Halloween party ideas 2015

-- Таяне.
– Оу балам.
– Телефонуңуз качан оңолот?
– Менин телефонум оң эле балам
– Балким өчүп калгандыр.
– Жок, күнүгө эле токко сайып атам. – Кечөө өчкөн жок беле, таяне?
– Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
– …
– Эмне болду балам? Эмнеге сурадың?
– Түшүмө атам кирди. Эмне чалбай калдыңыз
дедим. – Анан эмне дейт?
– Таянеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого
чала албай атам деп айтты…
– Аа, сени сагынып аткан го анда.
– Эмне атам да мени сагынабы таяне?
– Сагынат да балам. Албетте сагынат. – Сагынса эмнеге чалбайт анда?
– Эми… балким чала албай аткандыр. Телефону
бузулгандыр…


***


– Таяне, телефонуңузду токко сайып койоюнбу?
– Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.
– Эмне телефон жок болсо уктап калабызбы?
– Ооба да. Бизди күнүгө ушул ойготуп атпайбы.
– А атамды да телефон ойготобу?
– Ошентсе керек балам. Азыр элдин баары эле телефон карап калбадыбы?
– Анда атамдын телефону иштеп аткан
турбайбы ээ?
– Иштебей анан? Атаң камдуу эмеспи. Иштеп
аткандыр.
– Атамдын да телефону иштесе, сиздики да иштесе, анда эмнеге чалбайт?
– Ким билет. Балким, акчасы жоктур…
***
– Таяне, мен сабакка барбай эле койоюнчу.
– Эмнеге балам?
– Агай бүгүн классты сырдаганга 100 сомдон алып келбесеңер анда келбей эле койгула
деген.
– Ой кечөө 100 сом бербедим беле.
– Таяне аны Россияга салып ийдим.
– Кимден салып ийдиң?
– Максаттын да атасы Россияга кетип атыптыр. Атама берип коюңуз деп берип ийдим.
– Атаң эмне кылмак эле аны, э катыгүн!
– Бизге чалсын да таяне. Ал мени сагынып чала
албай жүрөт го.
– Аа, кокууй. Кайдан да айттым эле.
– Эмне таяне, чалбайбы? Сагынбайбы бизди… – Билбейм балам. Билбейм. Деги эмне дешти да
билбей калдым…


***


– Таяне! Таяне! Телефон! Атам чалып атат!
– Кана! Кана бери алып келчи!
– Мына, таяне мына! Бол батыраак алыңызчы! Бол!
– Аллоо.. алоо… Жаку… Аа Батмаш сенсиңби?
Бу неберем атам чалып атат дегенинен…
Кандайсың өзүң, жакшысыңбы? Конок тосом
дейсиңби? Кудаларыңбы? Аа, макул азыр берип
ийем. – Атам эмес бекен?
– Жок балам. Бул Батмаш тура. Сыр табак сурап
атыптыр. Тур барып берип келчи.
– Барбайм!..
– Ой эмне болду? Тур барып берип кел… Э
катыгүн сен ыйлап атасыңбы? – Сиз эмнеге көпкө сүйлөшөсүз.. Бул телефонго
атам чалат дебейсизби? Телефонду бошот,
Белектин атасы чалат дебейсизби? Ал сагынып
чала албай жүрөт. Кечөө Белек ага акча салып
ийген, болду буга чалбагыла дебейсизби?!…
***


– Э Белек, сен эмнеге атам эле атам дейсиң?
Апаңды унутуп калдыңбы?
– Жок.
– Анда эмнеге аны айтпайсың?
– Мен аны жаман көрөм.
– Эмнеге? – Апам күнүгө эле «акча жок. Бул жумушуңан
чыгып башка жакка иштебейсиңби. Россияга
деле барсаң боло» дей берип атамды кетирип
ийген. Апам антпегенде биз баарыбыз чогуу
жашай бермекпиз.
– Аа, балам. Анан жашаш керек да. Акча деген жетпей атпайбы?
– Жетет болчу. Акчанын кереги жок болчу мага.
Атам эле керек болчу. Мейли акчасы жок болсо
деле мейли. Андан балмуздак да сурабайт
болчумун. Ботинка, машина, конфет да
сурабайт болчумун. Атам эле келсе болмок… ***
– Э Бекинтай, кана телефон?
– Менде таяне.
– Э ботом, аны эмне алып алдың?
– Сиз намазда отурганда атам чалып калабы
дегем. – О каралдым десе! Келе эми, панарын жагып
эшикке чыгып келейин.


**
– Белек, Бекинтай. Келе гой каралдым мобу
дарыны ичип алчы, садага…
– Таяне, мен болду апама таарынбайм. – Алда каралдым ай. Куса болуп ооруйт деген
ушу тура. Апаң кара жерге кирсинчи ошо…
Чычкандай баланы бир ойлоп коюшпай…
– Түшүмө сиз айткан Мухаммед Пайгамбар
кирди, таяне. Ал апаңа таарынба. Апа деген
баарынан ыйык деди. – Аа каралдым. Түшүңөн садага болоюн сенин.
Түшүңдөн садага кетейин.
– Таяне, мен дары ичпей эле койоюнчу.
– Эмнеге балам. Ичпесең ооруп каласың да.
– Мейли. Ооруй берейинчи.
– Кой антпе. Оору деген жаман да.


– Билем, таяне. Эгер ооруп өлүп калсам, атам


менен апам кайра келишет да.
– Ок кокуй, антип айтпа! Жаман болот!


**


– Бекинтай, Белек! Карачы биз келдик.
– Пайгамбарым сизсизби? Сиз келдиңизби? Атасы келбегендерге келем дебедиңиз беле.
Мен сизди аябай күттүм. Атам да келбей койду.
Апам да келбей койду. Анан сиз да кечиктиңиз.
Түшүмө да кирбей калдыңыз… Мен баарыңды
сагындым… Мени бул жерге калтырбагылачы…
– Бекинтай, сен эмне деп атасың? Бул биз апаң менен атаң… Сен катуу ооруп аткан
турбайсыңбы Бекинтай. Эмне деп атасың?
Көзүңдү аччы…
– Пайгамбарым, сиз аларга ачууланбаңызчы…
Балким алар менден жакшы бала таап
алышкандыр. Балким, мен жаман бала болгондурмун… Бирок, мен аларды баары бир
күтөм. Бейишке кир десе да кирбей, оозунда
туруп күтөм. Акыры келишээр мага… Акыры
ошол жерге келишээр…
– Бекинтай… Белеек…

Насыпбек Асанбаев

Отправить комментарий

Технологии Blogger.