Halloween party ideas 2015

Жынсы кездемесинен тигилген кийимдер дүйнөнүн төрт бурчуна бирдей эле таркаган. Мырзалар үчүн да айымдарга да, балдарга да арналып тигилет. Ар бир адамда жок эле дегенде бирден жынсыдан тигилген кийим бар. Кооз жана ыңгайлуу сезилгени менен зыяна да бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Тактап айтканда жынсы кездеме эмес, тигилген фасону зыянын тийгизет. Буга мисал, өзгөчө модалуу фасондордо тигилген жынсы шымдарды айтсак болот.

1. Денеге чап жармашып чак келген фасондо тигилген жынсы шымдар табарсык үчүн өтө олуттуу зыянын тийгизет. Тар шымдан табарсык муундары ар дайым кысылып жүргөндүктөн, акыр аягында анын чоюлуп, кеңейип кетишине жеткирет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
2. Тар шымдан улам табарсык муундары баскан сайын жабыркоого учурайт. Мында, омурткаларга жана белге ашыкча күч келет. Жыйынтыгында омуртка оорусу менен жабыркоого туш келет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
3. Денеге чапташып турган жынсы шымдар муундарды эле кыспастан нерв торчолорун, буттун муундарын да жабыркоого учуратат. Мунун айынан мээге кан айлануу жакшы жетпей, буттар тез чарчап, варикоз оорусунун келип чыгышына себеп болот. Айрыкча белинен ылдый тигилген жынсылардын зыяны чоң.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
4. Белден ылдый тигилген фасондуу жынсылардын дагы бир зыяны, ал бел тараптын муздап калуусуна шарт түзөт. Мунун айынан бөйрөк жабыркап, заара бөлүп чыгаруу органдары акырындык менен иштен чыга баштайт. Жатынга терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында эне болуу бактысынан толук ажырап калышы да ыктымал. Мындан да жаманы бөйрөктүн эң оор түрүнө кирген илдеттер менен ооруп калуу да коркучу жок эмес.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
5. Белден ылдый фосондо тигилген шым кийген айымдардын салмагы да кошулат. Себеби, организм сырткы суук абадан өзүн коргоо үчүн бел жакка ыкчам түрдө май топтой баштайт.
6. Бели өйдө, бирок денеге чапташып тигилген жынсы шымдарды кийүү менен ашказан ооруларына да кабылууга болот. Анткени, тамактанып отурган соң, тар шым кысып, ашказанга күч келтирет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
7. Тар жынсы шымдарды мырзалар да кийбей эле койгону дурус. Себеби, ал импотенцияга жеткирет. Мырзалардын уруктугу төмөнкү температурада жигердүү абалда болот. ал эми тар шым кысып, ысытып, температураны жогорулатканда эреже бузулат. Жыйынтыгында ата болуу бактысынан да ажыроого себепчи болушу мүмкүн.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
8. Тар шымдарды көп кийген айымдардын гигиеналык эрежелери бузулуп, жыныстык органдарына инфекция кирип ар кандай ооруларды козгоп жибериши да күтүлөт.
9. Кооз жана тар тигилген жынсы шымдардын боёлгон өндөрү териге сиңип, анын жыйынтыгында аллергиялык оорулар да козголот. Ошондой эле кээ бир тери ооруларына да кабылышыңыз ыктымал.
10. Айрым психолог адистеринин айтымдарында, жынсы кездемеси негизи эле кандайдыр бир күч менен адамдарды өзүнө багынтып, сыйкырлап алган.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.