Halloween party ideas 2015

Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васалламдын доорунда Алкама атуу жаш жигит катуу ооруп калат.Аялы Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васалламга куйоосунун акыбалын тушундурот.Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам Билал Хабаши,Салман жана Аммарды(р.а)Алкамынын уйуно жиберет.Алар Алкамынын  акыбалы оор экенин коруп,ага "ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛАЛЛАХ"деп айтуусуна жардам берет. Тилеке каршы айталбайт. Билал Хабаши(р.а) Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васалламга келип баарын тушундурот. Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам:"Алкаманын ата-энеси барбы?"деп сурайт.Ал,атасынын олгонун,каарып калган энеси бар экенин айтат. Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам энесинен уулу кандай мамиледе болгонун сурайт. Энеси:"Ал дайыма аялына баш ийип,менин айткандарымы укчу эмес". Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам Билал Хабашиге(р.а):"Барып отун топто.Аны отко куйгузойун"- дегенде чыдай албаган Алкаманын энеси:"Эй Расулаллах ал менин уулум.Аны менин коз алдымда отко куйгузосунбу?"-дейт.Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам:
   🌷"Аллахтын азабы мындан да коркунучтуу.Сен ичинден уулуна Аллахтан кечиримдуулук сурап жатасын.Андай болсо, уулуна ыраазы бол"-дейт. Алкаманын энеси колун которуп:
"Эй Расулалла!Алла Таалам,сен жана жанымда туугандарым баары кубо.Мен Алкамага ыраазымын.Ага берген ак сутум,эмгегимди адал кылдым"-дейт.Буга ыраазы болгон Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам Билалды Алкамага жонотот.Билал(р.а)Алкаманын уйуно киргенде анын "ЛАА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ" дегенин угат.Ошол эле куну Алкама коз жумат. Пайгамбарыбыз саллаллооху алайхи васаллам жаназа намазын окуп,аны жерге койгондон кийин элге кайрылып:"Эй мухажирлер! Эй Ансарлар!Кимде-ким аялын энесинден жогору коруп,энесине карабай койсо,Аллахтын каарына калат.Анын кылган ибадаттары жана жакшылыктары текке кетет"-дейт.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.