Halloween party ideas 2015

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим
Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар! Куранда Алла Таала айтат: “Эстеткин, насаат айткын, анткени эстетүү ыймандууларга пайда берет”. Ошондуктан шайлоодо талапкерлер жана добуш берүүнүн шарияттагы орду боюнча Куран жана хадистен айта кетүүнү туура көрдүм. Алла Таала кааласа 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бул өтө маанилүү жана олутуу иш-чара, себеби Кыргызстандын тагдырын, келечегин оңдоого кишилер келет. Ошондуктан, адилеттүү, жөндөмдүү, билимдүү, тажрыйбалуу, өзүнүн кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон талапкерлерди шайлообуз ар бирибиздин милдетибиз. Адилеттүү шайлоо бул ибаадат, буга сооп берилет, ал эми адилетсиздик кылуу бул кыянаттык. Депутаттыкка талапкер болгон киши элдин алдында эки нерсеге доо кылат: биринчиси, мен буга ылайыктуумун; экинчиси, динчилдик жана аманатчылдык менен кызмат кыламын, деп. Депутаттык бул акылуулук эмес, жоопкерчилик.
Шайлоодо добуш берүүнүн шарияттагы орду күбөлүк берүү. Кубөлүк берүүнү жашыруу, жалган сүйлөө жана күбөгө өткөндүгү үчүн акы алуу арам. Саясий жеңилүү, же жеңүү жана аны дүнүйөнүн бир оюну деп түшүнүү өтө чоң ката. Сиз кайсы талапкерге добуш берип жатсаңыз шарият боюнча сиз ага кубөлүккө өтүп жатасыз, бул киши өзүнүн көз карашында билими жана тажрыйбасы динчил жана аманатчылдыгында бул ишке ылайыктуу, башкаларга караганда жакшыраак, деп. Ушул акыйкатты алдыга койсоңуз, анда төмөндөгү натыйжалар болот:
1.Сиздин добушуңуз жана күбөлүгүңүз аркылуу кайсы талапкер парламентке барса жана ал канчалык жакшы же жаман иштерди кылса, анын жоопкерчилиги сиздин мойнуңузга да түшөт. Сиз дагы анын сообуна же күнөөсүнө шериктеш болосуз.
2.Бул мамиледе эске ала турган өтө маанилүү иш бар. Жеке мамилелерде бирөө ката кетирсе анын таасири жеке өзүнө гана тийет жана чектелген болот. Сообу жана күнөөсү да чектелүү болот. Коомдук жана мамлекеттик мамилелерде бүтүндөй коомго таасири тийет. Анын эң кичинекей зыяны да кээ бир учурда коомду кыйратуунун себепкери болот. Ошондуктан, мунун сообу жана азабы өтө чоң.
3.Чын күбөлүк берүүнү жашыруу Курани Каримдин айтуусунда арам. Ошондуктан, өзүңүздүн аймактагы шайлоодо жөндөмдүү, ылайыктуу талапкерге добуш берүүдө кемчилик кетирүү чоң күнөө.
4.Динге каршы көз караштагы талапкерге добуш берүү жалган күбөлүккө өтүү болуп эсептелет жана чоң күнөө болот.
5.Добушту акчага сатуу коррупциянын эң ыплас түрү, арзыбаган бир аз дүнүйө үчүн мамлекетке жана динге душмандык кылуу. Башкалардын дүнүйөсүн кооздоо үчүн өзүнүн динин курмандыкка чалуу канчалык мал, дөөлөткө болсун эч кандай акылмандык, даанышмандык эмес. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Кимде-ким дүнүйө үчүн динин сатса, ал эң бактысыз адам”.
Жыйынтыктап жатып, урматтуу кыргыз эли Алла Таалага көбүрөөк дуба кылалы шайлоо тынч, адилет, таза ынтымакта өтсүн, эч кандай провокацияга жол бербейли. Диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге, элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин туруктуулугуна, өнүгүп-өсүүсүнө баардыгыбыз биргеликте салымыбызды кошолу. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта, улут-урууга бөлүнүп жарылбай, провокациялык иш-чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен шайлоону өткөрөлү.

The post Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин шайлоо алдындагы кыргыз элине болгон билдирүүсү appeared first on FORMULA.KG.


October 02, 2015 at 06:02PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.