Туугандар менен карым-катнашта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кенен, өмүрдүн узун болуусуна, ал эми Акы-ретте Алла Тааланын ыраазы-лыгына жетүүгө себеп болот. Бул туурасында Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): «Ким-де-ким, ырыскысы кенен, өмүрү узун болуусун кааласа, жакындары менен туугандык байланышын үзбөсүн»! – деп айткан. (Бухари: 5986. Муслим: 2557).
Жакын туугандар ата-тектеги туугандар жана кайын-журт себептүү түзүлгөн туугандар.Мусулмандын жакын туугандарына карата болгон милдеттери төмөнкүлөр:
1. Алар менен жакшы мамиледе болуп мээримин төгүү.
2. Алардын алсыздарына жардам берип, жакшылык кылуу.
3. Кедейлерине материалдык жардам көрсөтүп туруу.
4. Орууларынан кабар алып, оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.
5. Алар менен болгон мамилени үзүүдөн сактануу (эгерде алар мамилени үзүп коюшса да). Анткени туугандык мамилени үзүү -пенденин бейишке кирбей калуусуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбары-быз (Ага Алланын салават-саламдары болсун) минтип айткан: «Тууганчылыктан кол үзгөн адам – бейишке кирбейт». (Бухари: 5984. Муслим: 2556).
6. Эгерде кошуна болсо, туугандык жана кошуналык милдетти аткаруу керек.
Ыйык Куранда Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата – энеңерге, тууган-урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшы мамиле кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).
Ошондуктан башкаларга караганда жакын туугандарга садака берүү жогору турат. Алла Таала айткан: «(Оо, Му-хаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат. “Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу-мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылсаңар, Алла Таала баарын көрүп, билип турат». (Бакара сүрөсү, 215-аят).
Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кайсы бир адамдар тууралуу айтып жатып: “Алардын үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана момундардын жакшылары. Бирок, алар менен туугандыгыбыз бар. Ошондуктан алар менен туугандык байланышта болом» – деп айткан. (Бухари: 5990, Муслим: 215).
БИР ТУУГАН ТАБЫЛБАЙТ
Хажжаж бин Юсуфтун заманында күнөөкөр деп шектелген үч адам кармалат. Алардын күнөөлөрү аныкталгандан кийин, баштарын алууга өкүм чыгарылат. Ошентип, өкүм ишке ашчу күн келип, адамдар аянтка чогулат. Казы эл алдына өкүмдү угузуу үчүн чыгып бара жатканда бир аял анын бутуна жыгылып, көз жаш аралаш арыз-арманын айта баштайт. Бул окуяга көз чаптырып турган Хажжаж аялды өзүнө алып келүүнү буйруйт. Көрсө, бул аял тиги кылмышкерлерге жан соога сурап келген экен. Хажжаж бул адамдардын ага кандай жакындыгы бар экенин сурады эле, аял:
– Алардын бири менин өмүрлүк жолдошум, экинчиси тун уулум, үчүнчүсү болсо бир тууган иним, – деп жооп берди. Бул аялга үч жакын адамынан ажыроо кандай оор болорун сезген Хажжаж аялга карап:
– Макул, мен сага бир мүмкүндүк берейин, сенин жакын адамыңды бошотуп берем, бирок бирөөсүн гана, сен кимисин кааласаң ошонусун, – деди. Аял көп ойлонгон жок:
– Оо, падыша, андай болсо менин инимди бошотуп бериңиз, – деди токтоо. Хажжаж бир азга таңдана түштү. Ал, аял баласын тандайт го, деп ойлоп турган болчу. Бирок, аял анын оюна кайчы пикирин айтты.
– Эмне үчүн иниңди бошотууну каалап жатасың, балаң менен жолдошуң сага кымбат эмеспи? – таңданганын жашыра албай сурады Хажжаж. Аял баягысындай эле токтоолук менен жооп берди:
– Падышам, күйөөмдөн ажырасам, башка бирөөгө турмушка чыгуум мүмкүн. Уулумдан ажырасам, Кудай буйруса, дагы төрөп алам. Бирок, бир тууганымды жерди түрө кыдырсам да кайра таба албайт эмесминби, ошон үчүн бир тууган мен үчүн кымбат. Аялдын жообуна Хажжаждын ичи жылыды. “Тагдырыңарга ушундай акылдуу аялды жараткан Аллага шүгүр кылгыла” деп үчөөсүн тең өлүмдөн азат кылып жиберди. Ошентип акылдуу аял жакын адамдарын өлүмдөн сактап калган экен.
Запись Тууганчылыкты үзгөн адам бейишке кирбейт впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий