Halloween party ideas 2015

Эне жөнүндү өтө эле көп жаздым. Азыр ойлосом эне жөнүндө жарытаарлык деле бир нерсе айта элек экенмин. Айтып бүтүрүүгө дагы мүмкүн эмес
экен. Канча жазсам да эне деген улуу мухиттин чети оюлбайт окшойт. Эми эсиме түштү. Эне жөнүндөгү хадисти эстедим.

Энебиздин бизге берген бир түндүк сүтүн акташ үчүн аны Меккеге көтөрүп барып, кайра көтөрүп келсек да аздык кылат экен. Ошондой болгондон кийин биз өмүр бою эч качан эненин карызынан кутулбайт экенбиз. Анын таманынын астындагы бейишти көрбөй туруп, бейишти эңсегенибиз болбогон кеп экен. Ушул эң жөнөкөй нерсени билбей жүрүп өмүр өтүп баратканына кейиймин.
* * *

Эне болбосо, жарыкчылыкты кайдан көрөт элек? Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылып берген эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн мененбаарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан мага «Эне» деген сөз «Жарык күн» деген мааанини туюндуруп келет.

* * *

Азыркы мезгилде энесин кордогон, уруп-сабаган, энесинен безип кеткен, карыялар үйүнө алып барып таштаган боору таш, карөзгөй балдар көбөйдү. Ошондой зар какшаган энелердин ыйынан, көз-жашынан улам заманыбыз оңолбой калды. Ошондон улам адамдардан мээр-акыбет качып, ыймансыздык кара тумандай каптады. Эненин көз жашы тамган жерде кыямат башталаарын унутпайлы.

* * *

Энеге тил тийгизбе.Эненин куту түшпөсүн десең өзүңдү таза, адилет, ак алып жүр. Жаман, ыплас нерселерге чарпылбай башыңды бийик көтөрүп жүр. Сенин акмактыгыңды көрүп алып, башкалар энеңе наалат айтпасын. Бул дүйнөдө энесине тил тийгизүүдөн өткөн наадандык жок. Ошону эсиңден чыгарба.

* * *

Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрбандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш келгендей боломун. Кыялымдан шашкалактап күрү-күү түшкөн турмуш агымы оолактап кетет. Кандайдыр бир түбөлүктүү дүйнө менен баарлашып калгандай сезем өзүмдү. Ылайым, балпайган ак чач энелер жергебизде көп болсо экен.

* * *

Бешик терметкенде «Алдей» айткан энелер азайып баратат. «Алла-эй!», – деп Алланын ысмын жаш бөбөктүн жүрөгүнө жеткирип, анын дилине ыйман нурун төгүүдөн артык эмне бар? Алла менен ооздонгон бала эзели жаман болбойт. Ошондуктан энелер эч качан «Алдей» ырын ооздон түшүрүш керек эмес. Энени эне кылып көркүнө чыгарган мына ошол бешик ырлары.

* * *

Тамтумдап буту чыккан бала жыгылып кетсе, эненин жүрөгү шуу дей түшөт. Ыйлаган баланын үнүн укса, эненин жүрөгү селт этет. Түндөсү бирөө эшик какса, уулун ойлоп эне чочуп кетет. Бизди ошентип өстүргөн энебиздин көңүлүн кээде калтырып, орой мамиле кылып жүргөнүбүздү Кудай Таала да кечирбесе керек. Энесин какшатып зарланткан бала эч качан өйдөлөп кете албайт.
* * *
Азыркы күндө дүйнөнүн артынан түшүп балдарын таштап кеткен, бой-мүчөм бузулуп калат деп бала төрөгүсү келбеген, өз канынан жаралган балдарга карөзгөйлүк менен мамиле жасаган, эне деген ыйык атты алып жүрүүдөн оолактап калган аялдар көбөйдү. Энелик улуу касиетти тебелеп-тепсегендер көбөйдү. Ошонун кесепетинен заман тескери жакка ооп тарбиясыз, жүрөгүндө мээрими жок ташбоор балдар чоңоюп жатат. Үйүбүздөн кут качып, ыйман ыдырап, рухий дүйнө деградацияга жол алууда. Бул апааттан сактап кала турган эне экендигин унутпайлы. Эненин көз жашы ташты ээритип келген. Эмне, азыркы учурда ташбоор заманды ээрите турган энелердин көз жашы чыкпай калганбы?

* * *

Энесине кол көтөргөн балдар, энеси менен жулмалашкан кыздар жылдан жылга көбөйүп баратат. Андайлар таптакыр чийинден чыгып кеткен, адам кейпинен ажыраган шордуулар. Ошолор акыр заманды жакындатып, жалпы элдин күнөөсүн көбөйтүп бүт баарыбыздын жашообузга кара такты салууда. «Бирдики миңге, миңдики түмөнгө» дегендей, эненин кадырына, эненин абийирине доо кетирген акмактардын кесепетинен, балким бизге Алла Тааланын каргышы тийип, өйдөлөп кете албай улам жакырланып, ыймансыз жашоого белчебиз менен батып бараткан чыгаарбыз. Энеге акырайып кароонун өзү канчалык күнөө экендигин эстесек, анда энеге кол көтөрүү бул тирүүлүктүн өзүнө, ыйыктыкка, аруулукка, бизди жараткан заттын өзүнө кол көтөрүү дегендикке барабар. Мындан өткөн кылмыш жок болсо керек. Оо, жараткан Эгем, ошолорго ыйман берип, ак жолго сала көр!

* * *

«Эне» деген үндү уккан сайын жүрөгүм элжиреп кетет. Бул сөздүн түпкүрүндө өмүрдүн башаты, тирүүлүктүн чексиз ырахаты, барчылык, молчулук, Күн нуруна тете болгон мээрим жаткандай сезилет. Жер огу мына ушул сөз менен айланып тургансыйт. Мына ушул сөздүн күчүндө жашоону алдыга сүйрөгөн улуу энергия бардай туюлат. Биз ушул сөз менен туулуп, ушул сөз менен өлөбүз.

* * *

Эне болуу бактысына жетпеген аялдарга боорум ооруйт. Алла Таала аялзатын эне болсун деген максатта жараткан. Ошол улуу озуйпаны аткаруу менен гана аялдар кадыр-баркка, сый-урматка жетише алышат. Кимдир бирөөлөр аркылуу жалпы эркектерди жек көргөндөр, эркектерди теңсинбей шакаба, шылдың кылгандар, эркектерден өздөрүн бийикпиз деп текебер мамиле жасагандар, кесепет мыйзамынын негизинде эне болуу бактысынан ажырап калуусу ыктымал. Эне болгон күндө да андай аялдардын төрөгөн балдары ар кандай кармалык илдеттерге чалдыгып, ошолордун азабын тартып өтөт. Демек эне болуу деген сөз – жашоону жүз пайыз сүйүү деген сөз, айкөл, кечиримдүү болуу деген сөз. Ошондой болсо гана аялдын бешенесине эне болуу бактысы туш келет.

* * *

Энемдин оозунан эң көп уккан сөз: «Айланып кетейин, садагаң болоюн », – деген сөздөр болду. Азыр дагы кулагыма ушул сөздөр угулуп турат. Ушул сөздөр аркылуу энемдин мээримин, жылуулугун азырга чейин туюп, сезип келатам. Кээ бир энелердин оозунан чыккан каргыш сөздөрдү укканымда төбө чачым тик турат. Ошондо энемди эстеймин. “Айланайын” деген сөз угуп чоңойгонума шүгүр кылам. Мага ошондой энени берген Жаратканыма ыраазы болом.

* * *

Адамдын тарбия-таалими энеден. Айлана-чөйрө менен болгон мамилеси энеден. Боорукерлиги, кечиримдүүлүгү, күйүмдүүлүгү энеден. Демек, биздин адам болуп калыптануубуз энебиздин ак сүтү менен боюбузга сиңген. Балалыгыбызды энебизден бөлүп кароого болбойт. Ошол кездеги уюткубуз кандай болсо, ошого жараша адам болуп өстүк. »Уяда эмне көрсө, учаарда ошону алат» дегендей, биз энебизден алган рухий байлык менен сапарга чыкканбыз. Бара-бара ошол башатты унуткандар адамгерчиликтин чек- өлчөмүнөн чыгып, өз баштарына оор кесепеттерди үйүп алышууда.

* * *

Бүгүнкү күндө карыялардын үйүндө жаткан энелердин саны көбөйдү. Кыргыздын ак чач кемпирлери өлбөстүн күнүн көрүп, бала-чакасынан үмүтүн үзүп, оор абалда жашап жатышат. Энелерин багып алууга кудирет-күчү жетпеген уул-кыздарды ойлосом, жүрөгүм кармап калат. Андайлардын жеп-ичкенден башканы билбеген макулактан эмнеси артык? Энесин таштап коюп кантип тамагынан ысык суу өтүп жүргөнүнө түшүнбөймүн. Кантип тынч уктап өмүр сүрүп жатканына таң калам. Дүйнөпараздык психологиясы адамды мына ушундай ташбоор, мерез, ыплас кылып салабы? Же Кудай Тааланын бул дүйнөдө көрсөткөн азап-шорубу?

* * *

Энеси ыраазы болбогон баланын көрү күйүп, сурак бералбай кыйналып жаткандыгы жөнүндө пайгамбарыбыздын бир хадиси бар. Тирүү жүргөн ар бир пенде ошол хадистин маанисин жакшылап билип алганы оң. Энесин нааразы кылган пенденин иши а дүйнөдө да, бу дүйнөдө да эч качан оңолбойт. Жолу да болбойт. Кылган амалдарынын баары күйүп кетет. Ушуну эстен чыгарбай жүрсөк дейим.

Эгемберди Эрматов

The post Эне жөнүндө сөз appeared first on FORMULA.KG.


October 12, 2015 at 03:11PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.