Halloween party ideas 2015

«Батинкем жок»-деп кайгы тартпай туруп,
Бир ирет айланага караңыз да.
Башына түшкөнүнө моюн сунуп,
Буту жок жүргөндөр бар арабызда.

«Манжама маржан шакек такпадым»-деп,
Муңканат эрке кыял, обу жоктор.
«Жашоодо кымбат нерсе таппадым»- деп,
Жан үрөп иштеп келет колу жоктор.

Ыйынып тирүүлүктөн азап тартып,
Ыйлашат кээ бирөөлөр дарексиз бир.
Көптөрү унутпаса ыйлап жатып,
Кыйналган адамдарды карексиз бир.

Кымбат баа телефон деп элирбестен,
Канаат кыл кулагыңдын укканына.
Канчалар дүлөйлүккө берилбестен,
Камыкпай чыдашууда бүт баарына.

Суроого жооп бербей ыңгыранып,
Себепсиз бой көтөрбө, улуксунуп.
Кудурет, күчү менен сыртын салып,
Көрмөкмүн койсо Кудай дудук кылып.

Семирип кеткениңе намыстанып,
Сын такпа сымбатыңа айып коюп.
Айрымдар тамак-аштан алыс калып,
Ачкадан өлүп жатат арык болуп.

Толгонуп болбос ишке кейий бербей,
Тобо кыл тирүүлүккө келгениңе.
Тагдыр да сүйө бербейт жеңилгенди эй,
Тобо кыл учурдагы деңгээлиңе.

Жылдызбек Турсунбаев

Отправить комментарий

Технологии Blogger.