Halloween party ideas 2015

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков менен биргеликте Бишкек шаарындагы курулуп жатан борбордук мечиттен кабара алып, курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Борбордук мечиттин курулушу менен болгон таанышуу учурунда «Комаш» курулуш компаниясынын жетекчиси аткарылып жактан иштер боюнча маалымат берип, учурда курулуш ишине тиешелүү бир топ иштер бар экендигине токтолду.

Ошондой эле мечиттин жертөлөсүндөгү иштер боюнча тааныштырып, курулушчулар бардык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи. Ал эми Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит Орто Азиядагы ири мечиттердин бири болгондуктан курулуш иши сапаттуу жана жарандар үчүн бардык шарттары менен болуусу керектигин айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым жакындан жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Мечиттеги курулуш иштери менен таанышуу учурунда Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар тараптуу колдоо көрсөтүп жактандыгына токтолуп, биргеликте аткарыла турган иштер бар экендигин кошумчалады.

http://muftiyat.kg

Запись Муфтий Бишкектеги курулуп жаткан борбордук мечиттен кабар алды впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.