Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаш жигит өзүн түйшөлткөн суроолоруна жооп бере ала турган адамдарды издеп, жооп тапканга аракет кылды. Көптөгөн адамдардан сурады, бирок эч ким жооп бере албады.Бир убакта бир билимдүү мусулманды жолуктуруп калып, суроолорун берди.


1. Кудай барбы? Эгер бар болсо, мага анын сөлөкөтүн көрсөтчү?
2. Тагдыр деген эмне?
3. Эмне үчүн шайтан оттон жаралганы менен баардык тарабы от болгон тозокко кирет? Тозок да, шайтан да от болгону үчүн шайтанга тозокко түшүү кыйынчылыкты туудурбайт. Эмнеге Аллах ушуну ойлонгон эмес?
Кокусунан билимдүү киши жаш жигитти алакан менен катуу чаап жиберди.
- Эмнеге сен мага ачууланып жатасың?
- Мен ачууланбадым. Бул жөн гана сенин суроолоруңа жооп болчу.
- Кандайча?
- Мен сени ургандан кийин менин урганымды сезишиң үчүн урдум.
- Албетте, мен ооруганын сездим.
- Демек, сен оору бар экендигине ишендиңби?
- Ооба.
- Анда сен мага Кудайдын сөлөкөтүн көрсөт – деди билимдүү киши.
- Жок, мен көрсөтө албайм.
- Бул сенин биринчи сурооңдун жообу...... Эми айтчы, түндө түшүңдө мен сени алакан менен чапканымды көрдүңбү?
- Жок.
- Сен бүгүн менин алакан менен чабарымды качандыр бир убакта ойлодуң беле?
- Жок.
- Бул тагдыр. Менин колдорум эмне менен жабылган?
- Тери.
- А сенин бетиңчи?
- Тери.
- мен урганда сенин бетиңдин териси оорудубу?
- Аябай ооруду.
- Сенин бул жообуң болсо, үчүнчү сурооңдун жообу... 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кандай иш-аракеттер мусулманга ылайыктуу жана зарыл?
Жаштыкта ибадатты үйрөнүп, илим алуу, улгайган чакта үзгүлтүксүз ибадат менен
шугулданып келечек муунга үлгү болуу. 
Кандай сөз адамдын баркын түшүрөт?
Баарлашуу учурунда өзүнүн артыкчылыгын айтып мактануу. 
Жигиттиктин белгиси эмнеде?
Өч алууга күчү, мүмкүнчүлүгү жетип турганына карабастан, айкөлдүк кылып экинчи
тарапты кечирип жиберүүдө. 
Адамдын кайсы кемчилиги өтө зыяндуу?
Өзү байкай албай жүргөн айыбы. 
Бир жерде эгилген соң эки башка жерден түшүм берген ал кайсы үрөөн?
Кеменгер инсандарга жакшылык кылуу. Анткени даанышмандар берилген жардамдын
акыбетин бул дүйнөдө кайтарса, Алла Таала акыретте албан үзүр-сооп ыроолойт. 
Кандай нерселер адамды адамгерчиликтен четтетет?
Төрт нерсе: Улуулардагы зыкымдык, аалымдардагы текеберлик, аялдардагы уятсыздык,
эркектердеги жалганчылык. 
Дүнүйө-мүлктү эмне үчүн көбөйтүү керек?
Өзүбүз жашаган коомдогу адамдардын акысын кайтаруу, ата-эне, бала-бакыраны багуу,
акыретке азык даярдоо, душманды дос кылып, кембагалды байытуу, дегеле баарына
жардам берүү үчүн көбөйтүү керек. 
Дабаагерге зарыгып калбоо үчүн эмне кылышыбыз керек?
Чеги менен тамактанып, аз уктап, аз сүйлөп жана чөйрөлөштөрүбүз менен ынтымакта
болушубуз керек. 
Пастык эмнеден туулат?
Башкалардын мүлкүнө сугун арткандан туулат. 
Адам канткенде элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло алат?
Эки жол менен: Өз ара мамилелерди так жүргүзүп, мээнет кылган адамдын акысын
ашыгы менен бергенде жана эч кимге ачуу сөз айтпаганда. 
Дүйнөдөгү эң жакшы нерсе эмне?
Акыретте үзүрүн көрөм деген максатта жалпы журтка милдеттүү түрдө сылык болуу жана
бул дүйнөдө башкалардан эч нерсе күтпөстөн берешен болуу. 
Жакшы адамдын белгиси эмнеде?
Жакшы адамдын белгиси – бирөөнүн айыбын элдин алдында ачпайт, көрмөксөнгө салат,
өткөнгө өкүнүп жүрөгүн оорутуп, башын муштабайт. 
Эмнени элестетүү мүмкүн эмес?
Акылдуу адамдын аалымдар менен кеңешпей туруп өз алдынча болушун, миң күчтүү
болгон күндө да согушкердин ыкмага, айла-амалга таянбашын, захид адамдын
такыбаалыкты этибарга албай, ибадатсыз жүрүшүн элестетүү мүмкүн эмес. 
Желбегени менен денеге пайда берген нерсе барбы?

Пахтадан же жүн кездемеден тигилген жумшак ак кийим, жагымдуу атыр, агып жаткан
сууну жана жаздагы жашылга чулганган кооздукту көпкө кароо, молчулукта
болсун, жокчулукта болсун достордон кол үзбөө, бак өстүрүү, жылуу суу менен
жуунуу, ичимдиктен оолак болуу, уктаардан алдын ысык нерсе ичкенден кийин дароо
анын үстүнөн муздан нерсе ичпөө. 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Элчи айтты жашаса кимдер эгер,
Кыяматты ойлобой эч кайдыгер.
Андайларда болот деп алты белги, 
Себеп болот азапка ал белгилер. 

Биринчиси, дилинде болбойт ырайым, 
Экинчиси, жейт момун, жетим малын. 
Үчүнчүсү, дос кылат дүнүйөнү, 
Төртүнчүсү сүткорлук кылат дайым. 

Сүткорлуктун белгиси мындай адат,
Бирди берип, экини кайтып алат. 
Андай адам соодагер болсо эгерде, 
Соодаларын жүргүзөт такай алдап. 

Бешинчиси, бейнамаз жүрөт алар, 
Кээде окулса намазы, кээде калаар. 
Алтынчысы беришпейт үшүрүнөн, -
Зекет, үшүр намазга тете амал. 

Кайдыгерлик торунан кутулуп ким, 
Кыяматты көпөөстөп ачса дилин. 
Ошондон баштап андан кете баштайт, 
Бири калбай айтылган белгилердин. 

Булак: "Ак-Башат" журналы
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

   Ааламдагы көзгө көрүнбөс атомдон тарта көктөгү акыл жеткис Күн, Ай, жылдыздардын баары Жараткан Алланын Кудуретин чагылдырган керемет чеберчилик. Бүт нерсе ажайып сырдуу музей сыңары. Аалам музейиндеги кичинекей бир булактын суусун изилдөө үчүн, же бир таш сыяктуу нерсени таануу жана анын өзөгүн ачууга пенде үчүн чоң илим талап кылынат. Мына ушунун баарын акыл жеткис ажайып мыйзам менен жараткан

АЛЛА ТААЛАНЫН КУДУРЕТИНЕ ДАҢК!

Ойлонуп көрөлү


   Бөйрөк – бул наристенин муштумундай болгон кичинекей эт. Бирок ал уулуу зат менен уусуз затты үзгүлтүксүз организмге тең салмакта бөлүп берет. Зат уулуу болсо, аны тышка айдайт. Уусу жок болсо денеге таратат. Ушунчалык чоң ишти тынымсыз аткарган бөйрөктө акыл барбы? Кандайдыр бир компьютердик системага туташтырылганбы? Заттын курамын аныктай турган лабораториясы барбы?

Бир жалбырак жетиштүү


   Залкар акын, орошон ойчул Шейх Саади мындай деген:

«Алла Тааланын теңдешсиз КУДУРЕТИН, ЧЕБЕР ЖАРАТУУЧУЛУГУН таануу үчүн көсөм инсандарга дарактын бир жалбырагы жетиштүү. А наадандарга болсо дүйнөдөгү дарак атпайдын бир жалбыракчалык мааниси жок».

Даанышмандык болбогондо


   Акыл менен аңдалбаган нечелеген сырлар даанышмандык менен гана чечилет. Ошонун сыңары ааламды даанышман акыл менен окууга болот. Эгер даанышмандык болбогондо көп сыр жабылуу бойдон калмак. Эгер аалам сырлары ачылбаганда нечен бай жан дүйнөлөр караңгы бойдон калмак. Азирети Мавлана сымал Алланын сүйүктүү пенделери, дүйнөгө багыт берген кеменгерлер чыкмак эмес.

Булак: "АК-БАШАТ"
Технологии Blogger.