эркелегенимде ыраазы элем! Жаным энекем сагынчтан кусаланып сени күтүп, терезеден жолуңду күндө көзүмдү үзбөй карап олтура берем! Энекем менин мээримиңе болөнүп “ЭНЕ “деп көп-көп кайра-кайра айткым келет. Сенин “кызым” деген сөзүңдү зарыгып уккум келет. Менин сүйүктүү алтын энекем!

💚 Менин бирден-бир тилегим биринчи “Энекемди” жолуктурсам, андан кийин талыкпай билим алып келечекте жакшы уй бүлөө күтүүм, балдарымдын энеси болсом деймин. Ошондо мен эч качан баламды таштабаймын, эч качан кор кылбаймын,андан мээримимди аябаймын,керек болсо бирөөгө карматбайт элем бир да чачын кор кылмак эмес элем. Анткени мен энеге зар болгон инсанмын!

❤ Бул жерде жакшы карабайт деп эч качан айтпаймын эжейлерге миң мертебе ыраазымын, бирок мен Энелик мээримге, энелик сүйүүгө зар болуп келем!
Энекем жаным менин кайда болсоң да бир жолу келип кетчи сени заарыгып күткөн кызың,сенин жолдоруңду үмүт менен сагынуу кусалык менен күтүп жашап келем! …
“Ата-эне кадырын жетим билет” деп бекеринен айткан эмес. Энеге зар болгон инсандарды карап сабак алыңыз. Сиздин үйүңүздө энеңиз болсо! Сиз энеңизди ар күнү көрөсүз, күндө “балам” деген үнүн угасыз, күндө “эне” деп кайрыласыз, мээримине бөлөнөсүз, бирок анын биз үчүн улук экенин анча маани бербей, сезбей келебиз. Кандай болбосун энелерди сыйлайлычы туугандар! Бейишибизди төбөбүзгө коюп сыйлап, ыраазылыгына ээ бололучу!

💓 Энебиздин бары чоң бакыт, чоң байлык!

👤Насиба Абдуллаева,

👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Эне сен кандай инсансың? appeared first on FORMULA.KG.


October 16, 2015 at 09:07PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.