Halloween party ideas 2015

Дүйнөнүн тарлыгынан мен өз үй-бүлөөмө качандыр бир батпай калам деп эч качан ойлогон эмес эмес элем. Үч уктасам түшүмө кирбеген бул нерсеге, тагдырыма кайыл болдум. Эмне кылмакмын? Кайда бармакмын? Өз канымдан, өз жанымдан жаралган өз уулум “Каарылар үйүнө” таштап кетип жатса, каарыганда сый урмат, неберелеримдин жытын жыттап өткөрмөк түгүл минтип жалгыздыкта жан-дүйнөм орруп, сагынчтан куса болуп, жашоонун кызыгы калбагандай, үммүттүн шооласы өчүп өмурүмдү эмес, өлүмүмдү тилеп жаткан убагым-деп байкуш эненин көзүнөн жашы куйулуп, жүзүндөгү каарылыктын бырыштарына жашы токтолуп сызылып агып жаттты. . . .

Анда сөз башынан болсун – деп эне сөзүн баштады:

Биз жолдошубуз экөөбүз бири бирибизди жакшы таанып, жакшы көрүп баш коштук. Ошондой бактылуулук күндөрүбүздө бакыттын үстүнө бакыт келип уулду болдук. Күйөөм жумушуна кетет мен уулумду карап болгон мээримим менен чоңойтуп жаттым. Күндөр өтүп жалгыз уул деп эч нерседен кем кылбай айтканын кылып жаттык. Өкүнүчтүү жолдошум ооруп каза болуп калды. Баарыбыз бакырып ыйлап кала бердик, балам ошондо он үч жашта болчу.  Эмне кылмакпыз жашоо уланып күйөөм ордунда өзүм иштеп балам менен жашап калдым. Күндөр зымарап өтүп уулум чоз окуу жайды бүтүп эмт үйлөнө турган күн да келди. Өзүнүн жакшы көргөн жакшынакай кызга үйлөндүрдүк. Уулум жумушта мен үйдө келин менен жашообуздун жакшы күндөрүн өткөрүп жаттык. Эки неберелүү болдук. Бирок ошо мен жакшынакай деген келиним өнөрү чыга баштады отурсам опок, турсам сопок болуп мага киришип неберелеримди жолотпойда койду.

Эмне үчүн экенин өзүм да билбей калдым, уулума айтайын деп экөөнү уруштуруп жашоосун бузуп койомбу деп унчукпадым. Күндөн күнгө келин менен уулум көп урушуп, талашчу болду ошол күндөрдүн биринде экөө келип сөз баштап калышты:

-Энеке үйдө эч жакка чыкпай эрик кен жоксузбу?

-Жоок балам эмнеге эригет элем силер турганда -дедим.

-Сизди жакшы карай турган доктуркана бар ал жерде жакшы, үйдө олтура берип эки жакты көрүп таза абадан  дем алып келесиз -деп экөө ой жайыма койбой кйимдеримди  бир түйүнчөккө түйүп алып жөнөштү.

Ошол доктуркана деген жерге да бардык , бирок кызыгы баары эле өзүмө окшогон каарылар экен. Таң калып анан бир кичинекей бөлмөгө жайгаштырышты өзүмдү, андай мындай дегичем мага качан келесиңер? уулум менен келиним биз бир күн келебиз деп шашып сөзүмдүн аягына чыккыча чыгып кетишти. .

Бир күн келишет да деген үмүт менен сыртка чыктым. Өзүмө окшогон бир топ энелердин жанына барып олтуруп:

-Бул жакта каначадан бери даарыланып жатасыздар? Качан үйүңүздөргө кайтасыздар? -деп суроого тарттым. Бир чачын ак баскан ак жумал эне шаша мага таң калып жооп берди:

-Сиз бул жактын кандай жер экенин чын эле билбейсизби?

-Жоок дедим да бул жер доктуркана жакшы карай турган -деп жооп бердим.

Ал эне:

-Бул жер эч кандай доктуркага эмес, бул жер бүт ата энесин таштап кеткен “Каарылар үйү “болот деди. . .

Уккан кулагыма ишенбей жок эч качан менин уулум мындайга барбайт, ал мени жакшы көрөт силер адашып жатасыңар -деп өзүмө келе албай жаттым. Бир аздан кийин доктур укол берип тынчтанып болгондон кийин чынын да бул жер каарылар үйү экенин айтты.

Көзүм караңгылап, жан дүйнөм талкаланып, жүрөгүм ооруп Эмне үчүн?  Эмнеге? деп өзүмө өзүм суроо берип жаттым. Мен эч качан ойлогон эмес элем уулумдун ушундай ишке барарына.

Ошо күндөр өтүп көнүп да калдым бирок ички жан дүйнөм сагынычтан неберелеримди, уулумду көрүүнү каалап кусаланып жүрдүм. Бирок мен күтүүнү үзгөн жокмун келип калышат жаштык кылды да сагынсалар, кечирим сурап алып кетет деп үмүт менен күнүмдү өткөзө бердим. Жашоо уланып кундөр айларга, айлар жылдарга алмашып кетти бирок алар келбеди, менин үмүтүмдүн шооласы өчө баштады.  Күндөн күнгө согуп турган жүрөгүм, жүрүп турган каным соолуп акырындан төшөкө жатып калдым. Ошондо билдим уулума бардык нерсе байлык жакшы жашоо берипиз, бирок ыймандан тарбия бербепиз.  Мен эми түшүп жеттим кошунабыз ыйман жолунда адамдар болчу канча жолу Кудай жолуна чакырса укпай койгон болчумун эми Аттиң!  кылам анткени алардын үйүндө каарыган Чоң эненин өмүрүнүн акырына чейин баласынан сый урмат, көрүп үй бүлөөнүн балпайган байбчеси болуп бактылуулукта өмүр сүргөнү эсиме келди мен аябай өкүнөм ошондогу катам үчүн! Ошон үчүн Аллахтын мага болгон жазасыбы? Эх жашоо эч кимдин энесине мындай күндөрдү ыраа көрбөймүн, бардык балдарга Кудайым инсап, мээр, ыйман берсин.  Кудайдан кеч болсо да уулума ыйман, инсап аман болсум деп тилеп калам, деп сөзүн аяктады эне. Ошо менен ал эне төшөктөн турган жок. Жалыгыздыктан, сагынычтан, кусалыктан, күйүттөн эле байкуш эне өз ажалын өз чакырып акыры бул жарыктык менен коштошту. . . . .

Мындай өкүнүчтүү иштерди кимдер жасап жатат орустар десек мусулман бир туугандар да ушундайга барып жатышат. Мындай көрүнүштөрдү токтосок болот албетте ал үчүн:

Урматту алтындай болгон ата энелербиз келиңиздер балдарыбызды ыйман менен тарбиялап Аллах жолунда жашайлы. Ким айта алат Аллах жолунда жургөн инсандар ушул ишке барат деп эч ким! Анткени Ислам дини таза, акыйкат, адилеттүү, туура дин анын ичинде баары бар, ыймандүүлук, мээримдүүлук, кечиримдүүлүк, адеп ахлак, ата эне, жакын туугандарга болгон сый урмат, сабырдуулук, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу камтылган.  Ушлар менен биз жашаган болсок бизде мындай өкүнүчтүү окуялар болмок эмес. Ошондуктан баарыңыздарды дин менен жашоого чакырмакпыз. . .

Эне -деген баласын тогуз ай курсагында көтөрүп, жарыкдүйнөгө келген баласын ак сүтү менен тойгозуп, күнү түнү дебей оорусуна, ыйына чыдып, түн уйкусун бөлүп, бутуна тура элегинде колунан түшүрбөй, төйтөңдөп басканда артынан калбай чуркап, өзүн өзү эптегенче андан көзүн албай келет. Окутуп, кийинтип, тазалап, үйлөнүшүңө, жубайлуу болушуңа себеп болгон Энелербизди эмне үчүн биринчи орунга койбойбуз? Эмне үчүн ушундай талыкпаган мээнеттин ээлер болгон энелерибизди ал жактарга ыра көрөбүз? Аларда эмне күнөө айткылачы? Биз үчүн жашап, биз үчүн жан күйдүрсө

Энелердин көз жашын агызбайлы, кыйнап кордобойлу, зарлантып күйдүрбөйлүү, Ата энеге кандай сый көрсөтсөк каарыганда балаңдан ошону көрөсүң, бул чындык энеңе бербеген мэрди, балаңдан көрөр белең. . . .

Эгер билсек эне бейишибиз, бирок тозогубуз да болуп калуусу мүмкүн!

Энелерди өзү барда, көзү барда сыйлап, көзүнөн жаш эмес, көзүнө кубаныч күлкүсүн, жүзүнө капалык эмес  жылмайу сүйүнүчүн, күйүттөн башын жерге салдырбай, ыразычылыгын, батасын алалы туугандар!

Энелерибиз аман болсун ылайым! . . . . .

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Эненин муңдуу көз жашы… appeared first on FORMULA.KG.


October 14, 2015 at 08:08AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.