Halloween party ideas 2015

Абдушүкүр Нарматов

 Өчпөс өмүр

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Адамзат тарыхындагы эң даанышман адам катары белгилүү болгон Пай-

гамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) өмүр

жолун билүү ар бир адамдын милдети. Анткени, ал ааламдын жашоо нугун

өзгөртүү үчүн, Аллах тарабынан жиберилген акыркы пайгамбар. Ал өзүнүн

жыйырма үч жылдык пайгамбарлык өмүрүндө, Аллах тарабынан моюнуна

жүктөлгөн милдетти толук аткара алды. Ал ушул кыска убакыттын ичинде,

Кыяматка чейинки Адам урпактарына бакыт жолун көрсөтүүгө жетишти.

Урматтуу окурман! Китептин алгачкы барагын ачкан мезгилде, балдары

үчүн илим эшигин ачып, таалим-тарбия булагына сугарган маркум атам Молдо

Нармат уулу Исламидинге алакан жайып дуба кылып коюшуңуздарды көптөн-

көп суранамын. Аллахым ар бирибиздин күнөөлөрүбүздү кечирип, Кыяматта

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) менен бирге Бейиште болууну насип кылсын.

Сиздерди терең урматтап Абдушүкүр Нарматов. 

Даярдаган: Абдушүкүр Нарматов.

Башкы редактору: Алайчы Сеитбеков.

Адабий редактору: Толкунбек Арсен уулу.

Корректору: Зиёева Гулнигор.

Компьютерде калыпка салган: Бакыт Коңурбаев.

Көчүрүп алуу: Өчпөс өмүр


Отправить комментарий

Технологии Blogger.