Halloween party ideas 2015

Намаз жөнүндө:
Эй Мухаммад! Намаз жөнүндө да айта кетейин. Мусулмандар арбир убакытта намаз окууну каалайт. Бирок мен аларды кармаймын, жана аларга мен:«Али жашсың, жашың барганда (картайганда) окуйсуң, али сага эрте, дал азырсенин колуң бош эмес, азырынча тек жумушуңду кыл, кийин окуйсуң» деп, «васваса»(азгырык) беремин. Ушундайча намаз окуудан тыямын. Аэгерде ал мага багынбаса,адамдын шайтанын жиберемин. Айтор ага намазын өз убагында окутбоого тырышамын.Эгер ал адамдын да шайтанын да тыңдабаса, анда анын сазайын намазда беремин.Намаз окуп жатканда: «оңго… солго кара» деймин. Ал карайт. Андан кийин ага:«Сен намазда адепсиздик кылдың» деп, анын ыкласын бузамын.
Эй Мухаммед, кимде-ким намазда алаксый берсе анын намазы намаз болбойтургандыгын сен да билесиң го. А эгер бул ишимден да натыйжа болбосо, жалгызөзү намаз окуган убакытта жанына барып, намазды тез-тез окууну талап кылам. Алда намазын тез-тез окуй баштайт. Туура жерден короз дан терип жеген сыяктуу.
Эгер бул ишимди да орундата албасам, бул жолу жамаат менен намаз окуган кездеага жакын барып, имамдан (молдодон) мурда башын саждеден, рүкүдөн көтөртөмүнда, ары имамдан мурда сежде, рүкү жасатамын. Мына ушундай кылганы үчүн АллахТаала кыямат күнү анын башын эшектин башына айландырат.
Эгер бул иштеримден да бир натыйжа чыкпаса, бул жолу ага намазда бармактарынсындырууну (кырсылдатууну) буйрук кылам. Ушундайча ал мени тасбих эткендерден(мактап, көкөлөткөндөрдөн) болот. Бирок, бул ишти намаз окуп жатканда орундатаалбасам, ага кайта барып, мурдуна үйлөйм. Мен мурдуна үйлөгөн кезде ал оозуначып эстей баштайт.Эгер ал эстеген кезде колу менен оозун жаппаса, менинкичинекей балдарымдын бири анын ичине кирет.
Кичинекей балам ал адамдын дүйнөгө деген сүйүүсүн арттыра түшөт. Мына мынданкийин ал адам бизге гана кызмат өтөйт. Сөзүбүздү тыңдайт. Айтканыбызды эчкыйшаңсыз орундайт.
Шайтан сөзүн уланта берди.
- Үмөтөрүңдүн кайсы бир жакшы иштерине кубанасың. Мен аларга небир тузактардыжасаймын.
Мискиндердин, бей-бечаралардын жанына барамын. Аларга намаз сиздер үчүн эмес,Аллах Тааланын тамагы жетиштүү, ден соолугу мыкты, ары жакшылык берген кулдарыүчүн деймин. Ушундайча алардын намаз окубашын каалап, намаз окубагыла депбуйрук кылам.
Мындан кийин ооруларга барамын. Аларга «Намаз окубай эле койгула, анткени АллахТаала «Ооруларга күнөө жок» деген деймин. (Нур, 1). «Ооруңан айыгып, жакшыболгондо көп-көп намаз окуп ордун толтурасың» деймин. Отуруп намаз окуудантыямын. Ошентип ал каапырлыкка өтүшү мүмкүн. Эгер анын оорусу күчөп, ушул оорусебебинен намазын таштап кетип, ошол бойдон өлүп кетсе Аллах Тааланын алдынабарган убакытта ооруп жатса намаз окубаганы үчүн өзүнө өзү катуу өкүнөт. ЭйМухаммед! Эгер мен бул сөздөрүмө калп кошсом Аллах Тааладан тиле, мени күлгөайландырсын, - деди.
Иблис мындан кийин аңгемесин улантты:
- Эй Мухаммед! Үмөтүңдү мактанчы кыласыңбы? Негизинде мен алардын баарын динден(туура жолдон) чыгарамын,- деди.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллям мындай суроолорду койду:
- Эй, наалатка калган Иблис, сенин бирге отура турган жолдошуң ким?
- Менин жолдошум «пайыз» (процент) жеген киши.
- А досуң ким?
- Ойноштук кылган киши.
- Бирге жата турган жолдошуң ким?
- Өлөрчө арак ичип , мас болгон адам.
- Сенин коногуң ким?
- Ууру киши.
- Элчиң ким?
- Сыйкырчы (төлгөөчү) кишилер.
- Көзүңдүн нуру ким?
- Аялынан ажырашкан адам.
- Сүйүктүүң ким?
- Жума намазына барбаган киши, - деп жооп кайтарды.
Пайгамбарыбыз суроолорун өзгөртүп, мындай суроолорду берди:
- Эй наалаты, сенин көңүлүңдү эмне калтырат?
- Аллах жолунда согушка чыккан аттардын кишенеген добуштары.
- Жарайт, сенин денеңди эмне эритет?
- Бир күнөө иштеп, аркасынан тооба кылбаган кишинин сөздөрү.
- А бооруңду эмне ээритет?
- Күндүзү, түнү Аллах Таалага мол-мол айтылган истигфар (кечирим суроо).
- А жүзүңдү эмне бүрүштүрөт?
- Жашырын берилген садака.
- Жарайт көзүңдү көр кылган эмне?
- Түн жарымына оой окулган намаз.
- А башыңды төмөн шылкыйта турган эмне?
- Ал да түн жарымында окулган намаз.
- Сен үчүн адамдын эң жогору даражалуусу ким?
- Намаз окуу керек экенин билип туруп, атайын намаз окубаган киши.
- Сенин мазаңды ала турган эмне?
- Улама аалымдардын жыйналышы.
- Тамагыңды кандай жейсиң?
- Сол кол менен, бармактарымдын учу менен.
- Жарайт, катуу шамал болгондо же күн катуу ысык болгон убакытта балдарыңдыкайда сактайсың?
- Адамдардын узун-узун тырмактарынын астында.
- Эй Иблис наалаты, сен Аллах Тааладан эмне сурадың?
- Мен Аллах Тааладан он нерсе сурадым.
Аларды да айта кетейин.
1. Мени адам баласынын малы менен балдарына орток кыл деп сурадым. Булсуранычымды орундады.
….Орток бол малдарына,
Жана да балдарына.
(Арамдык аралаштыра)
Аларга бер убада,
Шайтандын убадасы,
Азгыруу үчүн гана. (Исра, 64)
Ар бир биссмилласын союлган малдын этин пайыз (процент) деп арам тамактан дажеймин. Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбаган ар бир кишинин малына ортокмун.Менин азгыруумдан Аллахка сыйынбай бир төшөктө жаткан (жыныстык катнаштаболгон) эрди катындардан дүйнөгө келген бала да бизге багынат, сөзүмдү угат.Кимде-ким көлүккө минип жатканда адал жолго (жакшы жерге) эмес, арам жолго(терс, жаман жерге) барууга ниеттенсе мен да аны менен бирге минишемин. Анынсапардагы жолдошу боломун. Аллах Таала бул тууралуу мындай дейт:
...Аттуу, жөө түрдө келгин.
Түйшүктөнтүп дүүлүктүргүн… (Исра, 64)
2. Аллах Тааладан мага бир үй бер деп сурадым. Аллах Таалам мага мончону үйкылып берди.
3. Мындан кийин мага бир мечит бер деп сурадым. Аллах Таала мага базарлардымага мечит кылып берди.
4. Мага окуй турган бир китеп бер деп сурадым. Ырларды мага окуй турган китепкылып берди.
5. Мага бирге жата турган жолдош бер деп сурадым. Мага мас көмдөрдү берди .
6. Мындан кийин мага бир азанчы бер дедим. Сурнайчыларды (музыканттарды) берди.
7. Мага көмөкчү бер деп сурадым… Бир жаман ишти кылып коюп, пешенеме ушундайжазылган экен дегендерди көмөкчү кылып берди.
8. Мага тууган берчи деп сурадым эле, дүнүйө малдарын керексиз жерге ысырапкылгандарды берди.
Бул да Куран Карим аяты менен да далилденген:
Ысырапчыл чындыгында,
Шайтандын тууганы да.
А шайтан кас Раббыңа (Исра, 27) .
Ошол кезде пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллям «Эгер айткан сөздөрүңдү Куран карим аяттарыменен далилдебегениңде сага ишенбейт элем» деди.
Шайтан сөзүн жалгаштыды:
9. Аллахтан сурадым, адам балдарын мен көрөйүн , бирок алар мени көрбөсүн. Бултилегимди да орундады.
10. Дагы да адам баласынын денесиндеги кан тамырларын мага жол кылып бер дептиледим. Муну да кабыл кылды. Ушундайча мен алардын арасына киремин, каалашымчаайтканымды орундатамын. Бул абалыма мактаныч кыламын.
Дагы да муну айта кетейин. Эй Мухаммед, сени менен бирге болгондорго (ээрчигендерге)караганда, мени менен бирге болгондор (мага ээрчигендер) өтө көп.
Мына ушундайча кыяматка чейин адам баласынын көпчүлүгү мени менен бирге болот.
Мындан кийин Иблис дагы мындай деди:
- Менин бир уулуми бар… Анын аты Атеме, анын кылаар жумушу кимде-ким куптан(ясту) намазын окубай уктап калса, анын кулагына барып кичи дааратын сындырат.А эгер менин уулум бул ишти иштебесе, мусулмандар куптан намазын окубай уктайалбас эле. Мени дагы да бир уулум бар. Анын аты Мутекази. Бул уулумдун аткаратурган милдети жашырын (эч кимге көрөтпөй) иштеген кулчулуктарын (амалдарын)жарыкка чыгаруу. Мисалга, бир киши эч кимге көрстпөй жашырып кулчулук кылсажана эч кимге айтпай өз ичинде сактаса уулум Мутекази аны түрткүлөйт… Эң сонунал киши жашырын иштеген кулчулуктары менен жакшылыктарын башкаларга айтыпжарыкка чыгарат.
Ушундай кыган үчүн Аллах Таала ал кишинин сообунун токсон тогузун өчүрүпташтайт. Тек бир сообу гана калат. Анткени Аллах Таала жашырын иштелгенкулчулуктар менен жакшылыктарга жүз сооп берет. Ошондой эле, менин дагы бируулум бар. Анын аты Кухайыл. Бул уулумдун аткара турган иши адмадардын көзүнүрүлөтүү. Асыресе уламалардын мажилисинде да имамдар үгүт насаат айтканубакыттарда менин бул уулум адамдарга жакындап барып көздөрүн үйлөйт. Мына ошолкезде аларды уйку басат. Уламалардын же имамдардын айткан сөзүн укпайт.Ушундайча сооптон да куру калат.
Мындан кийин Иблис мындай деди:
- Кандай аял болсо да анын турган жерине балдарымдын бири отурат. Ары ар бираял кишинин койнунда бир шайтан ал аялды жакшы (сулуу) кылып көрсөтөт жана алаялга кай бир иштерди орундоого үгүтөйт. Мисалы: «чачыңды жайып, бет алпеттибоёп, кыска кийимдердин кийип өзүңдү күт. Башкалар сага таңдана, кумарланакарай тургандай болсун» дейт. Ал аял аны кечеңдетпей орундайт. Ошентип аялуялбай ээн эркин кыска кийим киет. Өзү ачык-чачык (өз денесин ачып, көрсөтүп)жүрөт. Уят-сыйыт эмне экенин да билбейт.
Иблис мындай кийин өз жагдайын айта баштады:
- Эй Мухаммад! Адамды туура жолдон чыгарууда менин колумдан эч бир иш келбейт.Мен тек бир нерсени жакшы көрсөтүп, анын көңүлдөрүнө саламын. Эгерде тууражолдон чыгаруу менин колумда болгондо жер бетиндеги «Теңи жок, Аллахтан башка,Мухаммад элчи Аллахка» деген кишилерди, орозо тута турган, намаз окуй турганкишилерди калтырбайт элем. Алардын баардыгын туура жолдон чыгарар элем. ЭйМухаммед, менин колуман эч бир иш келбеген сыяктуу адамдарды туура жолго салууда сенин колуңдан да эч нерсе келбейт. Сен тек гана Аллахтын элчиси, ары сөзгөчеченсиң. Эгер туура жолго салуу сенин колуңда болсо, сен жер бетинде бир дакапыр калтырбас элең, - деди.
Мындан кийин пайгамбарыбыз (сав) мына бул эки аятты окуду:
Раббың аларга мээрим
Көрсөткөндөрдөн башка.
Ал жараткан (ушундайча)
Раббың сөзү ишке ашууга:
«Толтурам жаханнамды,
Жиндер менен адамдарга».
(Худ, 119).
Аллахтын буйругу - өкүм тужурмду.(Азхаб, 38).
Мындан кийин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллям Иблиске мындайдеди:
- Эй наалаты, сенин тообага келип Аллах Таалага кайтууң эч мүмкүн эмеспи?Жанатка кирүүңө себепчи болоюн.
Иблис (шайтан):
- Эй, Алланын элчиси! Ар бир иш берилген өкүмгө жараша болот. Чечимди жазганкалем да куруду, кыяматка чейин боло турган иштер болот.
Сени пайгамбарлардын ичинде «султаны» кылып жаннат калкынын хатиби?(сүйлөөчүсү) кылган да – Аллах Таала.
Иблис соңку сөзүн мындай аяктады:
- Мына бул айткандарым сага сока сөздөрүм. Айткандарымдын эч бирине да калп кошподум.

БАКТЫЛУУЛУКТУН  ФОРМУЛАСЫ

Отправить комментарий

Технологии Blogger.