Halloween party ideas 2015

Жаңы эле сатып алган, короодо турган машинасын бир карап койойун деген ой менен сыртка чыккан болчу. Ойноп отурган баласы эч нерседен кабары жок, колундагы балка менен ургулап атып машинага кыйла зыян келтириптир. Кыжыры кайнаганда өзүн кармана албай чуркап барып, баласынын колуна балка менен чаап жиберет да кайра шашкалактап ооруканага алып барат. Дабагер (врач) канчалык аракет кылса да, жаш баланын сынып, майдаланып кеткен назик манжаларын мурдагы калыбына келтире албай койот. Айла жок, майдаланган эки манжасын кескенге туура келет. Операциядан чыккандан кийин өзүнө келген баласы колунун таңылып турганын көрүп, акырын чыккан үнү менен:
" Ата, машинаңызга зыян келтиргеним үчүн кечириңиз" дейт да артынан:
" Манжаларым эми качан кайрадан чыгат ата?" деп сурайт.

Балаңыз же жакын тууганыңыз, ким болсо да. Үйдөгү буюмдардын бирин же кандайдыр сиз үчүн баалуу болгон бир буюмду сындырып, ага зыян келтирип койсо, ушул кыска аңгемени эстеңиз. Сабырдуу болууну үйрөнүңүз. Анткени, машинаны кайра оңдосо болот,бирок, манжаны эмес

Отправить комментарий

Технологии Blogger.