Halloween party ideas 2015

10 жашында автокырсыкка учурап, бир колунан ажыраган япониялык бир бала...
Буга чейин ар дайым, чоңойгондо дзюдо боюнча мыкты чебер болууну кыялданып келген. Сол колунан айрылгандан бери баарынан үмүтүүзүлгөн бул жаш баланын атасы, Япониянын ошол учурдагы эң мыкты дзюдо чеберин таап, андан жардам сурайт. Спорттун чебери, ошол күндөн баштап эле баланы он жыл бою машыктырат. Бул он жылдын ичинде ага дзюдонун бир гана ыкмасын үйрөтөт. Ар күнү ушул көнүгүүнү кайталоосун айткандыктан, бала кээ-кээде агайынан сурап турчу, “бул ыкманы үйрөндүм. Качан башкасын үйрөтөсүз?” деп.
Балага: “Сен ушуну кайталайбер. Убагы келгенде өзүм айтам. Анан башка ыкмага өтөбүз” деп койчу. Ошентип арадан жылдар өтүп, толук он жыл дегенде бир күнү агайы келет да: “Даярдан! Сени чоң турнирге алып барам... атыңды жаздырып койдум” дейт. Агайынын бул айтканына албетте аябай таң калган болчу. Анткени бир эле ыкманы билет жана өкүнүчтүүсү, бир колунун жоктугу. Турнирге катышкан мыкты чеберлер менен беттешип,аларды жеңүү мүмкүн эмес деп ойлосо да, агайын сыйлап анын айтканын аткарды.Турнирге катышты.
Биринчи таймаш. Билген бир эле ыкмасы бар. Ошол ыкманы туура жана мыкты аткара алгандыгы үчүн, атаандашын жеңди. Экинчисин, үчүнчүсүн, чейрек финал, жарым финал... көптөн күткөн финалга да чыгып келди. Бул жолу да ошол эле ыкманы колдонуу менен атаандашын жеңип турнирдин чемпиону болду. Медалын алаары менен агайынын жанына чуркап барып:
“Агай! Кантип? Кантип жеңишке жеттим? Болгону бирэле ыкманы билсем” дейт. Агайы: “Балам, он жылдан бери ушул ыкманы үйрөнүп келатасың. Мунун мааниси, бул ыкманы сенден башка жакшы билген спортчу жок. Бул биринчиси, ал эми экинчиси, бул ыкмага каршы койуунун бир эле жолу бар. Аны аткаруу үчүн атаандашың сенин сол колуңдан кармашы керек” дейт.

Биз кемчилдик деп билген нерсе, кээде биздин эң күчтүү жагыбыз болушу мүмкүн. Акылың кем болбогон соң...

Хаксли Олдос

Отправить комментарий

Технологии Blogger.