✍Өткөн ишти эстеп,аны кайра козгоп,ошол үчүн кайгыга батуу бул акмакчылыкка жатат жана келечек турмушту жок кылган болот. Акылдуу инсан өткөн ишти жаап аны айтпайт,жип менен катуу байлап эч качан чыгарбайт,жолун тосуп эч канчан көргөзбөйт: анткени өткөн иш өтүп кетти,кайгыга батса да аны кайтара албайт,капаланса да аны оңдой албайт,тынчысызданса да кайра айтка кайрый албайт; анткени ал жок нерсе,өтүп кеткен кайгы капанын артында жашаба, мурунку коркунучту эстебей өз жаныңды куткар. Дарыянын өйдө карай агуусун,күндүн чыккан жерине кайтуусун,наристенин эненин курсагына кайра кирүүсүн,сүттүн эмчекке кайтуусун,көз жаштын кайра көзгө каалайсыңбы. Өткөн күндөрүңдү унут, өткөн күндөрүңдөн сабак алууну унутпа!
Биздин кемчилигибиз өткөн нерсе менен алек болуп,келечекти аткара албай калабыз,ушундай кооз үйлөрүбүзгө,барлыгыбызга көңүл бурбай,эски чириген үй үчүн көз жаш кылабыз.
Чындыгында инсандар алдын карашпай,алдыга кайрылышпайт; анткени шамал алдыга карай болот,суу ылдый карай агат,кербен алдыга карай жүрөт ошондуктан сен да табияттын мыйзамын бузба.
Бүгүнкү күнүң менен жаша!
Эгер эрте менен турсаң кечти күтпө,кандай болсо да бүгүнкү күнүңдө жашайсың,кечеки күндөгү болгон жакшылыкбы же жамандыкбы ал болуп өттү,эртеңки келе турган күндү да күтпө
Бүгүнкү чыккан күндүн нуру анын жарыгы ошол жетиштүү,сенин өмүрүң бир күндүк,бүгүн төрөлүп бүгүн өлө тургандай ушул күндү түбөлүк жашоодой кылып жаша,ошондо гана өткөнкү кайгы капа менен,келечектеги келе турган корку сезимдер менен таасирленбейсиң,бүгүнкү күнгө гана болгон күчүңдү жумшап,көңүлүңдү коюп,жаңы жакшы нерселерди жасоого аракет кыл,сөзсүз бүгүнкү күндөгү намазыңды чын ыклас менен оку,Куран аяттарын окуп,аны түшүнүүгө аракет жасап пикирленип ой жүгүрт,Аллахка зикирлерди айт,ишиңди таразалап туруп анан аткар,инсандарга жакшы мамиле жаса,сага келген нерсеге ыраазы бол,келбетиңе көңүл буруп ден -соолугуңду да кара,башкаларга да пайдаң тийсин.
Бүгүнкү күнүңдүн сааттарын кректүү убактарга бөлүп,минуталарын жылдарга айланат,секунттарын айларга айланат,кайрымдуу соопту иштерди жаса,күнөөлөрүң үчүн Аллахка истигфар айт (кечирим сура) жараткан Роббиңди экерип акыретке да даяр бол,бүгүнкү күндү кубаныч менен аманчылык менен өткөз,сага берилген ырыскыңа,өмүрлүк жолдошуңа, балдарыңа,жумушуңа,үйүңө,илимиңе жана ал -акыбалыңа ыраазы болуп шүгүр кыл.
“Сага бергендеримди ал да, шүгүр кылуучулардан бол “. (7;144)..
Ошондо бүгүнкү күндү кайгы капасыз,таарынычсыз, жаман ойсуз,акаратсыз жашайсың.
Алдыдагы күндөр келгенче шашылба!
“Аллахтын буйругу келет,силер ага шашпагыла “. (16;1)
✔Боло элек окуялар үчүн шашпа,боюнда бар аялдын курсагындагы баласы толук жетиле элек эле боюнан түшүүсүн каалайсыңбы?! Мөмөнүн быша элек эле үзүүнү каалайсыңбы?! Эртеңки күн жоголгон сыяктуу анын сага кандай болуп келээри али сага белгисиз,ал күн али пайда боло элек,анын даамды да жок ,түсү да жок андай болсо эмне үчүн биз өзүбүздү кыйнайбыз,ал үчүн мусийбаттарга түшөбүз,бир окуялар болот деп кабатырланабыз,ал келе элек күн бизге насип кылабы же жокбу,ал күн кайгыбы же курсанчылыкбы же жокпу?! Негизи ал күн кайып,али пайда боло элек күн,биз көпүрөгө келе элек туруп көпүрөдөн кантип өтүп кетмек элек ким билсин?! Мүмкүн көпүрөгө жетпей токтоп калабыз,мүмкүн көпүрө биз жеткенче бузулуп кетет, мүмкүн көпүрөдөн аман -эсен өтүп кетебиз.
Көптөгөн инсандар эртең акча калабыз,бир жылдан кийин ооруп калабыз,жүз жылдан кийин бул аалам бүтөт экен деп кайгырышат. Инсандын өмүрү Аллахтын колунда болгондон кийин келе элек жок нерсеге алдонбоо керек, качан өлөөрүн билбегенден кийин жок нерсе үчүн алек болуп кайгырбоо зарыл.
Оо! Алдыңкы күндөр сен алдыдагы кайып күндөрсүң,ошондуктан келе элек күндөр үчүн кыялданбайм, куру жалак кыялдарга алданбайм,боло элек нерсени жоготом деп шашпаймын; анткени эртеңки күн эч нерсе эмес,себеби эртеңки күн жарала элек.
Оо! Адам баласы бүгүнкү күнүңдү жаша,анткени бул сөз эң бактылуу талайлуу жашоону жашаймын дгендер үчүн жазылган..
Капаланба китебинен алынды.
Запись Өткөндүн баарын унут, бирок өткөн күндөн сабак алууну унутпа! впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий