Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

- Төрөбай Закировичти биз мурунтан тааныйбыз. Ал инсандын кыргыз элине, мусулмандарга болгон кызматы эч кимге жашыруун эмес. Депутаттыкта канча жылдан бери иштеп жаткан болсо, бул мезгил ичи дайыма кыргыз элинин баалуулугун сактоо боюнча казино сыяктуу кумар оюндары, гейлерди үгүттөө иштерине каршы бир топ маселелер боюнча катуурак туруп койгондун себебинен дагы бул инсанга чабуулдардын башталгандыгы деп түшүнсөк болот...
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Snickers
2 Супы Campbell
3 Рис Uncle Bens Mars
4 Чай Lipton
5 Mars M&M
6 Twix
7 Milky Way
8 Cadbury (Кэдбери) шоколад, какао
9 Ferrero
10 Nestle шоколад "Нестле", "Россия"
11 Шоколадный напиток Nestle Nesquik
12 Безалкогольный напиток Соса-Соla "Кока-Кола" Соса-Соla
13 "Спрайт", "Фанта", тоник "Кинли", "Фруктайм"
14 Pepci-Со Pepsi
15 "7-Up", "Фиеста", "Маунтин Дью"
16 Сухие завтраки Kellogg's
17 Соусы Knorr
18 Печенье Parmalat
19 Приправы, майонезы, соусы Hellman's
20 Приправы, майонезы, соусы Heinz
21 Детское питание Nestle
22 Hipp
23 Abbot Labs Similac
24 Йогурты, кефир, сыр, детское питание Danon
25 McDonald's (Макдональдс) сеть "ресторанов" быстрого питания
26 шоколад, чипсы, кофе, детское питание Kraft (Крафт)
27 кетчупы, соусы. Heinz Foods (Хайенц Фудс)
28 детское питание, продукты "Делми" Unilever (Юнилевер)

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

- Мен өзүмдөн улуу аялды жакшы көрөм, аны менен турмуш курсам болобу?

- Албетте шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет.

- Эркек кандай болгондо аялынын көңүлүн толук ала алат?

-Бул суроого аялдар жооп бергени аябай жакшы болот. Аялдар биринчи кезекте эркектин чечкиндүү болуусун каалайт. Экинчиден, эркек аз сүйлөөсү керек. Эң негизгиси аялдар эркектин өз билгенин бербеген бекемдигин жакшы көрөт. Бул сыпаттардын баарын Кудай бири-бирине ылайыктуу кылып жараткан. Ошондо гана үй-бүлөдө ыйман, береке, тынчтык орнойт.

- Шайтандар да бизге окшоп жашашабы?

- Шайтандар да эртең менен биз сыяктуу жумуштарына барышат. Бир күнү шайтандардын чоңу баарын олтургузуп сурайт экен. Сен тур бүгүн эмне жумуш кылдың десе, шашкан шайтан “мен бир молдону намазынан адаштырып салдым»- десе анда сага үч олтур дейт экен. Башкасынан сурайт ал “мен бирөөлөрдүн ичине кирип алып тоноочулук кылдым” деп мактанат. Сага да үч, дагы ким эмне кылды десе, арттан бирөөсү үн катат “мен үй-бүлөнү ажыраштырып салдым” дейт. Шайтандардын башчысы «ой азамат турчу сага беш, шайтандар үчүн эң жакшы жумуш бул үй-бүлөнү ажыратуу» деп айтат. Анткени үй-бүлөнүн туруксуздугу коомдун негизги коркунучу болуп эсептелет. Балдары тарбиясыз болуп өсүп калышы мүмкүн, кароосуз калышы мүмкүн. Ошол себептүү момун мусулмандар үй-бүлөнү терең ойлонуп чечүү керек. Тилекке каршы азыр ажырашуу аябай көп болуп жатат. Албетте бул мусулманчылыкта аябай жаман нерсе.

- Аялдардын жума намазга барганын кандай түшүнөбүз?  

- Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. Атайын аялдардын жамаатка барып окуусу макрух болуп эсептелет.

- Бактылуу үй-бүлө канткенде бактылуу боло алат?

- Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана, түшүнүктүү болуп, алар сакталууга тийиш.

Эркектин аялына карата укуктары;

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты «такыба аял» деп жооп берген экен.

- Мусулман бир туугандарыбыз ич ара бөлүнүп жатканын кандай түшүнөсүз?

- Мусулманчылыгыбыз акырындап өзүнүн жолун таап, коомубуздун татыктуу өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат. Жарандарыбыздын динге болгон табигый умтулуусу, алардын изденүүлөрүнө, анын жыйынтыгында, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерге алып келүүдө. Албетте бул табигый жараян экендиги талашсыз. Арийне талаштан тактык жаралат. Мына ушул көңүл чалгыткан маселелердин бири бөлүнүүчүлүк болуп жаткандыгы болуп жатат. Кудайым аларга да ынсап ыйман берсин.

- Телефондон смс аркылуу жөнөтүлгөн талак кабыл болобу?

-СМС  менен талак жазып жиберүү акыркы күндөрү жаңылык деле болбой калды. А бирок, ал талактын түшөөр түшпөсү туурасында пикирлер ар түрдүү, тагыраагы чачкын болуп жатат. Маселенин чоо-жайын териштирип, күңгөй-тескейин карап, адис катары кыскача маалымат берүү зарылчылыгы дале тургандыктан, тобокел кылып буларды айткым келди:

• Талактын түшүүсү үчүн, талактын сөз менен айтылуусу шарт кылынбайт, сөз менен айтылган талак түшкөндөй эле, сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок адамдар өздөрүнө таандык ишаараттар менен да талак бере алышат. Себеби өздөрүнө таандык ишаараттар, алардын өз ара байланыш каражаты болуп эсептелет.

• "Ишаарат" менен талак түшкөндөй эле "жазуу" менен да талак түшөт, жазуу менен талак берген адам сүйлөгөнгө кудуреттүү болсо да.

• "Жазуу" менен берген талак эки түргө бөлүнөт:

1. Марсуума жазуу;

2. Гайру марсуума жазуу;

(Маселенин ток этээр жерин айтып, аят-хадистен, уламалардын сөздөрүнөн далил келтирүүгө бу сапар гезит бети чектелүү экендигинен чыгына алган жокпуз- ред.)

- Ахмадия Хилаафатынын жүз жылдык юбилейине чыгарылган Куран китепти туура эмес дейт. Чынбы?

- Ахмадия өзү туура эмес. Мусулманбыз дегени менен мусулман эмес. Себеби акыркы Мухаммед пайгамбарыбыздан кийин өздөрүнөн чыккан адамды пайгамбар деп эсептегендиги үчүн мусулманчылыктын чегинен чыгып кеткен. Өзү мусулман болбогондон кийин китеби да жараксыз. Ахмадия деген киши болгон, кадиаддий түшүнүгүн ошол киши негиздеп коомго тараткан. Ал киши дайыма чөнтөгүнө кесек салып жүрчү экен. Эмне кыласың десе дааратканага барганда кереги тийет деп жооп кайтарчу экен. Ошол киши өлгөндө дааратканада өлгөн. Алардын ишмердигин уланткан адамдар биздин Кыргызстанда да бар. Алар Куранды канча тил болсо ошончого которо берет. Биздин Жогорку Кеңеште аларды колдогон депуттатар да бар, кимдер ошол китептердин басылып чыгуусуна көмөк көрсөтүп жаткандыгын билем. Азыр алардын аты жөнүн айтпай эле коеюун.Алар туура эмес түшүнүктү бизге таңуулап жаткан, динсиз каапырлар десек да болот.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынын арасында жөнөкөй бир адам бар эле. Аны көпчүлүгүбүз жакшы билбейбиз. Анын аты эл арасына да таркаган эмес. Бирок, Аллахтын алдында анын даражасы абдан бийик болду. Анткени, ал Аллахтын сыпаттары болгону үчүн "Ихлас" сүрөсүн жакшы көрөт эле.


Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Табук согушуна жөнөдү. Сапар оор, жол узак болгонуна карабастан сахабалар согушка аттана башташты. Ошол учурда катуу ооруп, төшөккө жатып калган Муавия бин Муавия согушка аттана албай калды. Анын катуу ооруп жатканына күбө болгон Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын үйдө калуусуна уруксат берди. Аллахтын жардамы менен мусулмандар Табукта жеңишке жетишти. Жеңиш менен мекенине кайткан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен эс алуу үчүн жол боюна токтошту. Түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаган мезгилде, Жабрайил периште түшүп, Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып:

- Оо, Мухаммад, азыр туруп Муавияга кайып жаназасын оку - деди.
- Азыр окуюнбу?
- Ооба.
- Таң атуусун күтсөк болбойбу?
- Жок, оо, Аллахтын элчиси, чатырдын сыртында сени ар бир сабында жетимиш миңден болгон эки сап периштелер күтүп турат - деди Жабрайил, - алар буга чейин асмандан түшкөн эмес, качан гана Муавиянын кайтыш болгону асманга тараганда, сенин артыңда жаназа окуу үчүн Роббусунан уруксат сурашты.
- Оо, Жабрайил, мындай сыйга жетүү үчүн Муавия эмне кылды эле?
- Ал "Кул хувал-лооху ахад..." сүрөсүн жакшы көрөт эле жана "Аллахтын сыпаты болгондугу үчүн аны жакшы көрөмүн" деп айтчу.

Ушул түнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жабрайил баштаган 140 000 периште менен Муавияга кайып жаназасын окуду.

Урматтуу окурман! Биз дагы Муавия сыяктуу Куран аяттарын сүйгөндү үйрөнөлү.

Технологии Blogger.