Аллах Таалага шерик кошуу
Эгер кимдир-бирөө Аллахтан башка нерсеге сыйынса, сыйынууда Аллахка дагы бир нерсени ортомчу же шерик кылса, анда анын ибадаты кабыл кылынбайт. Ал ширк кылуучу болуп эсептелет. Ширк эки түрдүү болот: чоң ширк жана кичине ширк
Чоң ширк бул, ибадаттын кайсы түрү болбосун, аны Аллахка башка нерсени шерик кылуу менен же ортомчу аркылуу аткаруу. Мисалы: Аллахтан башкага дуба кылып жакшылык суроо, Аллахтан башкага мал союп курбандык кылуу, ар түрдүү жамандыктардан сактоону Аллахтан башкадан сурануу жана үмүт кылуу, Аллахтан гана болуучу жакшылыктарды Аллахтан башкадан сурануу жана үмүт кылуу, Аллахтан гана болуучу жамандыктарды башка нерселерден болот деп коркуу, Аллахка аткарылуучу ибадаттарды башка нерсени ортомчу кылуу менен аткаруу, Аллахка гана белгилүү болгон иштерди алдын ала айтуу жана ишенүү ж.б.у.с.
Кичине ширк – бул, далилдерде ширк деп айтылып, бирок чоң ширктин чегине жетпеген амалдар.
Кичине ширк эки түрдүү болот:
- Ачык ширк бул, тил жана амал менен болот
- Жашыруун ширк, бул жүрөктө болот.
Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Силерге чоң күнөөлөрдү айтып берейинби?” деп, сурады сахабалардан.
-Ооба, айтып бериңиз, дешти алар.
-Аллахка шерик кылуу, ата-эненин каргышына калуу жана жалган күбөлүк берүү, деп жооп берди. (Бухарий, Муслим).
Кыйбат
Кыйбат бул, өзү жок жерде адамдын айыбын ачуу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам салаваты болсун) сахабаларынан: Кыйбат эмне экенин билесиңерби? деп сурады. Аллах жана Анын Элчиси билүүчү деп жооп беришти алар. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам салаваты болсун): (Кыйбат, бул) бир тууганына жакпаган айыбын ачуу – деди. Ал эми ошол айып чындап эле анда болсочу? деп сурашты сахабалар. Ошол өзүндө бар айыпты айтуу кыйбат, ал эми өзүндө жокту айтуу доомат болот деп жооп берди. (Муслим). Кыйбат кылуунун бул жашоого да акыретке да тийгизүүчү көптөгөн зыяндары бар. Мисалы: кыйбат кылуучулар өз бир тууганынын этин жегендей чоң күнөөкөр болушат. Аллах Таала Кураанда:
«Бирибириңерди кыйбат кылбагыла. Силердин бирөөңөр өз бир тууганынын этин жегенди жакшы көрөбү? Албетте, силер аны жактырбайсыңар» деп айткан. (Хужрат, 12-аят).
Ошондой эле башкаларды кыйбат кылып жүрүп өтүп кеткен адам, Кыяматта соопторунан да айрылып калуусу мүмкүн.
Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан:
Куру кол калган адам деп кимди айтабыз? деп сурайт. Колунда буюму да, тыйыны да жок адамды айтабыз дешет алар. Куру кол калган адам ал менин үммөтүмдөн бир адам, Кыяматта окуган намазы, кармаган орозосу, берген зекети жана аткарган ажылыгы менен келет. Бирок, ал бирөөнү сөгүп койгон, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн абийирин ачкан, бирөөнү урган, бирөөнүн канын төккөн. Бул күнөөлөрү үчүн анын кылган жакшылыктары тигилерге алынып берилет. Эгер жакшылыктары жетишпей калса, тигилердин күнөөлөрү бул адамга алынып берилет жана тозокко ташталат дейт Аллахтын элчиси. (Муслим).
Ушак
Ушакчылык бул, адамдардын ортосундагы мамилесин бузуу үчүн биринин айтканын экинчисине жеткирүү. Ушак таратуу да кыйбат сыяктуу бул дүйнө жашоосуна көптөгөн зыяндарын тийгизет. Ошондой эле ушак таратуучу адам күнөөкөр болуп, Кыяматта азапка дуушар болот.
Ибн Аббас (Аллах андан ыразы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки кабырдын жанынан өтүп баратып:
«Бул экөө (өздөрүнө чоң эместей көрүнгөн бирок) чоң күнөөлөр себептүү азапталып жатышат. Бири сийдигинен тазаланган эмес, экинчиси ушак таратып жүргөн» деп айтты. (Бухарий, Муслим).
Ал эми Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Адамдардын арасында эки беттүүлөрдү көрөсүңөр. Бул дүйнөдө кимдин эки тили болсо, Аллах Таала Кыяматта ал адамга оттон болгон эки тилди берет» деп айткан. (Абу Дауд).
Жалган сүйлөө
Жалган сүйлөө дагы чоң күнөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ыймандуу адам эч качан жалган сүйлөбөстүгү тууралуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Мусулман адам жалган айтуу менен кыянат кылуудан башка күнөөлөрдү жасоосу мүмкүн» деп айткан.
Ошондой эле Жалган сүйлөөгөн адамда мунафыктын белгиси болорун айткан. Дагы бир хадисте:
«Чындыгында жалганчылык жамандыкка жетелейт, ал эми жамандык тозокко алып барат. Адам ар дайым жалган сүйлөй берсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылып калат» деген (Бухарий, Муслим).
Уятсыз, жаман сөздөрдү сүйлөө
Уятсыз жаман сөздөрдү сүйлөө ыймандуу адамга тиешелүү сыпат эмес. Мусулман адам ар дайым жакшы гана сөздөрдү сүйлөөсү керек. Анткени, ал туура эмес сүйлөгөн бир сөзү үчүн азапка дуушар болуп калуусу мүмкүн.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Чындыгында, пенде Аллахтын каарын келтире турган, (бирок) өзү ага маани бербеген бир сөздү айтып, ошол себептүү Аллах аны тозокко ыргытат» деген. (Бухарий).
Ыймандуу адам убактысын пайдасыз өткөрүүдөн сактануусу зарыл. Анткени, убакыт да биз үчүн берилген нээмат. Убакытты пайдасыз сөздөрдү сүйлөө менен өткөрүү, эртедир-кечтир өкүнүүгө алып келет.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
«Аллахты зикир кылуу жана Пайгамбарга салават айтуудан башка сөздөр жүрөктү катырып коёт. Ал эми жүрөгү катуу адамдар Аллахтан алыс болушат» -деп айткан. (Муслим).
Уурулук
Башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо чоң күнөөлөрдүн бири. Уурулук жолу менен табылган тамак арам болот. Башка бирөөнү сыздатып, зыян жеткиргендиги үчүн, уурунун тапканында эч качан береке болбойт. Уурулук, эл арасында тынчтыкты жоготот. Адамдардын жашоосунда кооптонууну пайда кылат.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Ууру, уурулук кылган мезгилде ыймандуу болбойт» деп айткан. Демек, уурулук кылуу мусулман адамга тиешелүү сыпат эмес.
Каракчылык
Каракчылык кылуу да уурулук сыяктуу эле чоң күнөө. Ууру ээсине көрсөтпөй алса, каракчылар коркутуп, күч менен карактап алат. Айрыкча, сапарда бара жаткан мусапыр адамдардын жолун тосуп, мал-мүлкүн тартып алган каракчылар катуу азапка дуушар болушат.
Аллах Таала айткан:
«Чындыгында, Аллах жана Анын элчисине каршы согушкандардын, жер бетинде бузукулук иштерди жасап жүргөндөрдүн (каракчылардын) жазасы алар өлтүрүлөт, асылат, же колу буттары кайчылаш кесилет, же мекенинен куулуп чыгарылат. Бул алардын бул дүйнөдөгү жазасы, ал эми Акыретте катуу азап (бар). Бирок силердин күчүңөр жетүүдөн мурда тооба кылгандарына (андай жаза жок). Билгиле! Чындыгында, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү». (Маида, 33-34-аяттар).
Таразадан алдоо
Таразадан алдоо чоң күнөө. Адамдардын акчасын алып, бирок ага ылайыктуу тартпастан кем тартуу менен адамдарды алдоо арам. Таразадан алдап алган ар бир грамм ал үчүн арам болот. Таразадан алдоо аркылуу пайда таап жаткандай сезилгени менен, алардын тапканында эч качан береке болбойт. Бирөөнүн акысы бирөөгө аш болбойт. Алар эртедир-кечтир зыянга дуушар болушат.
Аллах Таала айткан:
«Чен–өлчөмдү жана таразаны туура аткаргыла. Биз адамга ал аткара албаган амалды жүктөбөйбүз». (Аньаам, 52-аят).
Дагы бир аятта, Аллах Таала минтип айткан:
«Таразадан алдочуларга азап болсун. Алар адамдардан өлчөп алышканда толук алышат да, башкаларга тартып–өлчөп беришкенде кемитип беришет. Алар (Кыяматта) тирилээринин анык экенин сезип билишпейби». (Мутаффифун, 1-2аяттар).
Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Кайсы бир коомдо таразадан алдоо көбөйсө, Аллах ал коомдун түшүмүн кургакчылык аркылуу берекесиз кылып коёт» деген. (Ибн Мажа).
Пара алуу
Пара алуу чоң күнөө. Пара алуучу гана эмес, пара берүүчү да күнөөкөр болот. Пара алуу көбөйгөн жерде, адамдардын акысы өзүнө берилбей калат. Адилетсиздик күч алат. Кызматка татыктуу адамдар келбей калат. Натыйжада, ал жерде экономикалык, социалдык көйгөйлөр пайда болот. Пара үчүн алган ар бир тыйын арам болуп эсептелет. Пара алуучу да, берүүчү да азапка дуушар болот.
Аллах Таала айткан:
«Ортоңордогу мал–мүлктү, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле». (Бакара, 188-аят).
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан:
“Пара алуучу да, пара берүүчү да тозокто“. (Абу Дауд).
Жетимдин акысын жеш
Жетим балагат жашына жете элек, атасынан ажырап калган бала, же кыз. Жетимге тиешелүү болгон мал-мүлктү алып алуу чоң күнөө. Анткени, аны бага турган атасы жок. Анын, өзүнө тиешелүү мал-мүлккө ээлик кылууга күчү жетпейт. Бой жетип чоңойгондо ошол мүлкү менен жашоосун улап кетүүсү керек. Ошондуктан жетимдин малын жегенге катуу тыюу салынган.
Аллах Таала айткан:
«Албетте, жетимдин мал–мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жешет жана тозоктун отунда азапталат». (Ниса, 10-аят).
Кумар ойноо
Кумар оюндарынын бардык түрү арам. Кумар оюндарынан утуп алган акчанын ар бир тыйыны арам болуп эсептелет. Кумар ойноочулар убакыттарын бекер кетиргени үчүн да күнөөкөр болушат. Кумар адамдардын ортосунда душмандыкты пайда кылат. Анын айынан адамдар бири-бирин өлтүргөнгө чейин барышат.
Аллах Таала айткан:
«Чындыгында, шайтан аракта, кумарда араңарга душмандык жана кек салып, Аллахты эстөөдөн жана намаздан тосууну каалайт». (Мааида, 90-аят).
Ошондой эле:
«Оо, ыймандуулар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу шайтандын ыплас иштеринен. Алардан алыс болгула! Мүмкүн ийгиликке жетээрсиңер» деп айткан. (Мааида, 90-аят).
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун):
«Албетте, Аллахтын малын акысыз жегендерге Кыяматта Тозок болот» деген. (Бухарий).
Дагы бир хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Ким нарда ойносо ал Аллахка жана Анын элчисине күнөөкөр болот» деп айткан. (Ибн Мажа).
“Бейиш”
Запись ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий