Halloween party ideas 2015

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде коомчулукта соңку жылдары «сүйүү күнү» деген ат менен белгилүү болуп калган 14-февралды майрамдоого быйыл да тыюу салды. Бул тууралуу «Кабар 24» агенттигине башкармалыктын өкүлү Тынчтыкбек Бекташ уулу билдирди. Анын айтымында, бул үчүн шаардагы мектептерде сүйүү каттары үчүн атайын кутучуларды орнотпоо жана бул күнгө байланышкан кандайдыр бир оюн-зоок программаларын өткөрбөө эскертилди.

– Валентин күнүн белгилөө эч кайсы мыйзамда жок. Биз Билим берүү министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарабыз, мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизгендиктен 3-4 жылдан бери ушул чараны колдонуп келе жатабыз, – деген Тынчтыкбек Бекташ уулу бул күнү балдардан кат албай калган кыздар курбуларынын алдында өзүн жаман сезип, кемсинген абалда каларын психологдор аныкташкандыктан мектептерде сүйүү каттарына тыюу салуу туура чечим деп эсептешерин кошумчалады.

Кыргызстанда азырынча мындай ыкма бир гана Ош шаарында гана колдонууда. Калган шаарларда мындай тыюу салуулар болгону кабарлана элек.

Он жети кылым мурда байыркы Римде белгилене баштаган “Ыйык Валентин күнү” кийинчерээк дүйнөгө тарап, “сүйүшкөндөр күнү” катары майрамдалып жүрөт. Бул майрам Кыргызстанга өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында келип, жаштар арасында кеңири белгилене баштаган. Өлкөдө диний ишмерлер менен айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө бир канча жолу чакырык жасаганы бар.

Айрым мусулман өлкөлөрүндө бул күндү белгилөөгө тыюу салынган. Маселен, кечээ эле Пакистандын Жогорку Соту коомдук жайларда Валентин күнүн белгилөөгө өлкө боюнча тыюу салды. Сот медиа каражаттарын бул майрам тууралуу маалымат таратпоого да милдеттендирген.

http://kabar24.kg

Запись Ошто Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салынды впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.