Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 Адам баласынын негизги кол тийбестик акы-укуктары бар. Булардан бири – мал-мүлккө ээ болуу укугу. Адам баласы өз аракети менене эмгек кылып мүлк топтойт. Бирөөнүн мал-мүлкүнөн уруксатсыз алууга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан уурулук чоң күнөө. Уурулук – бул бирөөнүн мал-мүлкүн ээсинин ыраазылыгысыз же уруксатысыз алуу. Бул деген адамдын негизги акы-укуктарынын бирине, мал-мүлкүнө карата жасалган кол салуу. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы (адамдык кадыры) мусулманга арам» деген. Башкача айтканда, эч ким бирөөнүн жанына, ар-намысына зыян келтирүүгө, бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз алууга укуктуу эмес. Уурулук коомдо башаламандыктын жаралышына эң иридеги себептердин бири десек эч жаңылышпайбыз. Эгер уурулукка карата коомдук чаралар көрүлбөсө, элдин мал-мүлкү да, адамдардын өмүрү да ар дайым коркунучта болот. Мунун мисалдарын бүгүнкү күнү күнүмдүк турмушубузда көп эле кездештирип жүрөбүз. Уурулуктун айынан канчалаган адамдар мал-мүлкүнөн ажырап, канчалаган адамдар бөөдө көз жумуп жатышат?! Уурулук кылуу - чоң күнөө, арам. Куранда: «Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Алланын жазасы. Алла – Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң тооба кылып жакшылык иштерди жасаса, Алла аны кечирет. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!» (Маида сүрөсү, 38-39) деп буюрулат.

   Уурдалган мал-мүлктү биле туруп сатып алууга болбойт. Себеби мунун өзү да арам болуп эсептелет. Ислам дини адамды уурулук кылууга түртпөй турган шарттардын түзүлүшүн даярдоого буйуруп, бул багытта негизги талаптарды койгон. Мусулман адам бирөөнүн мүлкүн уруксатсыз алуунун арам жана адам укугу болгондугун билет. Бирөөнүн акысына сугу өтүп шыпшынбайт. Ал адал-арам дегенди түшүнөт. Мына ушул түшүнүгүнөн улам ал ар дайым бул багытта өтө аяр, кылдат мамиле жасайт.

   Мусулман баласы эмгекчил болушу керек. Ал өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да материалдык муктаждыктарын камсыз кылуунун өзүнчө ибадат болгондугун жакшы билет. Ал жалкоолуктан жаа бою качат. Иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын муктаждыгы эң жакын туугандардын мойнундагы милдет. Аны жалгыз таштап койуу адамгерчиликке да, шариятка да жатпайт. Асыресе, Ислам дини бай адамдардан мал-мүлкүнүн 2,5 пайызын зекет иретинде алып, аны кедейлеркембагалдарга, жарды-жалчыларга, карызы барларга, жолдо калгандарга жардам катары берет. Исламда жардамдашуу муну менен гана чектелүү эмес. Алла Таала мусулмандарды зекеттен тышкары кембагалдарга, муктаж адамдарга өзүнчө жардам берүүгө, кайыр-садага берүүгө, карыз акча берүүгө чакырат. Ошону менен бирге мамлекет же коом муктаж адамдарды жолго таштабашы керек. Ардактуу Пайгамбарыбыз: «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам момун эмес» (Хаким, II, 15) деген. Мына ушундай түшүнүктөр менен жашаган мусулман коомчулугунда арийне, эч ким уурулукка барууга аргасыз болбойт. Ошентсе да муктаждыктары баары жайында боло туруп уруулукка барган адамга оор жаза колдонулат. Бул жаза адам укуктарынын корголушу үчүн абадай зарыл.

Абдуррахман Хачкалы, Теология илимдеринин доктору
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

АЛИ ИБН АБУ ТАЛИБ Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аталаш агасынын уулу, күйөөбаласы жана төртүнчү халифа. Атасы Абу Талиб, энеси Фатима бинти Асад, чоң атасы Абдулмутталиб болгон. Негизинен аты Абутуран (топрактын атасы деген маанини билдирет), лакап аты Хайдар, Амирул-Муминин наамы менен белгилүү болгон.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аталаш агасынын уулу, күйөөбаласы жана төртүнчү халифа. Атасы Абу Талиб, энеси Фатима бинти Асад, чоң атасы Абдулмутталиб болгон. Негизинен аты Абутуран (топрактын атасы деген маанини билдирет), лакап аты Хайдар, Амирул-Муминин наамы менен белгилүү болгон. Мындан тышкары “Асадуллах”, б.а.,, «Алланын арстаны» деген наам менен белгилүү болгон. Азирети Али жаш мезгилинен баштап Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында өскөн. Он жашында Исламды кабыл кылган. Азирети Хатижадан кийин алгач мусулман болгон Азирети Али эле. Ал бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Азирети Хатижанын ибадат кылып жатышканын көрөт. Ага Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ширктин жаман экенин, тавхиддин маанисин түшүндүргөндө, ал дароо мусулман болот. Мекке доорунда дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында жүргөн. Ал Каабадагы буттарды талкалаганын төмөнкүчө эскерген: «Бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Каабага бардым. Расул Акрам менин мүрүмө чыгууну каалады. Бирок, мен аны көтөрө албадым. Ошондо, ал мени ийнине чыгарып, көтөрдү. Каабанын үстүндө бир бут бар эле. Аны кулаттым. Бут кулап жерге түштү, талкаланды. Расул Акрамдын мүрүнөн жерге түштүм. Экөөбүз кайра артка кайттык» (Ахмад бин Ханбал, Муснад, I, 384). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эң жакын ага-ини туугандарына Ислам динин айтып, аларга акыйкатты билдирген. Алла таала тарабынан буйрук алгандан кийин, аларды Сафа дөңсөөсүнө топтоп, Алланын буйруктарын айтканда, курайш мушриктери аны мыскылдашат. Экинчи жолу чогулууну Азирети Али уюштурат. Ал бир зыяпат даярдап, Хашимуулдарын чакырат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тамактанып бүтүшкөндөн кийин аларга мындай дейт: «Эй, Абдулмутталиб уулдары, мен силерге жана бардык инсандарга жиберилгенмин. Араңардан ким мага бир тууган жана досум катары ишенип, жардам берүүгө убада берет?». Ошондо, бир гана Азирети Али ордунан туруп, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) айткандарын кабыл кылып, ага убада берет. Мындан улам, Пайгамбарыбыз (с.а.в.): « Сен менин бир тууганымсың жана вазиримсиң»,- деп, Азирети Алини мактайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттан мурун колундагы аманаттарды өз ээлерине тапшырууну Азирети Алиге таштайт. Ошол күнү Азирети Али Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) төшөгүндө жатып, мушриктерди таң калтырат. Мына ошентип, Азирети Али Пайгамбарыбызды (с.а.в.) өлтүрүүгө келишкен мушриктерди алаксытуу максатында өз жанын тобокелге салган жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Меккеден алыстап кетүүсүнө себеп болгон. Азирети Али, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аманаттарын өз ээлерине тапшыргандан кийин Мадинага хижрат кылган. Мадинада да дайыма Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанында жүргөн. Бардык согуштарага катышкан. Ухудда аскер башчысы болгон. Бадирде тууну көтөрүп жүргөн. Ошондой эле, чалгындоо бөлүгүнүн башчысы эле. Ал аталган согушта душмандын негизги күчүн тактап, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) билдирип турган. Өзүнүн милдетин толугу менен аткарган Азирети Али Бадирде согушунда өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн. Бадир согушу башталардан мурун курайштар менен жекеме-жеке чыккан үч кишинин бири эле. Ал Валид бин Мугираны кылычы менен өлтүрүп, Аз Убайда оор абалда калганда ага жардамга барган. Ага ушул согушта: «Алланын арстаны» деген лакап ат жана бир кылыч, бир калкан жана бир төө олжого берилген. Азирети Али Бадир согушунан кийин Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) кызы Азирети Фатима менен үйлөнөт. Алардын никесин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү кыйган.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу окурман! Колуңуздагы бул чакан китепчеде ахмадий дажжалдарынын эң биринчи лидери жана пайгамбары Мирзо Гулам Ахмад, анын Британияга сатылган чыккынчылыгы, өзүн пайгамбар деп жарыялаган каапырчылыгы, Исламга кыянаттары, ал түзгөн "Кадияния" дини, ал өлгөндөн соң, андан мурас калган жана британиялыктар түзүп берген халифаттагы бийлик жана байлыкты талашуунун натыйжасында алардан бөлүнүп кеткен Лахория жамааты, бул жамааттын лидери Мухаммад Алинин айлакерликтери, Исламды бузуп, мусулмандарды азгырыш үчүн Кураани Каримди кантип бурмалап, англис тилине которгону жана "Ахмадия Анжуман Иншаат Ислам" уюму тарабынан орус тилине котортулган бул тафсир учурда Кыргызстанга кеңири таратылып жатканы жөнүндө икая кылынат.
Акылети чыгып оозунан 
Абийири кетип өлгөн ким? 
1908-жылдын Май айынын акырында Индия мамлекетинин газеталары өзүн пайгамбар деп жарыялаган Мирзо Гулам Ахмад Кадиянинин өлүмү жөнүндө кабар таратышты. Ал маалыматардын мазмуну боюнча, Мирзо Гулам Ахмад 67 жашында холерия ооруусу менен өлгөн. Өлүмүнө санактуу сааттар калганда ал ичинин "козголоңуна" чыдай албай калган жана акылети оозунан атырылган бойдон... ажатканада жан берген! Бул кабардагы "ажатканада" деген сөздөн башкасын Кадиянилер өздөрү дагы четке какпайт. Маселен, Кадияния лидерлеринен бири Мухаммад Исмаил "Пайгам сулх" газетасында (1939-жыл, 3-март саны ) мындай билдирүү жасаган: "Биздин оппоненттерибиз Азрети Масих мавьуд (Мирзо Гулам Ахмад) жөнүндө "Өлүмүнүн алдынан акылети оозунан чыгып кеткен" деп айтышууда".

Ал эми, жасалма пайгамбардын өлүмүнүн толугураак баяны анын уулу жана халифа-орунбасары Башир Ахмад ибн Гуламдын "Махдинин өмүр баяны" (Сийратул Махди) деген китебинде төмөндөгүчө сүрөттөлгөн:
...Апам мага Азиреттин тамактануудан кийин эле ажатканага шашып калганын айтты. Андан кийин бир аз уктады. Кийин менин бар экенимди да сезбей, ажатканага дагы бир-эки жолу каттады. ...Мен анын аябай шалдырап калганын жана өзүнүн кроватына жете албай калганын көрдүм. Ошондуктан, менин кроватыма отурду. Мен аны сылап, массаж кыла баштадым. Бир аздан кийин кайрадан ажатканага баргысы келди. Бирок, бул ирет ажатканага жете алган жок. Кроваттын алдында эле "аткарды". Анан жатып калды. Анда кыпындай да дарман калган жок эле. Анан дагы каалап, дагы "аткарды". Анан оозунан келе баштады. Кусуп бүтөөрү менен чалкасынан бара жатып, кроватка башын жөлөдү. Өң-алеттен кете баштады..."  (Сийратул Махди китеби. 109-бет)
Ла хавла ва лаа куввата! Аллах Тааланын пайгамбарлары, олуялары мындай өлүм менен өлбөйт! Өтө жийиркеничтүү өлүм! Аябай катуу жаза! Эмне үчүн? Мирзо Гулам Ахмад Кадияни ушундай жаза-өлүмгө "татыктуу" болуу үчүн эмне кылмыш жасады эле? Бул суроолорго жооп кийинки бөлүмдөрдө.

Жалган пайгамбардын чын мүнөздөмөсү

Өзүнүн ата-теги жөнүндө кээде моңгол-түрк, кээде персиялык, кээде кытайдан деп чакчелекей баяндаган Мирзо Гулам Ахмад Индиянын Панджаб провинциясына караштуу Кадиян айылында төрөлгөн. Ал өзүнүн төрөлгөн жылын айтканда деле чаржайыт сүйлөп, "Китабул барийя" деген эмгегинде "Мен 1939- же 1840-жылда төрөлгөнмүн" дейт. Өзүнүн күбөлүк беришинде анын аты Гулам Ахмад, атасынын аты Гулам Муртаза, чоң атасынын аты Ато Мухаммад болгон. Ал кичине кезинен эле араб, перс тилдеринен башталгыч сабактарды алган. Табыпчылык менен шугулданган. Атасы жөнүндө "Ал көзү ачык болгон" дейт. Ал эми Хадис, Усул, Фикх сыяктуу шарият илимдерин терең билбегенин өзүнүн"Индия машайыктарына таблиг " деген китебинде мойнуна алган жери бар. Анын кээ бир устаздары апийимкор (наркоман) болгонун кадиянилердин "Аль-Фазл" деген газетасынын 1929-жыл, 5-февраль санында өзүнүн уулу Махмуд Ахмад билдирген. Дагы бир уулу Башир Ахмаддын айтуусунда атасы Сиялкут шаарында ачылган кечки англис медресесинде окуган. Бул медресе Британия өкмөтүнө кадр даярдай турган очок болгон. Мирзо Гулам көп маалыматтарды ошол жерден алат. Хадис жана башка шарият илимдерин терең билбегендиктен эмгектеринде оркойгон каталарды кетирген. Маселен, "Пайгам сулх" деген китебинде пайгамбарыбыздын өмүр баянын жазып, "расулуллах туулгандан бир аз өткөн соң, атасы кайтыш болду" деп маалымат берет. Бирок, пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуган жаш балдар деле анын атасы туулганга чейин кайтыш болгонун эң сонун билишет. Дагы бир "Тарякул кулуб" деген китебинде өзүнүн төрөлүшү жөнүндө минтип жазат: "Күтүлгөн бала Ислам айларынын төртүнчүсү - Сапар айында төрөлдү". Мына сага! Сапар айы Ислам айларынын төртүнчүсү эмес, экинчиси экенин билбеген сабатсыз адам кайсы арына китеп жазат да, кайсы арына өзүн пайгамбар жеп жарыялайт! Айланып, садага кетсин, Аллахтын элчилеринен! Аллахтын элчилери аңкоо, унутчаак жана түрү суук болбойт. Кемелдүү, сулуу, көркөм болушат. Көркөм демекчи... Мирзо Гуламдын уулу Башир Ахмад атасы жөнүндө жазган "Махдинин өмүр баяны" деп аталган эскерүү китебинде анын оң колу сынык, чолок, тиштери курттаган, кемшик болгонун жазат. Аллахтын элчилери таза-пакиза болушат. Мирзо Гулам болсо өмүр бою заарасын тыйа албай жашаган. Муну ал өзүнүн "Вахий чындыктары" деген китебинде мындай баяндаган: "Мен эки түр ооруу менен ооруганмын. Бири сырттан - денемден, экинчиси ичтен - организмден. Сырткы ооруум башымдын тегеренгени, ал эми ички ооруум көп заара кылганым". Биринчи ооруусунун кесепетинен ал кээде жаалданып, балдарына атырылып калганда балдары качып кутулган же тегеректегилер аны кармап калышкан. (Башир Ахмад. "Махдийнин өмүр баяны" китеби.) Ушул эле китепте автор атасынын көзүнө ар нерсенин карааны көрүнө берээрин, бир кезде мечитте намаз окуй туруп, көз алдынан бир караан учканын көргөндө, чаңырып жерге кулап түшүп, акыл-эсинен танганын, ошондон кийин жамаат намазына барбай калганын жазат. "Ошондон кийин - дейт автор - баш айланма ооруусу Гулам Ахмадга адат болуп калды жана ушул себептүү көп орозолорун кармабай албады". Бул оорууларга кошумча Гулам Ахмад өзүнүн нервден ооруганын жана өтө унутчаактыгын да жашырбай "Мактубатул Ахмадия" китебинде айтып өткөн. Уулу Баширдин күбөлүк беришинче, анын көзү да аябай нурсуз болгон.

Шоорат деп шору каткан адам

Мирзо Гулам Ахмад Кадияни 33-35 жашына чейин белгисиз бир кызматчы болгон. Анан, 1875-жылдан тарта кантип бай болуу жана шоорат чокусуна чыгуу жөнүндө ойлоно баштады. Ал жогоруда айтылган кемчилдиктерине карабай, өзүнүн пайдасына өлө шылуун эле. Ошол мезгилдерде Индия мусулмандары бир тараптан, христиан миссионерлеринин идеологиялык чабуулу астында калган болсо, экинчи тараптан Буддизм, Брахманизм, Кришнаизм дүйнөтаанымы исламдык түшүнүктөргө кооп туудуруп, мусулмандарды азгыра баштаган болчу. Сиялкут шаарындагы кызматынан бошоп, бекерпоз болуп жүргөн Мирзо Гулам дал ушул кырдаалды өз карьерасына чебердик менен пайдаланып кетти. Оболу христиандык жана индустук китептерди окуп, үйрөнүүгө киришти. Кийин мезгил-мезгили менен басма сөз беттеринде христиан жана индус дүйнөтаанымынын чабуулунан Исламды коргогон макалалары менен чыга баштады. Албетте, мусулман жамааты бул арекетти көз жаздымда калтырган жок. Басма сөз беттеринде анын макалалары чыккан сайын жана кээ бир христиан же индус динчилидери менен дебат уюштуруп, алар менен жекеме-жекеге чыккан сайын, коомдо анын урматы, шоораты өсүп жатты. Мусулмандар бул "Ислам коргоочусуна" ар тараптан колдоо көргөзө баштады. Эч ким андан эч нерсесин аябай тургандай жагдай жаралганда ал коомчулукка: "Мен Ислам Динин коргоо жана христиандар менен индустарды илимий майданда жеңилүүгө учуратыш үчүн элүү (!) томдон турган китеп жазамын. Келгиле, бул ишти бардыгыбыз чогуу жасайлы!" деген маанидеги кайрылуу менен чыкты. Анан көрүп алыңыз, Гулам Ахмадга чар тараптан эхсан-садакалар агып келе баштады. Ал дагы бекем отуруп, китеп жазууга киришти. 1880-жылда "Ахмадий далилдер" деп аталган китебинин биринчи бөлүгүн чыгарды. Бирок... эмнегедир ал китеп кээ бир далилдер менен бирге... өзүнүн шоораттуу билдирүүлөрү, өзүнө берилген "кереметтер", "олуялыктар" менен толуп ташкан эле! Экинчи китеби дагы биринчисинен эч нерсеси менен айырмаланбады. Ошентип, "заманасынын гениалдуу жазуучусу" 1882-жылы үчүнчү китебин, 1884-жылы төртүнчү китебин чыгарып салды. Бул китептердин чыгышын каржылаган элдер "Астагфируллах!" деп жака кармаганга аргасыз болушту. Анткени, китептер ал убада кылгандай Исламды коргоо маанисинде эмес, көбүрөөк анын жеке аброюн даңазалоо Исламдын кээ бир негиздерине каяша айтуу жана... каапыр, баскынчы Британия өкмөтүн айга-күнгө теңеп мактоо маанисинде жазылыптыр! Ошондо гана кээ бир уламалар бул адамдын "кайырмакка илингенин", баскынчы өкмөткө сатылганын, Исламды болсо, бир дүкөн сыяктуу пайдалангысы келгенин байкап калышты. Чынында, англичандар өздөрүнө керектүү куурчакты илгиртпей, туура тандаган эле. Ошол мезгилде алардын Индиядагы колониялык саясатына индустардын эч бир коркунучсуз митингдерин эсепке албаганда, жападан-жалгыз каршылык көргөзгөн реалдуу күч, өз ата-мекенин коргоо үчүн колдоруна курал кармап жихад кылган мусулман согушкерлери эле. Алар Кураани Каримдеги "Баскынчы каапырларга каршы согушкула" деген маанидеги аяттарга таянып, партизандык согушун башташкан жана англичандардын көзүн ачырбай, шаштысын кетирип, көп жоготууларга учуратып турушкан. (1985-90-ж.ж. аралыгында Индия кинометаграфчылары тарабынан тартылган "Палейхан" көркөм фильминдеги окуялар бул маалыматтын далили катары жетиштүү болот деп ойлойбуз) Бул "жапайыларды" кантип токтотуу мүмкүн? Ооба. Албетте, бурмаланган дин буйругу, Кураан-Хадис өкүмдөрү менен! Ошон үчүн Британиялык төбөлдөр өздөрүнө жан-дили менен кызмат кылууга даяр, жазган китептеринде уят-сыйытты жыйыштырып, аларга жагына баштаган Гулам Ахмадды тандап алышып, анын калеми менен "Душманга каршы жихад кылүү - күнөө", "Сүйүү - бардыгына, жек көрүү эч кимге" деп "таалим" бере турган жаңы дин жаратуу планын иштеп чыгышты жана бул динге пайгамбар болуу мансабына Гулам Ахмадды көндүрүштү. Баса, бул чыккынчынын атасы Гулам Муртаза дагы 1857-жылдан бери британиялыктарга "ак эмгек" өтөп жүргөн майда чиновниктерден бири эле. Эми, Гулам Ахмад өзүнүн эмес Аллах Тааланын атынан сүйлөй баштады. Ал "Ахмадий далилдери" китебинин төртүнчү бөлүгүндө мындай деп жазды:"Мага кээ бир мусулмандар "эмне үчүн сен Британия өкмөтүн мактап жана ыразычылык билдирип жатасың?" деп кат жазышууда. Кээ бирөөлөрү мени ашатып сөгүшүүдө. Бардыгы билип алышсын, мен бул өкмоттүү жалаң Кураан жана Хадис таалимдерине моюн сунганым үчүн гана мактоодомун. Демек, мен аларды мактоого жана аларга ыразычылык билдирүүгө мажбурмун". Мирзо Гуламдын атасы 1857-жылдан бери Британия өкмөтүнө иштеп, элине, мекенине кыянат кылып келген болсо, эми анын баласы элине кыянат кылганы аз келгенсип, динине да кыянат кылуу жолуна түштү. Ал өзүнүн жалган доо-дастанын 1885-жылы "Мен ислам реформаторумун" деп баштаган болсо, бул долулук жылдан-жылга өзгөрүп, өсүп барып, 1891-жылда "Мен - Махдиймин" дегенге чейин жетти. (Махдий. Сөздүктөгү мааниси "Туура жолго баштоочу имам". Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салават-саламы болсун!) айтуусу боюнча кыяматка жакын мусулмандарды куткаруу жана ааламга ислам мыйзамын жайылтуу үчүн чыга турган киши). Ошол эле жылы жалгандын кезектеги тепкичине көтөрүлүп, "Мен - күтүлгөн Ыйсамын" деди. (Күтүлгөн Ыйса - пайгамбарыбыз саллаллоху ва салламдын "Акыр заманда Ыйса пайгамбар асмандан түшүп, жер жүзүнө ислам бийлигин орнотот" деген маанидеги хадисинин негизинде айтылган сөз. Мирзо Гулам "Мен - Ыйсамын" деген сөзү менен Кураани Каримде айтылган "Ыйса пайгамбарды Аллах Таала тирүү бойдон асманга көтөрүп кеткен" деген ишенимди жокко чыгарат. Өз ордунда бул маселеге кеңири токтолобуз.) Ал эми, 1901-жылга келип, өзүнүн пайгамбар экенин, болгондо да, бардык пайгамбарлардан абзел экенин айта баштады.

Уландысы бар....

Дуба:

"Мага Аллах жетиштүү. Эч бир илах жок, Өзү бар. Өзүнө тобокел кылдым жана Ал Улуу Арштын Ээси"
(Бул дубаны эрте менен жана кечинде 7 иреттен окуса, эки дүйнөнүн зарыл иштеринде Аллах жетиштүү жардамчы болот)



Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ар бир мусулман үчүн өзүнүн намазы дурус аткарылгыдай өлчөмдө Куран аяттарын жаттоо жеке парз(парз айн). «Фатиха» сүрөсү менен кошо дагы бир сүрөнү жаттоо важиб, ушунчалык жаттаса парз да жүзөгө ашкан болот. Курандын башка бөлүктөрүн жаттап чыгуу мусулмандар үчүн жалпы парз (парз кифая).

        Куранды намаздын сыртында Куран барактарынан окуу жатка окугандан абзел. Себеби муну менен окуу жана Куранды кароо ибадаттары биргелешет.

        Куранды намаздын сыртында да кыбыла жакка жүздөнүп жакшынакай, таза кийим жана даарат менен окуу мустахаб. Башында«Ауузу-бисмиллах» окулуусу да мустахаб.

        Куранды демейде айына бир жолу хатым кылып окуп чыккан жакшы. Жыл сайын, 40 күндө бир же жумасына бир хатым окуу абзел дегендер да бар. Кантсе да үч күндөн аз убакыт ичинде хатым окуп чыгуу жакшы эмес. Себеби мынчалык кыска убакыт ичинде Куранды өз эрежесине ылайык жана маанилерине ой калчап окуп чыгуу мүмкүн эмес.

        Курандын окулганын угуу парз кифая болуп саналат. Ошондо да, башка бир иштер менен алектенип жаткандардын жанында Куран аяттарын жарыя окуу туура эмес. Болбосо Куранды эшитпегендер эмес окугандар күнөөлүү болуп калат.

        Куран окуу нафил ибадаттан абзел. Жарыя окуу жашыруун окуудан абзел. Окуу угуудан абзел. Бир гана эл көрсүн деген ойдон таптакыр алыс болуу шарт.

        Басып бара жатып же бир нерсеге көз сала Куран окуу деле дурус. Бирок бул абал Куран окууга кайдыгер мамиле жасоого себеп болбош керек.

        Намаз окуу макрух болгон убакыттарда дуба кылуу, зикир,тасбих айтуу жана пайгамбарыбызга (САВ) салават-салам айтуу Куран окуудан абзел.

        Куранды жагымдуу көркөм үн менен жана тажвид эрежелерине ылайык окуу зарыл. Бир хадисте мындай делген: «Ар бир нерсенин көркү болот,Курандын көркү көркөм үн». Бирок тажвид эрежелерине дал келбеген таризде үндү көтөрүп курулай созолонтуу жана оюна келген обонго салуу туура эмес. Сөз маанисин өзгөрткөн даражада ката окуу жалпысынан харам. Ката окуган адамга туурасын билдирип коюу угуучунун милдети. Бирок ушул себептен ич ара араздашуулар келип чыгаар болсо, эскертүүгө керек эмес.

        Куранды окууну үйрөнүп алган адам өтө кайдыгер карап таштап койгондон улам, кийинчирээк Куран беттеринен окуй албагыдай даражада унутканы күнөөкөрлүк.

        Куранды окуунун өзү ибадат, ошондой эле башкаларга Куран окууну үйрөтүү өтө зор ибадат. Бир хадисте мындай делген: «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп, башкаларга үйрөткөнүңөр». Дагы бир хадисте Куранды көркөм окуган мусулмандар бейиштегилердин эң барктуусу болоору айтылган. Куран физикалык жана руханий, физиологиялык жана моралдык-психикалык ар кандай оору-сыркоолордун дарысы. «Курандын өзү дары» деп айтылат хадисте. Куранды окуу, үйрөнүү, ага толук жуурулуштун өзү, мусулман адамдын айтып бүткүс бакыт-сыймыгы.

        Куран окууда тажвид эрежесине өзгөчө көңүл буруу баса белгиленет. Тажвид эрежелерин оозеки үйрөнүү керек болот. Бул эреженин негизи Куран окуган учурда тыбыштардын өз ордунан туура чыгуусун сактап, ар бир тыбыштын нормасын так берүү жана Куран окуунун мыйзамдарын так аткаруу болуп эсептелет.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш




Технологии Blogger.