ЖУМА НАМАЗЫНЫНЖУМА НАМАЗЫНЫН АЛДЫНДА (АТАЙЫН) ГУСУЛ ДААРАТ АЛУУНУН, МИСК СЕБИНҮҮНҮН, МЕЧИТКЕ ЭРТЕРЭЭК КЕЛҮҮНҮН, ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХКА КАЙСЫЛ ДУБАЛАР МЕНЕН КАЙРЫЛЫП, ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) КАНДАЙ САЛАВАТ-САЛАМДАРДЫ ЖОЛДОШУБУЗДУН ЗАРЫЛДЫГЫ, АЛ КҮНҮ КАЙСЫЛ УБАКТАГЫ ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛОРУ ЖАНА ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХТЫ КӨБҮРӨӨК ЗИКР КЫЛУУ КЕРЕКТИГИ ТУУРАЛУУ
Имам Нававинин «Момундардын бакчасы» китебинен
Аллах Таала мындай деген:
“(Жума) намазы (окулуп) бүткөн соң, жер бетине таралып, Аллахтын ырайым-ырыскыларын издегиле жана ийгиликке жетүү үчүн Аллахты көп-көп зикр кылгыла!” (“Жума”: 10 аят).
1147. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам ата ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган”. (Муслим).
1148. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келсе, (хутбаны) унчукпастан укса, анын мурдагы жана (эки) жуманын ортосундагы, ошондой эле (ага кошумча) дагы үч күндүн (ичинде жасаган майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми майда таштарды термелеп (ойноп) олтургандар — пайдасыз амал менен алектенишүүдө”. (Муслим).
1149. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).
1150. Абу Хурайра жана Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) өзүнүн жыгачтан жасалган минбарында турган Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлашат:
“Ант болсун, же адамдар жума намазын каза кылганды токтотушат, же Аллах алардын журөкгөрүн мөөрлөп салат да, ошондон кийин алар сөзсүз (динге) кайдыгерлердин катарына кирип калышат!”
(Муслим).
1151. Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде силерден кимдир бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул даарат алып келсин!” (ал- Бухари; Муслим).
1152. Абу Саид ал-Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Балагатка жеткен ар бир адам жума күнү гусул даарат алууга милдеттүү!” (ал-Бухари; Муслим).
Бул жерде “милдеттүү” деп “фарз же важиб” айтылган жери жок, тек гана ал аткаруу абдан зарыл болгон пазилети мыкты сүннөт экени кабардалууда . Мисалы, бул — кайсыл бир адамдын өзүнүн диндеш тууганына (Аллахтын ысмы менен) ант ичип: “Сенин акыңды берүү — мен үчүн фарз” дегенчелик катуу милдет эмес.
1153. Самура (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү кичи (вуду) даарат алса — ал жакшы, ал эми кимдир бирөө гусул даарат алса — ал андан да мыкты!” (Бул хадисти Абу Дауд менен аны “жакшы хадис” деп атаган ат-Тирмизи келтиришет).
1154. Салман ал-Фариси (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү колунан келишинче гусул (даарат) алып, үйүндө бар мисктен чачтарына (же: денесине) сүртсө, анан жума намазына жөнөп (келген соң, мечитте) олтургандарды түрткүлөбөсө, (Аллах тарабынан) буюрулган (“масжид акы)” намазын окуса, анан имам сүйлөгөн кезде унчукпай олтурса, анда, анын мурдагы жумадан ушул жумага чейинки (майда) күнөөлөрү кечирилет!” (ал-Бухари).
1155. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Жума күнү, “жунуб” болгондон кийин алынган гусул сыяктуу эле гусул (даарат) алып, анан биринчи саатта мечитке келген адам төөнү курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам уйду курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген (адам) мүйүздүү койду курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта мечитке келген адам тоокту курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам тоөктун жумурткасын курмандык чалган (адам) сыяктуу (соопко ээ болот), ал эми имам (минбарга) чыккан кезде периштелер да (сооп жазууну токтотушуп) зикрди угуу үчүн (минбар жакка) келишет”. (ал-Бухари; Муслим).
1156. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар” — деген Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) ал убакыттын (абдан) кыска экендигин билдирген ишарат жасады”. (ал- Бухари; Муслим).
1157. Абу Бурда бин Абу Муса ал-Ашаринин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“Абдуллах бин Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) менден минтип сурады: “Жуманын ошол (дуба кабыл болуучу) убактысы тууралуу сенин атаңа Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) бир нерсе дегенин сенин укканың барбы?” Мен айттым: “Ооба, мен анын минтип айтканын укканым бар: “Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун): “Ал (кыска) убакыт имам (минбарга) олтургандан баштап, намаздарды окуп бүткөнгө чейин” — дегенин уккан элем”. (Муслим).
1158. Аус бин Аус (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Чындыгында, жума — силердин эң мыкты күндөрүңөрдүн бири. Ошондуктан бул күнү мага (көп-көп) салам-салаваттарды жолдогула. Анткени, чындыгында, силердин салават-саламдарыңар тууралуу мага (периштелер сөзсүз) кабарлашат!” (Бул хадисти Абу Дауд ишенимдүү иснад менен келтирет)
http://formulasy.blogspot.com/2016/
Отправить комментарий