Halloween party ideas 2015

Бир күнү Ибрахим (عليه السلام)   Азрайилден (عليه السلام)   сураптыр :
"Эй, Азрайил (عليه السلام), Жаман адамдардын рухун алып жатканда, аларга кандай көрүнөсүң?"
Азрайил (عليه السلام)   бул жөнүндө суроо бербегени оң экенин айтат. Бирок, Ибрахим (عليه السلام)   суроого жооп алууну каалап туруп алат.
Анда Азрайил (عليه السلام)  :
-Андай болсо артынды кара.-дейт.
Артына бурулуп, көргөн нерсесинен каттуу корккон Ибрахим (عليه السلام)   эс-учун жоготот
-Эй, Азраил. Алар дүйнөдө жасаган баардык жамандыктарынын жазасы үчүн сенин ушул абалыңды көрүшсө жетиштүү болот"
Бирок, жандын алынуусу, кабыр азабы, махшар майданы жана тозоктогу азаптар да бар.

Ибрахим (عليه السلام) кайра сурайт:
-Жакшы адамдардга кандай абалда көрүнөсүң?
Азраил кайрадан Ибрахим (عليه السلام)ге көрүнөт. Ибрахим (عليه السلام) көргөн нерсесине суктануу менен айтат:
"Эй, Азрайил (عليه السلام). Жалганда көп жакшылыктарды жасаган адамдарга сооп катары ушундай абалда көрүнгөнүң гана жетиштүү!"
Бирок, кабыр жашоосу, бейиш жана бейиште жараткандын жамалын көрүү да бар.....

Адилет Сыдыков, "Бактылуулуктун ФОРМУЛАСЫ"

Отправить комментарий

Технологии Blogger.