Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком намазкана. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Намаз окуучу бөлмөлөр Туркиянын ар бир мектебинде болууга тийиш. Бул тууралуу өлкөнүн Билим министрлиги билдирди.

Намазканалар балдар менен кыздар үчүн бөлөк-бөлөк болот. Ошондой эле  мындай бөлмөлөр жертөлөдө же чатырдын астында эмес, атайын ыңгайлуу жайда болууга тийиш. Намазаканалардын ачылуусу менен мектептердеги мугалимдер да, окуучулар да намазын өз убагында аткарып, Кудай алдындагы милдетин так орундашмакчы.

nasaat.kg

Запись Мектептерде намазканалар ачылат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бишкек парк img_0660 img_0673 img_0671

Кечээ 21-декабрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Алмамбет ажы Суеркулов Бишкек шаарындагы эң ири делген “Бишкек парк” сатуу жана көңүл ачуу борборунун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда аталган соода борборунда жайгашкан намазкананын учурдагы абалы жана келечекте жасала турган иштер тууралуу пикир алмашышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Хүсаметтин Йылмаз мырзанын айтымында учурда “Бишкек парк” сатуу жана көңүл ачуу борборунда кардарлар жана жалпы мусулмандар үчүн намазкананы оңдоп түзөө иштери бүтүп, ишке берилген. Ошондой эле аял кишилер үчүн да намаз окуганга атайын жай бөлүнгөн.
”Намазканада бардык шарттар түзүлгөн. Жакынкы аймака намаз окуганга чоң мечит жок болгондуктан бизге келип намаз окугандар арбын”,-деди Бишкек парк” сатуу жана көңүл ачуу борборундагы намазкананын имамы Шамшидин ажы Маматкулов.
Аталган эки тараптуу жолугушуунун акырында алдыда бирге кызматташа турган иштердин арбын экендигин айтып, шаар казысынын орун басары калаа тургандары үчүн бардык шарттарды түзүп бергендиги үчүн “Бишкек парк” сатуу жана көңүл ачуу борбордун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

muftiyat.kg


December 22, 2015 at 10:23AM
Технологии Blogger.