Halloween party ideas 2015

Бул окуя Американын бир шаарчасында болгон. Бир күнү көчөдөгү бир тилемчи астына салып жаткан гезиттердин биринен кичинекей жарыяга көзү түшүп калат. Бул жарыя өзгөчө жарыя эле: «Эки кабат чоң үй сатылат. Бакчасы, гүл багы, бассейни жана башка бардык шарттары менен. Баасы 1 доллар». Көпкө карап туруп, ал гезитти акырын бүктөп коёт. Ошентип, ал күнү кечинде келет да, баягы жарыяны кайра окуйт. Ишенүүгө мүмкүн болбогон бул жарыя кадимки эле жарыялардын арасынан орун алгандыктан, эч кандай шектенүүгө илинчек таппайт. Үч күн бою тилемчинин оюна баягы жарыядан башка нерсе келбейт. Акыры бир сураштырып көрүүнү чечет. Ошентип, жазылган дарекке жөнөйт. Жакын калганда жол боюнда чоң тактада ошол эле жарыянын жазылып турганын көрөт. «Баасы 1 доллар» деп турат. Тилемчи акырын чөнтөгүнө колун салып, бырышып, майланышып калган 1 доллардан үчтү алып чыгат да, жарыяны дагы бир жолу карап, акырын кадам шилтейт. Көрсөтүлгөн дарекке келип, темир тосмо менен курчалган, кооз бакчасы менен заңгырап турган чоң эки кабат үйдү көрөт да, коңгуроосун баса албай көпкө турат. Эки-үч жолу артка кайрылып барып, кайра келет. Акыры чыгынып, коңгуроону басат. Үйдөн жакшынакай кийинген орто жаштагы аял чыгат да, келген адам менен сылык учурашат. Тилемчинин жарыя боюнча келгенин уккандан кийин үйгө киргизип, кадимкидей тааныштырып чыгат. Мындай мамилеге ансыз да ою бир ордунда болбогон тилемчинин оозу ачыла, ишенер-ишенбесин билбей туруп калат. Анын бул абалын байкаган аял болгон абалды жай түшүндүрүп, бул үйдүн сырын ачат:
– Биз күйөөм экөөбүз көп жылдар бою бактылуу жашаган элек. Бирок акыркы жылдары бир жаш аял анын башын айлантып, арабызды алыстатты. Анан күйөөм кырсыктап кайтыш болду. Мурас кагазына бул үйдү сатып, акчасын толугу менен ал аялга берсин деп жазып кеткенге үлгүрүптүр. Ошентип, мен күйөөмдүн керээзин аткарууга аргасыз болуп турам. Бул жарыяны тынбай берип келе жатканыма жарым жыл болду, ошентсе да биринчи кардар сиз болдуңуз. Кыязы, баасын көрүп эч ким ишенбесе керек, баасынын сырын эми түшүнгөн чыгарсыз… 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.