Halloween party ideas 2015

Мечиттин имамы Британиянын Лондон шаарына көчүп барып, жашап калат. Ал шаарга чыкканда дайыма бир автобус менен каттачу. Күндөрдүн биринде дайым түшүп жүрчү автобусу менен мечитке жөнөйт. Бул автобусту дайыма бир айдоочу айдар эле. Имам жол билетин алуу үчүн айдоочуга акча берет.
Айдоочу имамга 20 пенс ашыкча кайтарым кайтарат. Айдоочунун ашыкча кайтарым кайтарып бергенин көргөн имам ашыгын кайтарып берүүнү ойлойт. Бирок, бир кезде ал: “Кайтарып бербей эле коеюн. Бул Аллахтын мага белеги. Айдоочу менден башкаларга саткан билетинен деле пайда көрөт”-деп ойлонуп, кайтарып бербей турган болот. Автобус имам тушчү аялдамага келип токтойт. Бир саамга ойлонуп туруп калган имам айдоочуга ашыкча акча кайтарганын айтып, айдоочуга акчаны карматат. Имамдын чынчылдыгына ыраазы болгон айдоочу: “Сиз бул райондогу мечиттин имамысызбы? Мен көптөн бери сиз имамдык кылган мечитке кирейин деп жүрөм. Ал эми бул ашыкча кайтарымды сизди сыноо үчүн берген элем”-деди. Айдоочунун сөздөрүнөн кийин имам буттарын араң шилтеп автобустан түштү, алдындагы түркүктү кармап туруп калды да, “Оо, Аллахым! Арзыбаган аз акча үчүн исламды сатып ийейин дедим”-деп ыйламсырады.
Мына, туугандар, биздин жасап жаткан иштерибизди мүмкүн кимдир бирөө артыбыздан байкап жүрөт. Бир эле мусулмандын жаман жоруктарынан улам жалпы мусулмандарга сөз тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар дайым жасап жаткан иштерибиз менен башкаларга үлгү, мисал бололу.


Отправить комментарий

Технологии Blogger.