Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком мектеп. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мутакалим коомуна Кыргызстандын ар тарабынан мектеп жетекчилери кыздардын жоолукчан сабакка баруусуна тыюу салып жаткандыгы окуу жыл башталаары менен кайрадан арыздар түшө баштады.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жоолукчан билим алууга эч ким тыюу сала албайт.

Мына ушудан улам Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине  0700 744 748 номери аркылуу  жарандар билдирүү жөнөтө алышаарын эскертебиз.

Келип түшкөн билдирүүлөр, сунуштар министрдин тыкыр көзөмөлүнө алынып, бир да арыз жоопсуз калбайт деп ведомстводон билдиришти.

Запись “Жоолугуңду чеч” деген мектептерге арыз менен Билим Берүү министрлигине WhatsApp аркылуу кайрыла алышат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чүйдүн Чолпон жана Оштун Күңгөй айылдарындагы эки мектеп тең мамлекеттин балансына өткөрүлүп, алардын расмий ачылышы дем алыш күндөрү КРнын президентинин аппаратынын, Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Чолпондогу 150 орундуу жана Күңгөйдөгү 170 орунга ылайыкталган мектептер тиешелүү эмерек, класстык жасалга, видеокөзөмөл апараттары менен жабдылып, короо-жайы тосмолонду.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан билдиришкендей, 2 жыл аралыгында аталган уюм Кыргызстанга дагы 10 мектеп куруп берүүнү пландоодо.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган ассамблея тарабынан Кыргызстанда 30 мектеп курулган.

Запись “БДМЖА” Кыргызстанда дагы 10 мектеп курууну пландоодо впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

МЕКТЕПТЕ БИРДИКТҮҮ ФОРМАНЫ КИЙҮҮНҮ МАЖБУРЛОО ЖАНА ЖООЛУКТУ ЧЕЧҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУ КАНЧАЛЫК МЫЙЗАМДУУ? 

Бирдиктүү мектеп формасы боюнча чыгарылган Өкмөттүн Токтомун бетке тутушуп, илимсиз, маданиятсыз билим берүү кызматкерлери кызматынан аша чаап, айрым мектеп окуучуларынан жоолуктарын чечүүнү талап кылышып, адам укуктарын одоно бузган учурлар көп кездешүүдө. Бирдиктүү форманы кийүүнү жана жоолуктарды чечүүнү талап кылуу – бул эч бир талашсыз укук бузуучулук көрүнүш. Буга мыйзамдардан үзүндүлөрдү далил катары келтирип кетүүнү чечтик. Укуктарыңыздарды коргоодо төмөнкү статьяларга таянсаңыздар болот.

КОНСТИТУЦИЯГА КАЙРЫЛСАК. 

27.06.2010-жылдан Конституциянын 16-бересенине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого (дискриминацияга) алынышы мүмкүн эмес.
Конституциянын 20-беренесине ылайык,
ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого тыюу салынат. Диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу чектелүүгө тийиш эмес.
Конституциянын 31-беренесине ылайык,
улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат.
Конституциянын 32-беренесине ылайык,
ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
Конституциянын 45-беренесине ылайык, ар ким билим алууга укуктуу. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

ДИН, ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИН КАНДАЙ ТҮШҮНҮҮБҮЗ КЕРЕК. 

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” 31.12.2008-жылдан №282 мыйзамына ылайык, дин – бул дүйнөгө көз караш жана дүйнө тааным, ошондой эле табияттан тышкаркы күчтөргө ишенүүгө негизделген тиешелүү жүрүм-турум жана өзгөчө иш-аракет (табынуу). Дин тутуу эркиндиги – бул адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу.

ЭЛ АРАЛЫК УКУК ТАНУУ ЭМНЕ ДЕЙТ. 

“Билим берүү тармагындагы кодулоого (дискриминацияга) каршы күрөшү жөнүндө” Бүткүл дүйнөлүк Конвенциясына ылайык (Кыргыз Республикасы бул Конвенцияга Жогорку Кеңештин 08.06.1995-ж. жана 10.06.1995-ж. Токтому менен кошулган), улутуна, түсүнө, жынысына, дин тутуусуна, саясий көз карашына ж.б. карата билим алуу тармагында чектөө же өзгөчөлөө, жыйынтыгында билим алуудагы теңдикти бузууга тыюу салынат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА МЫЙЗАМ ЭМНЕ ДЕЙТ. 

“Билим берүү жөнүндө” 30.04.2003-ж. №92 мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

КАНДАЙ КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАРАЛГАН… 

Кыргыз Республикасынын 01.10.1997-ж. N68 Кылмыш жаза кодексинин 134-статьясына ылайык (Граждандардын тең укуктуулугун бузуу),

(1) Жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык болгондугуна карата адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери тикелей же кыйыр түрдө бузулганда, бул граждандын мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, – эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө (5 000 сом) чейин айып салынат же эки жылдык мөөнөткө чейин түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, – эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө (10 000 сом) чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-статьясы (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу):

(1) Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук же расалык таандуулугунун белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалаганда, эгерде бул жосундар эл алдында же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса,
– үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:
1) зомбулук кылуу же зомбулук кылам деп коркутуу менен;
2) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
3) адамдардын тобунун же кылмыштуу шериктештиктин (кылмыштуу уюм- дун) курамында;
4) экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан,
– белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бештен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Кылмыш-жаза кодексинин 305-статьясы (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу):

(1) Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чапкан жана ушул Кодекстин 305-1-статьясында каралган кылмыштын белгилери болбогондо, адамдардын, юридикалык жактын укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасаса,
– бир миңден эки миңге (100 000 – 200 000 сом) чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдын үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
2) жооптуу абалды ээлеген, кызмат адамы тарабынан; 3) зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында;
4) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;
5) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалса;
6) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында,
– жыйырма миңден отуз миңге (2 000 000 – 3 000 000 сом) чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

КИМГЕ АРЫЗДАНУУ КЕРЕК. 

Мектеп мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, директорунун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча бир эле мезгилде райондук/шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына жана райондук/шаардык прокуратурага кайрылуу керек. Алгач сотко кайрылуу зарыл эмес, сотко бир гана моралдык зыянды өндүрүү, жумуштан бошотуу ж.б. маселе менен кайрылуу мүмкүн.

КАНТИП ДАТТАНУУ КЕРЕК… 

Төмөндөгүдөй үлгүдө арыз жазып, аны көрсөтүлгөн даректерге тапшыруу зарыл:

Көрүү үчүн басыңыз

.doc форматында көчүрүп алуу

КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК КҮТҮҮ КЕРЕК… 

Билим берүү башкармалыгы жана прокуратура кызматкерлери тарабынан сиздин арызыңызга кайдыгерлик мамилеге жасагандай сезилиши мүмкүн. Бирок, кандай болгон учурда дагы жазган арызыңызды сөзсүз түрдө тапшырууңуз зарыл. Үчүнчү нускада “алдым” деп кол койдуруп алыңыздар. Юрист/адвокаттан кеңеш алып, ар бир аракетиңизди макулдашып турууңуз иштин ийгиликтүү чечилишине өбөлгө түзөт.

Бакиров Кубанычбек Тоялыевич, атайын “Formula.kg” сайты үчүн

Запись Мектепте бирдиктүү форманы кийүүнү жана жоолукту чечүүнү талап кылуу канчалык мыйзамдуу? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Намаз окуучу бөлмөлөр Туркиянын ар бир мектебинде болууга тийиш. Бул тууралуу өлкөнүн Билим министрлиги билдирди.

Намазканалар балдар менен кыздар үчүн бөлөк-бөлөк болот. Ошондой эле  мындай бөлмөлөр жертөлөдө же чатырдын астында эмес, атайын ыңгайлуу жайда болууга тийиш. Намазаканалардын ачылуусу менен мектептердеги мугалимдер да, окуучулар да намазын өз убагында аткарып, Кудай алдындагы милдетин так орундашмакчы.

nasaat.kg

Запись Мектептерде намазканалар ачылат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ингушетияда Орозо айы башталган күнгө туура келип калганына байланыштуу мектептерде бүтүрүү кечеси өткөрүлбөй турган болду. Бул туурасында РИА Новости аймактык билим берүү министрлигине таянуу менен жазып чыкты.Ал эми акыркы коңгуроону 24-майда өткөрүү пландалып жатат. Быйылкы жылы Ингушетияда орозо 26-майда башталып, 25-июнда аяктайт.

http://sputnik.kg

Запись Ингушетияда орозо айына байланыштуу мектептерде бүтүрүү кечеси өткөрүлбөйт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде коомчулукта соңку жылдары «сүйүү күнү» деген ат менен белгилүү болуп калган 14-февралды майрамдоого быйыл да тыюу салды. Бул тууралуу «Кабар 24» агенттигине башкармалыктын өкүлү Тынчтыкбек Бекташ уулу билдирди. Анын айтымында, бул үчүн шаардагы мектептерде сүйүү каттары үчүн атайын кутучуларды орнотпоо жана бул күнгө байланышкан кандайдыр бир оюн-зоок программаларын өткөрбөө эскертилди.

– Валентин күнүн белгилөө эч кайсы мыйзамда жок. Биз Билим берүү министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарабыз, мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизгендиктен 3-4 жылдан бери ушул чараны колдонуп келе жатабыз, – деген Тынчтыкбек Бекташ уулу бул күнү балдардан кат албай калган кыздар курбуларынын алдында өзүн жаман сезип, кемсинген абалда каларын психологдор аныкташкандыктан мектептерде сүйүү каттарына тыюу салуу туура чечим деп эсептешерин кошумчалады.

Кыргызстанда азырынча мындай ыкма бир гана Ош шаарында гана колдонууда. Калган шаарларда мындай тыюу салуулар болгону кабарлана элек.

Он жети кылым мурда байыркы Римде белгилене баштаган “Ыйык Валентин күнү” кийинчерээк дүйнөгө тарап, “сүйүшкөндөр күнү” катары майрамдалып жүрөт. Бул майрам Кыргызстанга өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында келип, жаштар арасында кеңири белгилене баштаган. Өлкөдө диний ишмерлер менен айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө бир канча жолу чакырык жасаганы бар.

Айрым мусулман өлкөлөрүндө бул күндү белгилөөгө тыюу салынган. Маселен, кечээ эле Пакистандын Жогорку Соту коомдук жайларда Валентин күнүн белгилөөгө өлкө боюнча тыюу салды. Сот медиа каражаттарын бул майрам тууралуу маалымат таратпоого да милдеттендирген.

http://kabar24.kg

Запись Ошто Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салынды впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.