Halloween party ideas 2015

Кайсы бир имараттын каалгасынан «Карылар үйү» деген жазууну көрсөм, кайгыга чөмүлүп, оор үшкүрүнүп алам. Кээде жашыруун же атайылап алардын маанайын көтөрүү үчүн кандайдыр белектерди же кызыктуу китептерди ала барам. Карылар үйүнүн улагасын аттаганымда улгайган адамдардын үлбүрөгөн жүздөрүнөн, үмүтсүз көздөрүнөн алардын ошондогу кейиштүү абалдарын, баштарынан өткөргөн оор күндөрүн окуп алам. Алгач барганымда өзөгүмө бирөө чок салгандай сыздап, жан дүйнөм муздап, жашоом караңгылап кетти. “Карыган апаларда, аталарда эмне айып? Балдарынын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты баштан кечирер кезде тапкан таалайы ушубу? Ата-энесин сыз жерге таштап, өзү мамык төшөктө жаткан уул-кыздан кандай кайрым күтүүгө болот? Бапестеп баккан ата-энесин карылар үйүнө кантип ташташат?” – деп таңданып, кейип бараттым.

Аларга мамлекет кам көрүп жатса да, алардын арманы азайбастыр…

Карылык желкеден басып, муундары калтыраган карылар кимге аманат? Уул-кызын зарыга күткөн ата-энелер кимге аманат? Ойлонбойбу адаммын деп басып жүргөндөр, ата-энесин кагып-силкип, карылар үйүнө калтыргандар? Ойлонбойбу өзү дагы кадам сайын карылыкка жакындап бараткандар? Мен андайларды акыл-эстүү адам эмес, кош аяктуу макулук деп эсептейм.

Келгиле, үмүтсүз апаларды, дармансыз аталарды саргайтпайлы!

Эх уулум, жүрөк дартым сезбедиң!

Эх уулум, жүрөк дартым сезбедиң,

Эчен ирет ойлойм, бирок, келбедиң.

Байкап турам карыганда баш чайкап,

Бапестеген ата-энеңди эстээриң.

Учкул мезгил, силерге да кез келер,

Ушу жазмыш силерге да кезигер.

Кейип-кепчип сыздаганда жаныңар,

Кеч болсо да эне баркы сезилер.

Уйку качат, таң атпайт же күн чыгып,

Узун түндө үшүдүм мен чыйрыгып.

Өлтүрбөдү мени мынча кыйнабай,

Өзөктөгү өрт-жалын же тынчытып.

Уул-кызым ойлонбоду, кантем мен?

Уу жуткандай, буулугамын, эчкирем.

Тобокелге салгым келет жанымды,

Тагдыр ушу, анан кантем эми мен?

Коркунучтуу эмес ажал айбаттуу,

Керек эмес мага ушу жан таттуу.

Жалгыз гана абийиримден уялам,

Эл алдында касиеттүү, айбаттуу.

Өмүр өтөт турмуш менен бетме-бет,

Бакыт мынча адамзатка кеч келет.

Жаратканым аманатын алган соң,

Анан мага бейишинен кут берет.

Майсалбек Ибрахим уулу

Отправить комментарий

Технологии Blogger.