Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Рамзан Кадыров. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дүйнолүк пролетариаттын башчысы Ленинди жерге көмүү зарылдыгын айтып үн катты.  Буга чейин Федерация кеңешинин төрайымы В.Матвиенконун Ленинде жерге берүү же бербөө боюнча референдум өткөрүү сунушу демилгеленип жатканын маалымат каражаттарына маалымдаган болчу.

“Лениндин табыттагы денесин, жүзүн көрсөк баары түшүнүктүү болот. Революциянын башчысын эбак эле жерге көмсөк, кыйла туура , ары адамгерчиликче иш болмок. Антпесе, ал сөөктү сактайбыз деп өзүнчө эле бир илимпоздордун, адистердин тобу эмгектенишет экен, күнү-түнү табытты коруп  аскерлер күзөтүп турушат.  Орусиянын чок ортосунда, кызыл аянтта өлүк адам жаткан табыттын турганы туура эмес”,-деп Кадыров Telegram-дагы жеке баракчасына жазган.

Чечен лидеринин пикири боюнча бул маселе боюнча акыркы чечимди Орусиянын башчысы бир жаңсыл кабыл алуусу керек. Буга улай  Кадыров “Лениндин жансыз жасатын гана эмесСанкт-Петербургдагы музейде наиб имам Шамиль Хажи-Мураттын башын да жерге берүү керек” деген көз карашын жазды.

Запись Рамзан Кадыров Ленинди жерге берүү туура болоорун айтты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров үйлөнүү тойлор боюнча жаңы мыйзамдарды киргизди. Ага ылайык, Грозныйдагы тойлор чечен калкынын үрп-адаттарына ылайык түрдө өткөрүлүүсү керек.

Ошондой эле, той-мааракелерде спирттик ичимдиктерди ичүү, ок атууга да тыюу салынды. Мындан сырткары бийге тартуунун эрежеси, кыз менен жигит бийлегенде ортодогу аралыкты сактоо, кыздар жигиттерге тең ата чыгууга тыюу салуу боюнча да эрежелер камтылган.

Эң кызыктуусу тойдо келиндин бийлөөсү жана торт кесүүгө чектөө киргизилген. Эгер жогорудагы эрежелер сакталбаса, ресторан жетекчилиги тезинен полиция чакырууга милдеттендирилген.

http://maralfm.kg/

The post Чеченстанда үйлөнүү тойлор боюнча жаңы мыйзамдар ишке кирди appeared first on FORMULA.KG.


October 08, 2015 at 10:11AM
Технологии Blogger.