Halloween party ideas 2015

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл округунда жайгашкан “Имам ат-Термизий” ислам медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди. Медресе 3 кабаттан туруп, 200 орунга ылайыкташкан. Заманбап шартка ылайыкташтырылып, ашкана, спорт зал, жатакана, мончо, китепкана, лекциялык -жыйындар залы, компьютердик класс жана эмкана менен камсыз болгон. Мындан сырткары коопсуздук эрежелери боюнча бардык шаймандар стандартка ылайык келтирилген. «Окуу программасынын жүрүшүндө мамлекеттик стандарттарды сактоого аракеттер жасалып, кыргыз тили жана орус тили сабактары да окутулуп жаткандыгы белгилүү болду»,-деди казыяттын маалымат кызматы. Мындан сырткары иш кагаздарын жүргүзүү иш-аракеттери жолго коюлгандыгы жогорку баага арзып, облус казысы медресенин ишмердүүлүгүнө жакшы деген баасын берди. Эскерте кетсек, бул иш чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, кийинки кезек башка райондордо улантылмакчы.

http://ift.tt/1K5lKhk

The post Ош облусунун казысы Ноокаттагы “Имам ат-Термизий” ислам медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты (фото) appeared first on FORMULA.KG.


October 13, 2015 at 08:23AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.