Halloween party ideas 2015

Маасысы жок кепиччен,
Жуурканга башын бекиткен.
Жан багып мештин түбүндө,
Жатып алып жеп-ичкен.
Чак түшкө чейин ойгонбой,
Чакырган жерден кечиккен.
Ток урган жандай секирип,
Той десе, чуркап жетишкен.
Жаштар укса, айтайын
«Жалкоолук» деген кесиптен.

Таш баканын үстүнө
Минип алган жалкоолук.
Уясына үлүлдүн
Кирип алган жалкоолук.
Эшигин ачпай эмгекке,
Илип алган жалкоолук.
Периштени укпай, шайтандын
Тилин алган жалкоолук.
Өткөрүп бекер, жаштыктын
Күнүн алган жалкоолук.
Сөңгөгүн коюп, өмүрдүн
Гүлүн алган жалкоолук.
Намаздан беш маал эринип,
Динин алган жалкоолук.
Аны сүйгөн адамда
Анча эмес болот ден соолук.
Төшөктөн турбай уктасаң,
Төрүңдөн бакыт, кут качат.
Каалабай эмгек кылышты,
Каалаган жакка бут басат.
Аңгыча достор табышып,
«Алып ий» деп кагышып,
Мурунга пияз жыттатат.
Илээнди жүрүп, жалкоолук
Ичкилик менен жупташат.
Акылын укпай «колхоз» деп,
Атасы менен мушташат.
Шапкесин бутка кийгизип,
Шайтандын ою ишке ашат.
Аңгыча жалкоо атыңа
Алкаш наамы учкашат.
Коңурбайды жеңгенсип,
Коңурук тартып уктатат.
Кутулган кандай ырахат
Куруган уйку илдеттен!
Түгөнбөс, бүтпөс уйкунун
Түбүнө түшүп ким жеткен?
Көз ачпай өтөт өмүрүң,
Көп окуп, көптү билбестен.
Башыңа келсе шум ажал,
Барбайм деп кайда качасың?
Топурактан жаралдың,
Топуракка батасың.
«Кыямат кайым» болгончо
Кыймылсыз уктап жатасың,
Тирүүлүктө уйкуңдун
Түгөткөн болсоң запасын.
Намазың жок окуган,
Тозоктун күйгөн отунан
Башыңды кайда катасың?

Жалкоо эркек ордуна
Жакшылап баксаң бир уйду,
Айран, сүт, каймак, май менен
Ач кылбай багат бир үйдү.
Эринип эмне табасың?
Элиңе кантип жагасың?
Пайдасыз, зыянга айланса,
Бага албай катын-баласын,
Көкүрөк керип пайда жок,
Көк уйча болбой каласың.
Жалкоолук менен жакырлык
Жакындар болот тамырлаш.
Жалкоолук болсо агасы,
Жакырчылык – карындаш.
Жалкоолонсоң, жакырлык
Артыңан жетет бат эле,
Аралыгы жарым жаш.
Максатты койгон кишилер
Эч качан жалкоо болушпайт.
Максаты жок илээнди
Жалкоонун санын толуктайт.
Багыты жок андайлар
Баштарын эч бир оорутпайт.
Жүрөктө жалын барында
Жүгүрүп бутун жоорутпайт.
Карылык каршы жеткенде,
Кайран жаштык өткөндө,
Кайгырып ыйлап солуктайт.
Убакыт созбой эмгек кыл,
Ушул кез эртең жолукпайт.
Максаты жок кишилер
Дарбазасыз футболдой,
Багыттап топту теппейсиң,
Башаламан бут чоймой.
Бар күчүң коройт, тепкениң
Бир дагы голго туш болбой.
Максаты бар азамат
Мергенчи аткан жебедей
Кадалат таамай жамбыга,
Каршы учкан желди кенебей.
Жетиш үчүн максатка,
Мезгилге жабыш кенедей.
Козголбой жатсаң, жалкоолук
Кол-бутту байлайт желедей.
Чыга албасаң желеден,
Чымынсың анда, эр эмей.
Тентибей, элге кызмат кыл,
Тең болсун десең телегей.
Адал болсун ыйманың,
Ак болсун элге кылганың,
Алдейин сүйгөн энедей.

Жата берсең эринип,
Жамбашыңды талытат.
Кан чуркабай денеңе,
Канча көп оору жабышат.
Жаш туруп денең морт болсо,
Жаштыгың нени жарытат?
Отузда орок орбогон,
Кыркында кылыч чаба албайт.
Эл-жерин багыш кайдагы,
Багылбай катын, балдары,
Өз жанын дурус бага албайт,
Кытайдан келген товардай,
Кыздарга жөндөп жага албайт.
Жалгыз айтар жообу бар,
Заманды оор деп жамандайт.
Кубалап душман атпаган,
Кытайга үркүп качпаган,
Тынччылык ушул заманды айт.
Алланын берген өмүрүн,
Акыл-эс менен пайдалан.
Наристелер канча өттү,
Төрөлгөн күнү жайраган.
Дени сак, күчү бар туруп,
Эрингендерге арданам.
Эч кимге тийбес зыяны
Максатың болсун кармаган.
Бел жооруткан иш бизден,
Берекеси Алладан.
Издесек болот бейишти
Эненин таман алдынан.
Толготуп бизди төрөгөн,
Тогуз ай багып кардынан.
Жонуңа жөө көтөрүп,
Меккеге барып келсең да,
Кутулбайсың карзыңан.
Анда кантип кутулдук
Ааламды түгөл жараткан
Алла Таала парзынан?
Кутулууга алардан
Куруган өмүр адамда аз,
Жаннатта бизге нур болчу,
Жакшы ишибиз андан да аз.
Өлүмдөн кийин чын дүйнө,
Өтсө өмүр, кайра жаралбас.
Аракет кылып жатпоого,
Карыздын баарын актоого
Жетишсек экен, замандаш!

Аалы Туткучев

Отправить комментарий

Технологии Blogger.