Halloween party ideas 2015


    Кириш сөз



  Бүт ааламдар Ээси, кыямат падышасы, биз сыйынып, жардамына муктаж болгон Аллахка мактоолор, Анын акыркы Пайгамбарыбызы Мухаммад Мустафа с.а.в.га салам жана салаваттар болсун! Ас-Саламу алейкум, урматтуу мусулман  агайын туугандар!
   Менин  ушул жупуну эмгекке кол урганымдын бир канча себеби бар:
биринчиден, илкеркилер айтмакчы ата сакалы чыгып өз уул-кыздарым бойго жетип, мамиледе кыйынчылыктар пайда боло баштады. Экинчиден өзүм деле атама кыйратып мээнет кылганды билбепмин, кудайга шүгүр али да кеч эместир. Айтайын дегеним – мага окшогондор көптүр, ушул эмгектен мен эмнени түшүнгөн болсом, балким  башка бирадарларыма аздыр көптүр пайдасы тиер деген максатты аркаладым. 
   Ата энеге урмат кылуу жана аларга жакшы мамиледе болуу диний милдет. Аллах Куранда: «Биз инсанга ата-энесине жакшы мамиледе болуусун буйурдук», («Ахкаф», 25) «Аллахка эч кимди шерик кылбай сыйынгыла жана ата-энеңерге жакшылык кылгыла…»-(«Аялдар», 36) дейт.
   Бирок  көпчүлүк, ар түрдүү сырттан келген таасирлерден, динсиздиктен жана жөн эле караңгылыктан Аллах койгон негизги милдеттерин аткармак түгүл түшүнбөй келет. Мунун кесепетинен барган сайын кордолгон ата-энелер көбөйүп, карылар үйү күндөн-күнгө толуп барат. Карылары кордолгон коом бактылуу жашоого татыксыз. Ата-энеге каршы чыгуу - чоң күнөө. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.  аларга баш ийүү жана жардам кылуу бейишке, каршы чыгуу жана урматсыздык тозокко кирүүгө себеп болоорун белгилеген жана ата-энеси жанында карыган учурда бейишке кире албагандарга каргыш айткан.
   Ата-энеге кылынуучу көптөгөн милдеттер бар. Алардын материалдык жана руханий муктаждыктарын аткаруу,  арам болбогон иштерде ата-эненин каалоосун аткаруу, ибадаттарына жардам берүү, аларга дуба кылуу, намысын коргоо, алар ирээнжий турган иштерден жана жаман мамиледен узак болуу, жакшы осуяттарын аткаруу, эгер бул дүйнөдөн өтүп кетсе алардын достору жана жакшы көргөндөрү менен мамиле куруу уулдун негизги милдеттери. Аллах Кураанда: «Биз адамга ата-энесине жакшы мамиле кылуусун тапшырдык…» («Жөргөмүш», 8) дейт. Демек, балдарынан жакшы мамиле көрүү ата-энеге Аллах тарабынан бөлүнгөн укук, алардын акысы. Ал эми ал укукту  сактоо, алардын акысын берүү - балдарга милдет.     
   Ислам тарбиясында  уулдун Аллах алдындагы ата-энеге тиешелүү  милдеттери көп. Уулдун дегени - кыз турмушка чыккандан кийин  бул милдеттердин көбүнөн бошоп, күйөөсүнүн карамагына өтөт жана ата-эненин түйшүгү уулга калат.  Айтмакчы, кыз күйөөгө чыккандан кийин да ата-энени унутпай аларга дуба айтып, колунан келген жардамын берсе болот. Бирок, күйөөсөнүн уруксатысыз же күйөөсүн машакатка салып, ызалантып, же ачуулантып жардам берүү туура эмес.
    Бул  милдеттерди негизинен  күч кубат, дил, каражат менен аткарылат жана алардын көзү өткөндөн кийин да уланат.


Атанын укугу 


Үй бүлөдө атанын укугу чоң.  Себеби Аллахтын алдында атанын   балдары, жубайы жана үй-бүлөөсү үчүн   жоопкерчилиги чоң. Анын милдети -   үй-бүлөө мүчөлөрүнүн  курсагы ток, үстү бүтүн, бирөөнүн зомбулугу жок жашоосун камсыз кылуу, аялына жакшы кароо, балдарын  коомго пайдалуу кылып өстүрүү, а негизгиси Аллахы менен болгон мамилеге тарбиялоо. Бул тапшырманы аткаруу  үчүн ага талап кылуу укугу берилген жана  анын талабынын аткарылышы - атанын акысы.
Атанын  талабын аткарбоо - анын акысын же укугун бузгандык. Шариатта бирөөнүн укугун бузганды зулумдук кылды дейт.
Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: «Атасын кулдуктан бошотсо гана анын акысынан чындап кутулат»-деген. Эркиндикте, ыйманы бекем, ак сакалын жайпалтып, намазы жана  неберелери менен гана убара болуп жүргөн атанын акысынан  кутулууга убара болбой  эле койуңуздар,  андай атанын акысынан кутулуу мүмкүн эмес.
 Бирок, Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: «Атасы кулдукта болсо» деп, акылдуу жигитке ойлонууга жем таштайт.  Аллахка моюуну жар бербей, арактын, кумардын, аңгиликтин туткунунда жүргөн аталарды чыныгы жолго кайтаруу - туткундан чыгаруу болуп жүрбөсүн. Атасынын  акыретин оңдоону каалагандар ойлонуңуздар, Аллах андай уулдарга өзү колдоо көрсөтсүн! Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: “Атаңарга жакшы мамиледе болгула, уулдарыңар да силерге жакшы мамиле кылышсын”-деп айткан.
            Атанын даражасын Ибрагим Пайгамбарыбыздын уулу Исмайылдын мамилесинен байкаса болот. Ибрагим а.с. аялы Сааранын кызганычынан  Аллахтын каалоосу менен Ажарды жана чөргөктөгү Исмайылды Аравиянын какыраган чөлүнө бир чанач суу, бир калта курма менен таштап кетет. Көп өтпөй суу да курма да түгөнүп, ачкадан айласы кеткен Ажар улам бир адырдан экинчисине чыгып бирөө жарым көрүнүп калабы деп жан далбастайт. Курсагы ачып тыбырчылаган бөбөктүн таманы тийген жерден Аллахтын буйругу менен суу атып чыгат жана эне-бала бул сууну бойлоп жашап калат. Ошол учурда чөл кезип жашаган журхум уруусу Ажардын уруксаты менен бул булактын жанын отуруктап, Замзам булагынын тегерегинде азыркы Мекке шаары пайда болот.
Жылдар өтүп, Ибрагим а.с. жубайы, баласынан кабар алганы келип, Аллахтын буйругу менен Исмайылды курмандыкка чалганы калат. Аялы, баласы макул болушат, аз келгенсип аларды азгырган шайтанды таш менен кууйт. Бул эмне деген тарбия?!
Арадан убакыт өтүп, Ажар көз жумат, бойго жеткен Исмайыл журхум уруусунан бир кызга үйлөнөт. Ал ууга кеткенде Ибрагим а.с. келип калат жана келининен аны-муну сурап, анын наалый бергенинен, Исмайыл келсе «босогосун алмаштырсын» дегенди насыйкат кылып кетет. Уудан кайткан Исмайыл жубайынын сөзүнөн атасынын келгенин түшүнөт жана «босогосун алмаштырып» аялына талак берет. Бул эмне деген уулдук?!
Андан дагы бир аз убакыт өткөн соң Исмайыл дагы үйдө жокто Ибрагим а.с. келип калат жана уулунун үйүндөгү жаңы келинди байкайт. Андан да аркы-беркини сурап, бул келиндин каниеттүүлүгүнө ыраазы болот жана Исмайылга «босогосун бекемдөөнү» табыштап кайтат. Сапардан кайткан Исмайыл дагы атасынын келгенин түшүнүп, анын айткан сөзүнөн  аялына ыраазы болгонун билет жана кубанычы койнуна батпай сүйүнөт.
Ибрагим а.с. акыркы зияратында Исмайыл Замзамдын боюнда жебе камдап отурган болот жана атасын алыстан көрөөр замат ага өрмөлөп барып, атасын кучактап тосуп алат. Бул эмне деген сагыныч?!
Атасы какыраган чөлгө таштап кетти, энесин караган жок, бала чагында келип сойгону калды, анан бир күн келип «аялыңа талак бер» деди – бүгүнкү реалдуулукка салганда бул кандай ата? Жана ушуга карабай, сойом десе жатып берген, аялына талак берип, анын алдына чөгөлөп барып кучактап тосуп алган кандай уул?!
            Менимче, Аллах мына ушундай уулдугу үчүн Исмайылды Пайгамбарыбыз даражасына көтөрдү жана акыркы Пайгамбарыбызды  анын урпагынан чыгарды.
            Демек, атанын укугу анын улуулугу менен, бекеринен элде: «Ата ыраазы – Аллах ыраазы»-дебесе керек.



Эненин укугу


    Үй-бүлөөдө атадан кийинки эле чоң укук энеге берилген. Кимдир бирөө эсептетир: эне бир эле перзенти 18 жашка чыкканга чейин: 30 миңден ашуун маал тамак жасайт экен. Күнүнө 30 дан жалайык-ыштан,  бир жумада бештен көйнөк, бештен шым, байпак жууганда да 18 жылда 150 000 ге жакын кир жуулат экен. Бул бир эле баланын түйшүгү.  Исламдагы беш парздын бири - ажылыкты аткаруу зор күчтү, эркти талап кылгандыктан, адам жалгыз боюн караса да  амалдарын араң  аткарууга жетишет. Ошого карабай бирөө  энесин желкесине отургузуп, Меккеге ажылыкка алып барган экен. Ал жигит ошол кездеги мусулмандардын падышасы Умар ибн Хаттабдан: «Эй, Умар, мен Меккеге энемди желкеме көтөрүп келдим, анын акысынан кутулдумбу?»- деп сурайт. Умар: «Жок, сен энеңдин сени төрөйм деп толготкондогу бир онтоосунан да кутула элексиң» - деп жооп берген экен. Анткени, эне ыйык, аны  кээ бирөөлөр тогуз ай омурткасы сыздап, азаптар менен көз жаргандыгы үчүн ыйык дешсе, кээ бирлер эмизгендиги менен ыйык дешет. Менимче анда ургачынын баары ыйык делип, ыйыктыктык баркы кетмек.
   Эне –Аллахтан эне болуп жаралгандыгы үчүн жана чынында эне боло алгандыгы үчүн  ыйык. Т.а. эне тогуз ай омурткасы сыздап кыйналганына, түн уйкусун бөлүп бешик кучактап уктоосуна, бала менен тең ооруп, түйшүгүнүн ооруна карабай, жатынын  Аллахка дагы бир пенде жаратуусу үчүн бергени менен ыйык жана Аллах эненин ушул курмандыгы үчүн бейиш үстүнө койсо керек. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: «Бейиш энелер таманы астында»-деген. Демек, бейишке чыгууну каалаган уул  энесинин  таманын өпсө ашыкча болбойт.
    Эне орду басылгыс зат  жана эч ким ага окшой албайт. Аллахтын элчиси с.а.в.: «Ким аялынын тилине кирип алса, ага каргыш тийсин»- деген. Тилекке каршы, көп эркектерге аялы өз энесинен артык. Алар утулгандар, анткени аял табигатында эрине эч качан ыраазы болбойт экен. Муну Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. да: “Аялга жүз жыл кызмат кылып, бир жолу айтканын кылбай калсаң-сен дайым ушундайсың дейт”-деп жатат. Демек, эркек энесине кызмат кылуу керек, анткени эне баласына бат ыраазы болот. Ал эми аялга  аны ыраазы кыла турган уул тарбиялап коюу керек экен. Бул Аллахтын Даанышмандыгы жана Адилеттүүлүгү.
   Пайгамбарыбызыбыздын с.а.в. доорунда Алкама аттуу жаш жигит катуу ооруп, аялы Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.га  күйөөсүнүн акыбалынан кабар берет. Пайгамбарыбызыбыз  с.а.в Билалды, Салманды жана Аммарды Алкамадан кабар алганы  жиберет. Алар Алкаманын тили күрмөөгө келбей, «Лаа илааха иллаллоох» келмесин айта албай жатканын көрүшүп, бул тууралуу Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.га айтып келишет. Пайгамбарыбызыбы с.а.в.: «Алкаманын ата-энеси барбы?» деп сурайт. Алар, анын атасынын өлгөнүн, карып калган энеси бар экенин айтат.   Пайгамбарыбызыбыз  с.а.в анын энесинен уулунун мамилеси тууралуу суратат. Энеси- уулунун аялынын тилине кирип, акыркы убакта ага көңүл бурбай калганын жана буга нараазы болуп жүргөнүн айтат. Ачуусу келген Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: «Бул баары бир отто күйөт. Андан көрө мен эле өрттөп салайын!»-деп сахабаларына отун терип келүүнү буюрат. Буга чочуп кеткен эне: «Эй, Аллахтын элчиси! Аллах, сен жана жанымда тургандардын баары күбө, мен Алкамага ыраазымын! Ага берген ак сүтүм, эмгегимди адал кылдым»-дейт. Пайгамбарыбызыбыз  с.а.в. Билалды Алкаманын абалын көрүп келүүгө жөнөтөт. Ал  Алкаманын «Лаа илаха иллаллаах» деп, келме менен жан бергенин айтып келет. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. анын жаназасын окуп, сөөгүн жерге жашыргандан кийин элге кайрылып: «Эй, мухажирлер! Эй, ансарлар! Ким аялын жогору көрүп, энесине карабай койсо, Аллахтын каарына калат. Анын кылган ибадаттары жана жакшылыктары текке кетет!»- дейт.

Ата-энеге кызмат кылуу 


Ата-эненин түйшүгү менен жүргөн жигиттин  ар бир кадамына Аллах бирден күнөөсүн кечирсе, бирден сооп жазып турат. Ошондой эле ата-эненин кызматында жүгүрүп жүргөн жигит үчүн бата кылып турууга Аллах бир периштени дайындап койот дейт. Бул да болсо Жараткандын боорукердиги жана андан колдонуп калуу акылдан.
Бирөө уулдарын  үйлөп жайлады, аларга  машинелерди мингизди.  Бирок, өз кажетин жөө каттап бүтүрөт экен. Аны байкаган кыздары: «Ата балдарыңызга машине алып бердиңиз, «Мени ары бери ташы десеңиз болбойбу?»-дешсе, ал аксакал: «Бош болгондо өздөрү деле ташымак, балким алардын зарыл иши бардыр, бир жакка жеткир десем, ата колум тийбейт десе мен ичимен кыңыралып калышым мүмкүн. Мен балдарыма байкабай нааразы болуп калсам аларга акыретте оор болот. Менин нараазылыгымдан көрө мен жөө эле жүргөнүм оң» деп жооп берген экен.
Ата-эне ар дайым эле жүгүн балдарына арта бербейт жана  аларга кызмат кылууну каалаган бала алардын муктаждыгын өзү таап турганы оң.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ата-энесинин карылыгын көрүп туруп бейишке кирбей калганга шерменде, шерменде дагы бир жолу шерменде  болсун»-деген.
Келечекте балдарынан үзүр көрөм деген жигит ата-энесине дайыма  кызмат кылат.



Алардын алдында үшкүрүнбөө


   Бирөөнүн аварияга чалдыкканын угуп, абалын билгенге үйүнө зыяратка барып калдык. Адам менен сүйлөшөөр түрү жок. Түнттүгүн айтпа. Жашы  улгайып калган ата-энеси сөрүдө баштарын көтөрбөй терең кайгыда отурушкан экен, мени көрө коюушуп: «Балам, досуңду бир аз жоошутуп көңүлүн көтөрсөң боло, үшкүрүгү таш жарып жүрөгүбүздү сыгып бүттү»-дешип жалдырашат. Анчалык күйүт менен үшкүрө турган деле нерсе жок.  Жигит  киши сабырдуулукка үйрөнбөсө өзүн да тегерегин да кыйнайт. Андан көрө абышка-кемпирди кабатыр кылбай, кырсыгын  жашырып, үйгө шамдагай кирип, алардын ал-акыбалын сурап, жакшы кепке тартып отурса туура болмок. Алардын  көңүлдөрүн эби жок буза берүү менен иш жеңилдеп калбайт.
 Ата-эненин камын көргөн жигит көчөдөгү турмушун үйгө ташый бербейт. Ары жагында кандай кайгы болбосун  үйгө билдирбөөгө далаалат кылат. Айта турган кези келсе аларды аяп жумшактап, жеңилдетип айтат. Бул адептен.



Ата-энени урматтап, сыйлоо 


Бир канча жыл мурда  бир келин кайненесин сабап, кышында көчөгө кууп чыкканын гезиттерден окуган элем. Айласы кеткен кемпир жашаганы жери жок сотко кайрылыптыр. Сотко уулу келди дейт. Байкуш  эне өз үйүндө жашоо укугун сот аркылуу талап кылууга жетип калганын   элестетиңиздер.
Сот чогулушка кеткенде эне уулуна карап: «Мен жашоомду сага арнадым эле. Эми мени карыганда мынтип көчөгө куугандан көрө аялың экөөң өлтүрүп эле койсоңор болмок»-деп ыйлады дейт.  Бул эрди-катын келечекте балдарынан эмнени үмүт кылышат экен? Алардын балдары бул окуяны көрүп турушат ко. Эгер жөнөкөй видеомагнитофон жазса пленканы өчүрсө болот, бирок алдагы живой видик-камералардын жазганын кантип өчүрөт алар? Же алар карыбайбы?
Абдуллах ибн Умар аялын сүйчү экен,  бирок  аялынын  мүнөзү начарбы же башка себеби барбы, айтор  ал кайнатасына жакпайт экен. Атасы уулуна ажыраш дейт. Уулу  ажырашкысы келбейт. Алар  чатакты чечүү үчүн пайгамбарыбыз с.а.в. га барышканда, ал: «Атаң ажыраш дедиби аны аткар»-деп буйрук берет.
Дагы бир жигиттин  аялы энеси менен уруша берет экен. Энеси  уулунун аялы менен  ажырашуусун  талап кылат. Маселени чечүү үчүн алар да пайгамбарыбыз с.а.в.га кеңеш сурап барышыт. Пайгамбарыбыз с.а.в. жигитке: «Ата-энең бейишиңдин дарбазалары, аларды ачык же жабык кармоо сенин колуңда»- дейт.
            Пайгамбарыбыз с.а.в. сахабаларына кайрылып: «Эң чоң күнөө эмне экенин билгиңер келеби?»-деп сурайт. Алар: «Эй, Аллахтын элчиси, албетте билгибиз келет»-деп ордуларынан ыргып турушат. Анда Аллахтын элчиси с.а.в.: «Бутпарастык жана ата-энени сыйлабоо- чоң күнөө»-деп жооп берет.
            Аллах эгер кааласа пенде кетирген күнөөлөрдү кечирет, бирок ширк кечирилбейт. Т.а. Жаратканга башка нерсени шерик кылуу же буттарга сыйынуу кечирилгис күнөө. Жогорудагы хадисте ата-энени сыйлабастык ширк менен бир катарда туруп калганында акылдуу уул үчүн  ишарат бар.
            Ата-эне чакырганда кандай иш болбосун аны  токтотуп,   чакырган жакка баруу зарыл. Ата-эненин чакырыгына жооп берип үйрөнүү алардын ишенимин актоо.  Балдардын  канчасы азыр ата-энесинин абалы менен  иши жок, кыйраткан иши же томкоргон тоосу жок, атасынын «айылга кел» деп зарлаганына карабай, шаарда билгенин жеп жүрөт. Мына ошол уулдар өз учурунда ата-эне чакырыгына жооп берип көнбөгөндөр болсо керек. Мындай адеп - бир чакырыкка жооп берүүдөн башталат.
Ата-эне чакырса ыктыярдуу (нафил) намазды да  токтотуп, чакырганына барууга уруксат бар. Себеби нафил намазы мустахаб, ал эми ата-эненин чакырыгына жооп берүү же ал жакка баруу – ваажип. Шариятта ваажип - мустахабтан жогору турат.
Эгер ата да эне да бирдей чакырып калса, энеге баруу керек. Эне атага караганда алсызыраак, балким ага жардам тезирээк керек болушу мүмкүн.  Пайгамбарыбыздан  с.а.в бирөө: «Ата- энемдин кимисине көбүрөөк көңүл бурушум керек?»-деп суруганда,  ал үч жолу: «Энеңе»-дейт жана төртүнчүсүндө гана: «Атаңа» деп жооп берет. Бул хадистен атанын энеден үч эсе төмөндүгү эмес тетирисинче эне атага караганда үч эсе аздектелүүгө татыктуулугу айтылат.


Ата-эненин дайындаган ишин тез аткаруу 


Бала кезде ата-энеси бир ишти дайындаса оюунга алаксып, унутуп  калган балдарды көрүп калаар элек. Ата-эненин тарбиясы күчтүү бала кемчилигин оңдоор, бирок, бошураак өскөн бала алардын табыштаганын унутканы бара-бара чоңойгондо тоотпостукка айланып, бала  кездеги «анан кылам» дегени -  чоңойгондо деле ошол бойдон калат. Кээ бирлери бойго жеткенде: «колум тийбеди, чогулуш көп» демиш болуп, ата-энесинин   дайындаганын аткарууга шашпайт. Алардын  табыштаганын тез жана так аткаруу уулдун ыймандуулугунан жана аны  бүтүргөн соң аларга анын жагдайы тууралуу билдирүү зарыл. Эгер ага кошумча иш дайындаса аны да бүтүрүп андан да адаттагыдай эле кабар берүү керек.
Адатта,  кээ бир караңгы ата-энелер   балдарын туура эмес жолдорго баштаганы да кезигет. Бирөөнүн баласы намаз окуюун десе: «Тим эле кой, намаздан эмне пайда табат элең. Андан көрө англисче сүйлөгөндү, компьютерде иштегенди үйрөн»- деп жайнамазын алып койгонун уктум. Келечекте жакшы карылыкты үмүт кылгандар   балдарына: «Намаз окугула!»-деп какшайт, ал эми өзү «намаз окуйм» деген баласын жолдон чыгарган кимсенин  Кудайдан эмне  үмүтү бар экен?
Кээде ата-энелери балдары менен чогуу арак ичкен учурлары да бар. «Балаңызды ичпе дебейсизби?»-десең, «чоңоюп калды өзү билет да»-дешет. Мен бир ата сөрөй ичпеген баласын зордоп ичиргенин көрүп жаагым тиземе түшкөн. «Эмнеге антип жатасыз?»-десем, «Башкадан жаман үйрөнгөнчө өзүм эле жакшылап үйрөткөнүм оң»ейт, профеционал ата.  Көрсө кантип ичкенде мас болбостун жолун атасы кошо ичип отуруп түшүндүрүп жаткан экен. «Турмушта ар кандай учурлар болот, билип койгону жакшы»- дейт. Баланы  жаманга үйрөткөн чоң күнөө экенин ата деле билсе болмок.
Кээ бир энелер балдарын базарда тарбиялап, тараза басып, метрден уурдаганды, бирөөнүн акысын жегенди үйрөтүшөт. Алар адатта «Заманың бөрү болсо бөрү болот экенсиң да»-деп актанышат. Заман бөрү болгон жок, адам өзү бөрү болгусу келди.   Мындай учурларда ыймандуу бала ата-энесинин жаман нерсеге жумшаганынан же буйругунан баш тартса күнөө эмес. Бирок, андай ата-эне деле урматтап, сыйлоого буюурулат. Пайгамбарыбыз  с.а.в. дын сахабаларына каапыр ата-энелерин да сыйлоого буюргандыгы бир канча хадистерде айтылат.


Ата-энеденин уруксатысы сапарга чыкпоо 


Баланын бейбаштыгы  ата-энеден уруксаты жок жолго чыга баштаганда байкалат. Илгери кошуна айылдын бир канча алыстыгына карабай   балдар чогулуп, велосипед менен кино көргөнү барат элек. Кээ бирлерин ата-энелери койо беришпей, аларды алдап,   чаврадан секирип же шүдүгөрдү айланып качып барган балдар болоор эле.
Ата-энесинен уруксат сурап көнгөн балдар,  азыр деле  беш-алты баланын атасы болуп калганына карабай ошол эле кошуна айылга уруксат сурап чыгышат. Али чавраны айланып качкандардын  кээ бирлери Россияда болсо, кээ бирлерин кайда жүргөндөрүн Кудай билет. Айылга барганда ата-энесинин абалын көрүп ыйлагың келет.
Сапар узун болсун кыска болсун ата-эненин уруксатысыз жолго чыгуу туура эмес.  Карыганда баласына кабатыр болуп, санаалары тынбай ооруга да чалдыгышат.  Ата-энесинин санаасын тындырам деген бала, бараар жагын жакшы түшүндүрүп, ата-энеден уруксат сурап, кыла турган сапарына бата алып чыгат. Бул тарбия көргөн ыймандуу уулдун милдети.  



Ата-энеге таазим кылуу 


Ата-эненин үйдөгү орду - төр. Азыр  кээ бир үйлөрдө ата-энелер времянкаларга, дализдерге чыгарылып, алардын ордун өздөрү ээлеп, атасы же энеси эшиктен кирсе кебелип да койбогондор бар. Ата-эненин   муктаждыгы барбы же жөн эле  сүйлөшкүсү келдиби – бала эч нерсе болбогондой созулуп жаткан бойдон телевизордон көзүн албайт.
Ыймандуу бала дегеле атанын тирүүсүндө анын ордуна отурбайт. Себеби атанын үйдөгү орду падышанын тактысындай. Анын тирүүсүндө тактысын талашканың тирүүлөй көмгөнүң, кемсинтип, карылыгын кейиткениң. Таазим кылганды билген уул, атасы босого аттаса, жеген нанын жерге коюуп, отурган жеринен: «Келиң ата, төргө өтүң»-деп ыргып турат жана  колтугунан тирейт.
Деги   кыргызда ата каерге, эне каерге, уулдар кандай тартипте, кыздар кандай таризде, келиндери каерге, неберелер каерден орун алаары, баш баккан кошунанын кай жерге тизе бүгөөрүнөн бери тартиби жана орду бар. Бул кылымдар бою ыйман менен жашаган элдин эбак эрежесине айланган. Ошондуктан атанын жана эненин үйдөгү ордун табуу акылы барага оңой.
Айтмакчы, ата-эне эс алган бөлмөгө куптандан багымдатка чейин жана пешинден кийинки эс алуу учурларында кирүүгө тыйуу салынат. Эгер аябай эле муктаж болсо эшикти үч жолу гана   кагуу керек. Ага жооп болсо ошого жараша иш кылып, эгер эч кандай жооп болбосо кайра кете берүү адептен.
Бир караганга байкалбаганы менен ата-энеге таазим кылганды билбеген үйдө эмнегедир жылуулук жоктой сезилип, кирген адам кеткенге шашат.


Ата-эне менен чогуу басса алдына өтпөө 


Чогуу сапарга чыкса атасынын алдына түшүп алып күрсүлдөп басып жөнөсө, байкуш карыя кантип жетем деп аптыгып калат.  Жок эле дегенде өткөн жаштыгына, карылыгына кейийт. Караңгыда  жол көрсөтүп же  капыстан бир нерсе үрүп чочутуп, коркутуп жибербесин деп гана  ата-эненин алдында басуу башка кеп.
Ошондой эле, дасторкон боюнда атадан мурда тамакка сугунуу жеткен адепсиздик. Табактагы  тамактын эң даамдуусун, сөөлүн ата-энеге узатуу зарыл.
Тамактанып бүткөн соң ата-эне тамагын жеп  бүтмөйүнчө дасторкондон туруп кетүү, ата-энени көзгө илбегендик, тоотпогондук деп эсептелет. Эгер муктаждык болуп калса гана уруксат менен дасторкондон туруу керек.
Аллах Куранда: «… ата энеңдин бирөөсү же экөөсү тең карыган чакта  аларга «үф» дебегин, кыйкырбагын жана аларга татыктуу сөздөрдү сүйлөгүн…» («Түнкү саякат», 23)-дейт. Ислам окумуштуулары «үф» деген сөз,  ата-эне карып, заарасын төшөккө узатып, астын кургактап жатсаң  да «үф» деп мурдуңду чытыба  деп чечмелешет.
Кээ  бир уул сөрөйлөрдүн  кылган кызматын  док кылып, абышка-кемпирдин мурдунан чыгарып алгандары да бар. «Мына сенин дарың, араң таптым. Дефицит экен. Кымбат экен…»,- деп короңдошуп, апкелгенин текчеге ыргытышат. «Ээ тажадым ушу сиздин ташвишиңизден, өзүмдүкү башымдан ашып жатат»-деп короңдогон бала  атанын кемсингенин байкады бекен? Эненин ичинен өткөн ириңди сезди бекен?
Кээ бирлери үйгө кирээри менен: «Ишим жүрбөй жатат, акчам жок, начальнигим кыйнады…ж.б.»- деп  наалып киришет. Баласынын кыйналганын кайсы ата-эне кааласын,  наалый берген уулга   байкуш ата-эне муктаждыгын да  айтууга заарканып калат.
«Атанын назарынан калган бала этеги көчүгүнө жетпей өтөт»-дечү эле илгери. Ата назарынан корккон бала аларга    милайым   мамиле    жасайт. Ата-энеси менен  аңгемелешкенде аларга жумшак сүйлөп, добушун бийик чыгарбайт жана бакырбайт. Көп сүйлөп аларды тажатпайт, маектешсе  сөздөрүн бөлүп, ойлорун эки анжы кылбайт.
Абдуллах ибн Масуд пайгамбарыбыз с.а.в. дан: «Аллах иштердин ичинен кайсынысын жакшы көрөт?»-деп сураганда ал зат«Өз убагында окулган намазды жана ата–энени кадырлаганды»- деп жооп берет.



Аларды аттарынан чакырбоо


    Мен бирөөнүн атасын атынан чакырганын уккам. Бул не деген адепсиздик. Кыргызда  уулу ары турсун, өзгө деген келин деле кайнатасын атын атоону  адепсиздик деп билген.
  Бир айылда конокто болуп, бир кемпир мени улам эле   «жаман бала» деп чакырат. Аны байкаган башка кемпирлер: «Ай балам, бул энеңдин кайнатасынын аты сеникиндей болчу. Ошого сени тигинтип атыңдан айтпай тергеп атат»- деп түшүндүрдү. 80-деги кемпир өткөн кылымдын башында каза болгон кайнатасын дагы эле тергеп атса анан кайсы наадан атасын атынан чакырат.
  Ата-энесинин атынан чакыруу тоотпогондук, аларды басмырлап, аброюна доо кетиргендик. Ошондой  эле сөгүнүп көнгөн бала да ата-эненин аброюна доо кетирет.      Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ата-энеңерди сөкпөгүлө»-дейт. Сахабалары: «Ата-энелерин сөккөндөр да болобу?»-деп таң калышат. «Албетте силер бирөөнүн ата-энесин сөксөңөр алар да силердин ата -энеңерди сөгүшү мүмкүн»-дейт.
  Ошондой эле пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ата-энеңерди каргабагыла!»-дейт. «Ата-энесин да каргагандар болобу?»-деп сахабалар таң калышат.  Ал  зат: «Силер бирөөнүн ата-энесин каргасаңар алар да силердин ата-энеңерди каргашы мүмкүн»- дейт.
  Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Эң чоң күнөөлөрдүн бири – ата-энелердин көңүлүн калтыруу»–деген. Ошондуктан балдары ата-энесин ыраазы кылып, алардын алкоосун, бата-дубаларын алууга аракеттенүү керек. Анткени Аллах  ата-эненин  бата-дубасын пардасыз кабыл кылат.


Аларга буйрук бербөө


  Буйрук берүү жана анын аткарылуусун талап кылуу атанын акысы экени жогоруда айтылды. Ал эми ата-энесине буйрук кылгандар биринчиден алардын карылыгын, сакалын сыйлабай, жашын көзгө илбесе, экинчиден алардын буйрук берүү укугун тартып алган болуп, ата-энесинин  акысын бузуп жатат. Адатта андай уулдар орой келишет жана аларды көчөдө болобу, транспортто болобу карыларга болгон мамилелеринен улам тааныса  болот. 
   Бир абышка байкабай автобуска чыгам деп ал жерде турган бир жигиттин бутун басып алган экен. Ал сыланкороз байкуш карыяны ары апарып, бери апкелди. Бул  бала үйүндө ата-энесине да ушундай мамиле жасаарын ал түшүп кеткенден кийин артта отурган бир келин айтып берди.
  Өзгөчө азыр Россиядан акча табымыш болуп, «ата ага мынча, буга мынча кош, аны мине кыласың тим эле кой»-деп ата-энесин менеджер кылып алышкандар көбөйдү. Ата-эне байкуш алардын колун карагандыктан айтканын «лаппай» деп аткарбаска айласы барбы. Менимче ал уулдар: «Ата бул акчаны каалагандай ишетеиңиз»-дешсе туура болмок. Ата-эне дароо ал акчага өзү кийинип же машине минип албаса керек.  Бала  кайтса өзү иштетет деп сактайт. 



Ата-энеге ырайымдуу болуу


Ата-энеге ырайымдуу болуу - алардын карылыгын айоо. Отурса төшөгүн салдыр, жамбаштаса  жаздыгын камда, жатса көрпөсүн жап. Уйкуга кетсе башын сылап отур, ойгонсо колуна, эшикке чыкса дааратына суу камдат. Балдарыңдын аса таяктан пайдалуурак болуусун кара. Сен жокто тамагы тойдубу, аялың алардын каалаган тамагын берип жатабы - дайым көзөмөлдө. Ата–эне  ар дайым эле даттана бербейт. Аялы  менен араздашып калбасын деп келиндин кээ бир «косяктарын» жутуп да койушат. Алар ичине сала берип, бук болгондон ооруга чалдыгышат.
Бир келин: «Апаң көп окат жеген жут болду. Балдарыбызга жетпей жатат»- деп кайненесин күндө жамандайт экен. Уга берсе кулак да көнөт окшойт, уулу апасынын дайым эле кепший бергенин байкап: «Апам чын эле соргок болду го»- деп бир күнү желкесине көтөрүп, ээн талаага алпарып таштайт. Кайра кайтаарда караса энеси дагы эле бир нерсени кепшип жатат. «Апа оозуңду аччы, эмне жеп жатасың?»- деп караса, оозунда бир өрүктүн данеги көгөрө баштаган экен. Мына ошондо жигиттин акылы кирип, энесин  кайра үйгө апкелип, аялын кетирип ордуна башка - кайнененин кадырына жеткен аялга үйлөнгөн экен. Мындай  маселелерди бала кезде чоң энемден угуп калаар элем. Ошол кезде «Кантип эле ушундай болсун?»-деп ишене берчү эмесмин. Көрсө болот экен. Карылар үйлөрүндөгү карыялардын дээрлик баарын келиндери кордоп, батырбай, балдары бул жакка жеткирип салгандар.


Ата-эненин кубанычын, кайгысын тең бөлүшүү 


Ата-эненин кубанычы балага да кубаныч, кайгысы балага да кайгы болуш керек.
Бирөөнүн  таекеси өтүп, Кураан окутуп койолу деп барган элекөзү жамбаштап телевизор койуп алган, аялы да бир аз шире-каип:  «Аяшыңардын иштеген жеринде кичине майрам болгон экен. Ошого бир аз шадыраңдап жатат силерди көрүп»-деп катынынын ыржаңдап тийишкенин түшүндүрмөкчү болот, кайран эр. Нааразы  болуп кайттык. Аркы үйдө байкуш энеси агасынан ажырап аза күтүп отурат. Эгер ал манкурт болбосо эне кара чечекей бир тууганынан айрылып отурат ко, көңүлүнө кантип майрам сыгат?
Сенин кубанчыңды да кайгыңды да чогуу бөлүшпөгөн баладан эмне күтсө болот? Албетте, андай уул ата-энесин  сыйлап жарытпайт.
Ата-эне ооруса бала-чакасын көргүсү келет окшойт. Чакыртса бара калган дурус. Оорусуна калп эле кайгырымыш болуп көңүлүн чөктүрбөй, тетирисинче тамашалап, эркелеп, дартынан алаксыткан жакшы. Ооруусу өтүшүп кеткенде карайт биздикилер. Алардын ден соолугун мурдатан алдын алып карап келсе, дени соо карыйт ата-эне. Бул жагдайда келиндин ролу да чоң, бала кыйратып аткансып иш менен алаксып калат, анын эсине салып, орду келсе талап кылса да туура болот.
Алардын чайына колу менен нан туурап берип көнгөн уулдун барган сайын алдан тайып, карылыкка алдырып жаткан ата-эненсине  зээни кейибей койбойт. Бирок,  турмуш чиркин өз сазына тарта берет. Ар учурда алардын дартына дарман болгон уулдарга Аллах өз боорукердигин насип кылган болсун.


Ата-эненин сөзүнө         кыжырданбоо


Ата-эненин сөзүнө кыжырданып көнгөн бала  бара-бара ал адатын калтыра албай, атага, жада калса  энеге да кол көтөрчү болот.
Бирөө айыл аралатып атасын кууп жүрөт дейт. « Ай, кой» дегенге карабай эле бир кезде баласы атасын тумшуктан ары койду эле байкуш абышка арыкка омкосунан кетти. Артынан жетип келген эл баланы жакалай баштайт. Арыктан туруп кийимин силкип, атасы чогулган элге: «Аны коюуп жибергиле. Анда күнөө жок. Күнөө менде. Мен өзүм мындан жыйырма жыл мурда так ушул жерде атамды алдагы арыкка жыга чапкам»- дептир. Ата-энесине кырданып сүйлөгөндү, аларга демингенди, кол көтөргөндүн балдарынан кайтат.
Бир жигит: «Алжып калды. Турмушума кирише берип тажатты»- деп кыжырданып, атасын  карыганда куржунга салып алыс тоого таштап келгени жөнөйт. Жетээр жерге жетип, атасын ташка отургузуп, жанына куржунун таштап эми кайтайын дегенде, атасы: «Ай балам, алдагы куржунду ала кет. Дагы жыйырма жылдан кийин сенин уулуңа кереги тийет»-деген экен. Кыргызда «келмек кезек» деп бекеринен айтпаса керек.
Ошондуктан алар кандай сөз айтышпасын  ар дайым сыпайы жооп кайтаруу керек. Алардын көңүлүн оорутуп азар бербөө үчүн ар дайым андай адаттан качуу керек. Албетте муун ортолук тирешүүлөр болот. Бирок, бул маселе мусулман ата-бала, эне- кыз ортосунда жок  адат.
Аздыр көптүр ата-салтын түшүнгөн жигит«Оо, Кудай атакемдин, энекемдин өмүрлөрүн узун, ден соолуктарын чың кыла көр,  билип билбей кетирген ката-кемчилик, күнөөлүрүн кечире көр. Алардын карылыктарын мээримдүүлүк канатыңда өткөрө көр...»- деп басса турса ата-энесине дайыма бата дуба кылуу – уулга  милдет. Аллах сураганды  ниетине жараша орундатат жана кабылдайт. Эгер суранбаса кайдан аткарылсын.
Аллах Кураанда: «… аларга ырайымдуулугуңан жооштук кыл жана «Менин кожоюнум, мени кичинемден өстүргөн ата энемди аяй көр» деп дуба кыл…» («Түнкү саякат», 24) -деп, ата-энеге дуба кылууну Өзү үйрөтүп отурат. Ыймандуу уулдар ата-энесине ар беш убак намазында бата кылышат, жана Жараткандан алардын татыктуу карылыгын сурашат.


Ата-энени тең кароо


Перзенттин  бул дүнүйөгө келүүнө ата да эне да бирдей себепкер. Ошондуктан алардын бирөөсүнөн бирөөсүн артык көрүү туура эмес. Кээ бир үйлөрдө бүт маселени энеси менен чечимиш болуп, атасын карыганда жээрип, үй турмушунан четтетип койгондор бар. Адатта, кой оозунан чөп албаган жоош аксакалдардын  турмуштан четтетилип калганы дүнүйөңдү  кейитет.
Бирөөнүн энеси качан караса шаарда баласыныкында. «Атаң келбедиби?» дегендерге - «Ага эмне бар шаарда, карыбадыбы, үйдө эле отурсун»- деп жоп берет. Байкуш абышканы алакчылаганы аз келгенсип, карыганда атасын карай турган кемпирин да шаарга ала баса бергени кандай жорук. Көрсө  атасы алдым жуттуму жок, аябай жоош киши экен. Ата- эненин бирөөсүнүн карыганда мамиледен четтетилип калуусу жеткен акыйкатсыздык. Анткени балдардын кичине чагында алар тапканын ортого коюуп тең бөлсө керек эле. Ата–энеге жасалган адилеттүүлүк Аллахка жагат.
      Эгер, кудай көрсөтпөсүн, ата же эненин  бирөө эртерээк көз жумса алардын калганын өксүтпөө керек. Өзгөчө абышкасы кеткен соң эне: «Абышкам тирүү болсо келиндер ушинтпейт эле, атасы балдарга мени мынттирбейт эле»-деп өксүгүрөөк болуп калат. Тетирисинче,  энеге көбүрөөк көңүл буруп, азасын жеңилдетүү жакшы.
Ошондой эле кемпирден калган атанын да келечегин ойлоо керек. Он келини биригип, абышкага бир кемпирчелик кызмат кылып бере албайт.
Бирөөнүн энесинин көзү өтүп, балдары байкуш атасын кыйнап коюшту. Кир кок, өз ара мамиле деген болот, абышка бир кемпирге үйлөнсө, жайланып эле калган уул-келин, кыздары ал кемпирди келекелешип акыры кетирип тынышты. «Апабызды эч кимге алмаштыра албайбыз»-дешет экен алар. Туура энени ким алмаштырсын. Бирок, атанын жок дегенде артын тырмап берчү бир кемпирге үйлөнгөнү табигый эле нерсе.
Менимче кыргызда илгери  байбичелер: «Мен өлсөм абышкам кор болуп калбасын»-деп тирүүсүндө токол алып берип, аны абышканын кажеттерин бүтүрүүгө үйрөткөндөрү ошондонбу дейм. Балдар деле кээде атасын бакканы менен кор кылып алышы мүмкүн.
Пайгамбарыбыз с.а.в. жамаатындагы бир кемпир жесир калганда, жакын сахабалары Абу Бакрге анан Умар ибн Хаттабка ал кемпирге үйлөнүүлөрүн буюрат. Себеби жардам берүү үчүн ал жесир аялдын үйүнө  же чарба иштерине кийлигишүүгө жана ага  ага кирди чыкты болгону, башка бирөөнүн сөзсүз жакын тууганчылыгы же никелеш болуу зарыл эле.  Бирок, ал кемпир жогорудагы экөөнө тең макул бойт.  Соң  пайгамбарыбыз с.а.в. өзү барып ага никесин сунуш кылат. «Мен аялдык милдеттерди аткаруудан калдым, бирок, кыяматта сиздин никеңизде ойгонуу үчүн гана макулмун»-деп пайгамбарыбыз с.а.в. га турмушка чыккан экен.
 Мындан алынчу сабактар көп, бирок биздин маселеге тиешелүүсү түгөйсүз калган ата-энеге куда түшсө балдары тоскоолдук кылганы туура эмес.



Ата-эненин муктаждыктарын өзүнүкүнөн мурда бүтүрүү


      Бирөөнүн аялы ажырашам дейт экен. Анда күйөөсү: «Эмнеге ажырашасың? Ар нерсени, мейли кийим болсун мейли тамак болсун алгач сага апкелем. Сенден ашканын ата-энеме алып барам» - десе,  аялы: «Мына ошондуктан ажырашканы атам. Себеби сенин тарбияңды алган балдарың кийин бизге аялдарынан ашканын узатып калат. А мен келиндин кешигин жеген  карылыкты каалабайм» - деп жооп берген экен.
Шаарда  канчалаган уулдар  түшкүсүн бул кабактан,  кечкисин тиги ресторандан тамактанышып,  үйүнө тиги  же бул пиццерийден тамак алдыртып жешет. Ресторанды тандаганда да «повары кайдан экен, Францияданбы же Италияданбы?»- деп анан стол заказ беришет. Андай  «крутойлордун» күнү-түн ресторандан ресторан тандаганы кимге абийир апкелсин эгер айылда ата-энеси зыгыр  нан жеп отурса. Булар ким деги?
 Ата-эне карыганда жумшак жана даамдуу тамакты тез-тез жегилери  келет. Бирок, мурдакыдай алы-күчү кетип, пенсиясы тийип жарытпай, тапкан тыйыны деле жок калганда самаган  тамагын каалаган учурда жей албай калганы туура эмес.
Дасторконуңузга аялыңыз кой ягында палоо, көк чай, же майы мелжиген эти тууралган беш бармак апкелгенде, ата-энеңиздин да дасторконунда ушулар бар бекен ой жүгүртүп көрүңүз. Ошондон кийин да тамагыңыздардан оокат өтө берсе анда келечекте балдарыңыздан эмне үмүт кылаарыңызды өзүңүз тандаңыз. Ал эми муну эстээр менен палооңузду же беш бармагыңызды көтөргөн бойдон аларга чуркаган болсоңуз, Аллах сизди ыймандан кур койгон эмес экен жана Анын колдоосу сизге дайыма насип этет!
Азыркы күндө көпчүлүк дүкөндөн дүкөн тандап, укмуштун баарын кийинишет, айылда дирилдеп жыртык чапанчан калган атасына, отуну жок үшүгөн энесине карабайт.  Атасынын  тирүү кезинде бир кепич алып бергенге жарабаган уул сөрөй, анын көзү өтсө «мрамордон эстелик койом» дейт. Энесине бир жоолук алып берген эмес, ал өлгөндө «тууганым көп, паланча  жылкы сойом»-деп чыгат. Булар кимдер? Булар даана ата-энесине күйбөгөндөр, алар ата-энесинин тирүү кезинде карабаганы аз келип, алардын өлүгүн да тим койбой, эл ичинде мертебе, даңк алуу үчүн иштеткендер.
   Ата-эненин кийимин бүтөө, жакшы кийиндирүү уулга милдет. Алар  жаштыгында «курбуларынан өксүп калбасын»-деп балдарын кийинтүү үчүн тумшугу менен жер сүзүп иштеген.
            Пайгамбарыбыз с.а.в. Мекке мушриктеринин азабынан Мединага көчөөр алдында бирөө келип: «Мен да Аллахтын ыраазылыгы үчүн сени менен көчөмүн»-дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ата-энең тирүүбү?»-деп сурайт. Ал «Ооба» деп жооп берет. «Анда сен үйүңө кайткының да аларга жакшы карылык камсыз кылгының»-деп, аны үйүнө кайтарат.



Ата-эненин турмуш тиричилигине каралашуу


Ата-эне адаттагыдай эле көр турмуш менен алек. Мал алам, кой багам, жер айдатам, беде себем,.. иши кылып түйшүгү бүтпөйт жана  кам көзүнүн да түбү жоктой. Бир чети ушинтип өзү-өзү тетиген ата-энелерге, алардын дени соолугуна жана кайратына  кубанса болот. Бирок, алардын турмуш тиричилигине  уулдун каралашып турганы жакшы. Алардын жан далбастап кылганы, түшүнгөн адамга дагы эле болсо балдарынын камын жегени.  Алы күчтөн тайганда тыйынды кайдан тапмак эле каалаган жагына кененирээк басабы же каалаганын сатып кийеби, балким келиндерине табити тарткан тамагын  жасатып жешеби, мүмкүнчүлүк болсо дайыма колдоруна акча берип турган жакшы.
Бир абышка айылдан кеткенине он жылдай  болуп, үйлөнүп жайланган, жакшы иште иштеген баласына, ата-энесинин акыбалы начарлап калганын кабарлап койуумду өтүндү. Көрсө ал  ата-энесинен эки жылдан бери  кабар албаптыр.
Кээ  бир эргулдар ата-энеси  менен бир эле шаарда  турса да, бир жылда бир кабар алып койбойт. Ал эми кыргыздын эле ак калпактуу аталарын, ак жоолукчан энелерин кээ бир карылар үйлөрүндө көрөсүң. «Кызыма айтып кой алып кетсин, балама айтып кой кабар алсын»- деп зарлаганы канча. «Өлүгүмдү айылга койсун балам, кабар бер, өлгөнү калдым»- деп ыйлаган кемпирди көргөндө зеениң кейийт. Мындай балдар кимдин батасы менен жашап жатат? Бала  оттузда, кыркта болобу, канча жашка чыкканына карабай ата- эне үчүн жаш бала бойдон  кала берет. Бала ата-энесин сагынбаганы менен алар сагынат. Жок дегенде аларга өзүңөдү көрсөтүп тургула. 


 Ата-энесин тез-тез коноктоп туруу 


Кээ бир ата-энелер айылдан чыгынып шаарга чыга беришпейт. Баягы эле көр турмуш. Ошого  карабай аларды конокко чакырып, сарпай кийгизип, батасын алып турганга не жетсин. Үйүңө келсе кожоюндукту толугу менен өткөрүп бер. Үйүңдөн каалаган нерсесин алып, жаккан кийимин кийсин. «Меним малым силердики»- деп алардын алдына бар мүлкүңдү чач. Коркпо ошентсең эле алар тамыңды бузуп желкесине көтөрүп жолго түшпөйт. Өзүңө эле калат. Болгону  алардын ыраазылыгы эле.
Атанын баркын билген уул - аяш аталарына атасына жасагандай сыпаа мамиле кылат. Кыргызда: «Атам өлсө да атамды көргөн өлбөсүн»- деген кеби бар.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Атасы жакшы көргөн адамдар менен байланышты үзбөө  менен, адам атасынына кылган урматын далилдейт»- деген.
          Бирөө пайгамбарыбыз с.а.в.га канткенде бейишке кирем деп сурайт, анда пайгамбарыбыз с.а.в.: «Энеңди ыраазы кыл»-дейт. «Энеси өлгөндөрчү»-деп сурайт. «Энесинин тирүүсүндө ыраазы кыла албагандар алардын курбуларын ыраазы кылышсын»- дейт.
            Бүгүн  ата-эненин камын көрүү - эртеңки өзүңдүн камың көрүү. Келечекте жакшы карылыкты самаган уул, ата-энесинин    карылыгын жакшы камсыз кылат.
Албетте, алардын карылыгы Аллахтын буйругуна ылайык. Себеби Аллах «…мен сиздерди кандай абалдан пайда кылсам ошол абалга кайра алып барам …» дейт. Демек, ата-эне карыганда жаш балага окшоп, карылыгы кээде түйшүктүү өтүшү мүмкүн. Аллахтан алардын жакшы карылыгын тилеп, сабыр кылуу дурус. Пайгамбарыбыз с.а.в.: « Аллахтан корккондор коногун жакшы узатсын…» -деген. Ата -эне карыганда оордук кылса жок дегенде конокчо мамиле кыл, конок эртеби кеч кетээр жерине кетет.
Чыгармачылык командировка менен кайсыдыр бар айылга барып калдым. Кыргызда жаңы келген келин кайнатасына урмат кылып бир канча убакыт жүгүнгөн адаты бар. Жүгүнгөнү сыйынуу эмес. Бир кемпир өзү токсондон ашыптыр, келин болуп келгенден бери күндө кайнатасына жүгүнчү экен. Анын көзү өтсө да ал жаткан  мүрзө тарапка жүгүнгөнүн көрдүм. Келиндер ушинтип аздектеп жатса ыймандуу уул кантип четте калсын. 



Ата-эненин көзү өтсө оболу сөөгүн тез койуу


Ар бир уулдун башында жетимдик бар демекчи ата-эне о, дүйнө аттанса  да алардын алдындагы уулдун милдеттери бүтүп калбайт. Өлгөн өлүктүн да тирүүлөрдө  акысы жана  ызат-урматы болот. Ал да болсо ысыгында жерге берилүүсү.  Эгер сөөк көпкө кармалып андан жыт чыгып, сасый баштаса жаназа жүрбөйт. Бирок, адам кургур дагы эле  напсисинен кутула албай«Алыстан балдары келе элек. Сөөк ээлери келсин», же дагы толгон токой шылтоолор менен байкушту кыйнап үч түнөтөт. Анын үстүнө акыркы учурда «кыргыз үч түнөткөн» деген кайдагы сөздөр пайда болду. Үч күн жатса же балдары келсе эле тирилип алмак беле, сөөк ээлери ушундай эле кайгырып күйүткө түшсө, алгач ал сөөктү сасытпай тезирээк ысыгында жерге берип, батыраак жаназасын түшүрүп, Кураанын  окутканга умтулбайбы?
Жайында сөөк көөп, анын курсагына  кум төшөп, беде жапкандарын көрүп эле жүрөбүз. Өлгөн өлүктү кармоодон пайда жок десең баары эле түшүнгөндөй болушат, аткара келгенде иш башкача чыгат.
Каршы болгон балдарын карасаң кечинде боз үйдүн артына өтүп алып «көңүл айтып келген» достору менен арак ичип отурганын көрөсүң.
Маркумдун сөөгү көргө кирмейинче руху сөөгүн айланып жүрөт дешет. Байкуш балдарынын мындай мамилесине ал рух кайра өлгөндөй болбойбу? Же, «өлгөнгө көмгөн» деп ушуну айтабы? Ата-энесинин акыретин ойлогон уул мынтпеши керек.
Аллах Кураанда: «…мен сиздер жакшы көргөн нерселериңизден жана жакын туугандарыңыздан ажыратып сынаймын…»-дейт. Анын сыноосу пенденин сабырын текшерет. Ата-эне баарына кымбат жана аларды жоготуу уулга да кызга бирдей оор. Бирок, өмүрдү да ажалды да Жараткан Өзү берет. Эч ким Анын чечимин өзгөртүүгө алы жетпейт. Муну түшүнгөн уул эч качан бети башын койгулап, дубал сүзүп, артис болбойт. «Жараткан Өзү берди, Ал өзү алды»-деп азасын сабыры менен кармайт. Аша чаап бетин тыткан эже-карындаштарын да тыят. Себеби бакырып, боздоп, артыкча кирген-чыккан сөздөр менен өңгүрөө - Жараткандын чечимине каршы  чыккандай же Анын өкүмүнө нараазы болгондой эсептелет да Анын каарына кириптер кылат. Бакырып өкүрсө маркумдун руху кыйналат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. өлгөнгө бакырып ыйлоого тыюу салган. Бирок, өзүнүн Ибрагим деген бир жашар уулу чарчаганда көздөрүнөн жаш чыкты дешет. Аны көргөн сахабалалары: «Я, Расулулла, сен өзүң ыйлаганга тыюу саласың, бирок ыйлап жатканың кандай?»-деп сураганда, ал: «Менин көзүмдөн чыккан жаш жүрөгүмдөгү кайгынын белгиси. Бирок менин тилим тыйылуу»- деп жооп берген экен.


Ата-эненин тазиясында ысырапка жол бербөө


Азыркы баталарда чындыгында кетирилген ысырапкерлик тойдон ашып түштү. Батага келгенден бөкөөлдүн саны көп, «аш жейбиз» деп самсаалап тургандар атайы өлүк күтүп жашагандай сезилет.  Эт жегени жаш кары дебей жыйылып алат экен, бир үйүр жылкы сойсоң да жетпейт. Андай ысыраптын кесепети кимге тиет?
Бир жерде он балалуу келиндин сүт берген жалгыз уюн «уят, уят» деп сойдурушту дейт. Он баланын жетим акысы кимдин тамагынан өттү? Бул улуттук деңгээлге өтүп кетти эле, «элге теңелем» деп колунда жоктору карызга моюнунан батып, анын карызга батканын ансыз деле эл билет, алына карап иш кылса ким сөз кылмак.
Ошондой эле тазиядан кийинки үчү, жетилиги, пайшамбиликтери, кыркы, айттыктары, эстелик орнотуусу, жылдыгы, аза ачтысындагы чыгашаларды эсептесең, эч бир эл биздей ысырап менен сөөк узатпасын байкайсын. Кыргызда өлгөндөн да коркосуң, маркум ал ысыраптын жообун качан берип бүтөт?
Шариятта бул дүйнөгө керектүүнүн ал дүйнөгө кетишине тыюу салынат. Жыртыштар, эстеликтер ж.б. чыгашаларды эсептесе чубактын кунундай доо чыгат. Айтмакчы, ал карыз төлөнмөйүнчө арбактын абалы кандай болду аны ойлогон уул барбы?
Илгери аксакалдар «кара аш» деп, өлгөндөн тамак жечү эмес эле. Азыр оркестр, митинг менен убара болгон уул кайдан аза күтсүн да кайдан кайгырсын? Кайран ата, эссиз эне! 

Ата-эненин жаназасын окуу 



Өлгөн  өлүктүн жаназасына канчалык адам көп жыйылса  ошончолук пайдасы көп. Ал сапка тургандардан ата-энесинин жакшы адамдар болгондугуна күбөлүк берүүлөрүн сураныш да уулдун милдети. Анткени маркумдун бейишке же тозокко кирээри элдердин узатканынан  дешет. Уулдун билими болсо эл алдында ата- энесинин төлөнбөй калган карызын мойнуна алып, ата-энесине өзү жаназа түшүргөнү жана табытты өзү көтөрүп, сөөктү кабырга өзү алып киргени жакшы жана шариат эрежелеринен. Андан тышкары ата-энеси калтырган  осуяттарын орундатуу жана мурастарын шариатка ылайык  бөлүү уулдун ыйманынан.
Андан соң ар бир намаздан кийин ата-энесинин рухуна дуба кылып, ыктыярдуу намаз окуп, ыктыярдуу орозо тутуп, сообун ата-эненин арбагына багыштоо, алардын берген таалим тарбиясын сактоо, өз балдарын да ошол таалимде тарбиялап, насаат сөздөрүн эсте тутуп, ата-эне туугандары менен байланышты сактоо милдет.
Ошондой эле айт  майрамдарындарында алар үчүн курбандык чалып, орозо күндөрү бей-бечара кембагалдарды ата-энеси жакшы көргөн тамактар менен меймандап, жылдын башка ай, күндөрүндө муктаждарга садага берип, сообун ата-энесинин рухуна багыштап, аларга дуба кылып туруу - уулдун ыйык милдеттерине кирет.
Өзгөчө  бирөөнүн ата-энесин акаарат кылуудан алыс болуу керек. Себеби акаарат алган тарап сөзсүз жообун кайтарса  байкуш маркумга сөз тиет.
Аллах Ыйык Кураандын «Лукман» сүрөөсүнүн 14 аятында: «…Мага жана ата-энеңе алкыш айт…»- дейт, бүт мактоолор Жаратканга болсун, көзү тирүү ата-энелерибиздин оозурун берсин, көзү өткөндөрүн магфират этсин!
Сиздин  бул маселеге кайдыгер болбогонуңузга Аллах ыраазы болуп Сизди ата-энеңиз алдында, уулдарыңызды Сиздин  алдыңызда ыраазылыкка жеткирсин! Оомийин! Ас-Саламу алейкум!

                        Мыктыбек ажы Арстанбек

Отправить комментарий

Технологии Blogger.