Halloween party ideas 2015

Университеттин китепканасында китеп окуп отурган кыздын жанына жакындап барып, үнүн акырын чыгарып: “Жаныңызга отурсам болобу?” деп сурайт, жигит. Кыз, үнүн катуу чыгарып жооп берет: “Бүгүнкү түнүмдү сени менен өткөрүп убактымды бекер короткум келбейт!”
Кыздын үнүн китепкананын баары уккан чыгар, баштарын көтөрүп тиги жигитти карап калышат. Катуу уялганынан эч нерсе дей албай, акырын барып өзүнүн үстөлүнө отурат. Арадан көп убакыт өтпөй атып кыз, аста басып,жигиттен кечирим сураганы жанына жакындап барат да шыбыраган үн менен: “Мен психология бөлүмүндө окуйм... жана атайын сынагым келген, эркек адам чоочуганда кандай жооп кайтарат болду экен деп. Сизди да ыңгайсыз абалда калтырдым окшойт,кечирим сурайм” дейт. Бул жолкусунда жигит да үнүн катуу чыгарып жооп берет: “Бир түнгө 200 долларбы?... Кымбат экен!”
Айланасында отургандын баары кызды тиктеп калышат. Айласы кеткен кыз, ордунан жылбай катып туруп калат. Кулагына жакындап келген жигит: “Мен юристмин... бирөөнү кантип элге күнөөлүү кылып көрсөтсөм болот... ошону билгим келген, кечиресиң” деген экен.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.