Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком дубалар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

��Аллоху Акбар:

✨83 Йа-Ро'ууфу.
(Куран. 2:143,2:207,3:30,9:117, 24:20,57:9,59:10)
«Конулго Кароочу,куноолуулордун тообаларын Кабыл Кылуучу.
Ким озунун ачуусун басуу учун курошсо,анда ал салават-дурудду(б. а салатул-ибрахимия жана ташаххуддун акыркы болугун,б.а ар бир намаздын акыркы каадасына ташаххуддан кийин окулчу дуаны,озгочо): " Аллохумма солли 'алла Мухаммадив ва 'алла аали Мухаммад,камаа соллайта 'алаа Иброохиима ва 'алаа аали Иброохиима иннака Хамиидум Мажиид. Аллохумма баарик 'алаа Мухаммадив ва 'алаа аали Мухаммад,камаа баарокта 'алаа Иброохиима ва 'алаа аали Иброохиима иннака Хамиидум Мажиид" деп 10 жолу,андан кийин Аллахтын бул кереметтуу ысымын 10 жолу окусун, ин шаа Аллах,ушундан кийин дароо тынчтык жана бейкуттук келет. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталап журсо,ага бардык макулуктар суйуу менен кызмат кылып калышат. Ошондой эле Аллах Таала коптогон жакшылыктарды берет,ин шаа Аллах,ж.а катаал башчы менен болгон мамилени женилдетет. »

��Аллоху Акбар:

✨84.Йа-Мааликул- Мулк
(Куран.3:26)
«Ал баардык мулктордун Ээси.
Анын чечимине эч ким баш ийбей койо албайт. Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаган адамды Аллах Таала байлык жана коз карандысыздык менен сыйлайт.»

��Аллоху Акбар:
✨86. Йа-Муксит.
(Куран.3:18.)
«Адилеттуу, кынтыксыз-кемел тартипти Орнотуучу. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса,ал ширктин бардык турунон ж.а шайтандын кубур-шыбыр азгырыгынан сакталат. Ал эми кайсыл бир шар'ий мыйзамдуу иштин бутушу учун бул ысымды 700 жолу окуу абзел.»

��Аллоху Акбар:

✨85. Зул-Жалаали вал икроом.
(Куран. 55:27)
«Озгочо Улуулуктун, Ардактын жана Кемелдиктин Ээси.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса,ага Аллах Таала абийир,урмат жана коз карандысыздык тартуулайт.

��Аллоху Акбар:

✨87. Йа-Жаами'у жала жалалаху
(Куран. 3:9)
«Чогултуучу. Ал Кыямат Куну Чогултуучу Зат.
Согуштун,жер титироонун, селдин ж.б.у. с себебинен ажыраган бир туугандарынын баарын чогултуу учун зухаа намазынын убактысында жакшылап гусул даарат алып,зухаа намазын окугандан кийин колун ойдо которуп, Аллахтын бул кереметтуу ысымын 10 жолу кайталоо керек. Муну ушундайча жол менен эсептоо зарыл:бул ысымды айтып жатканда,ар бир манжаны бугуп,натыйжада 10 манжанын тен бугулуусу кажет. Андан кийин,дуа кылганда колун бетине кандай суртсо,дал ошондой кылып колун бетине суртуу лазым. Ал эми жоголгон же коздон кайым болгон нерсени табуу учун,томонку дуаны чын ыкластан коп жолу кайталоосу кажет:" Аллохумма я Жамии'ан нааси ли явмил лаа ройба фиихи ижма' даллати". »

��Аллоху Акбар:

✨88. Йа-Гонийй
(Куран. 2:263,3:97,9:28,35:15, 39:7,47:38,57:24)
«Байлыктын Чыныгы Ээси,эч нерсеге муктаж эмес зат.
Ага бардыгы муктаж. Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 70 жолудан кайталаган адамга жакшылык берилет. Ал эми ар кандай оорудан шыпаа табуу учун Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталап,денеге дем салуу керек.»

��Аллоху Акбар:

✨89 Йа-Мугнии
(Куран.9:28)
«Бай кылуучу. Байытуучу. Ал кимди кааласа,ошону бай кылат. Аллахтын бул кереметтуу ысымын салават-дуруд окугандан кийин да,окуганга чейин да 111 жолудан окуган адамга материалдык жана руханий байлык берилет.»

��Аллоху Акбар:

✨90. Йа-Маани'у
«Кармап калуучу. Ал кимге (бир нерсени бербоону кааласа,ошого бербей,кармап калат,себеби аны ошентип тарбиялайт же жаман нерселерден сактайт. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын жаттап алып,20 жолу кайталаса, анда анын куйоосу(же аялы) менен болгон ырксыздык жоголуп,суйууго жана махабатка алмаштырылат. А ким бул ысымды коп жолу кайталаса,ал кайгы-капалардан оолак болот. Ошондой эле бул ысымды шар'ий мыйзамга дал келген дуалардын кабыл болушу учун да окуса болот.»

Эскертүү! Бир тууганым жогорудагы дубалар, тилектер кабыл болуусу үчүн шарттары бар.
1. Толук мусулман болуусу шарт.
2. Ишеним, үмүт менен болот деген ой күч болуусу керек.
3. Харамдан алыс болуу керек,ичкени, жегени,кийгени адал болуусу керек.

��"Аллахтын 99 кереметтүү ысым- сыпаттары "китебинен .

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллоху Акбар:

Эгерде сиз балалуу бооууну кааласаңыз.
✨73. Йа-Аввал
«Ал жаратылган бардык макулуктардан мурун бар болгон,Ага чейин эч ким болгон да эмес.
Анын Затынын башталышы жок. Ким наристе кааласа,ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 40 жолудан кайталасын. Эгерде бул ысымды (40)жуманын ичинде 1000 жолудан кайталаса,анда мындай болот:
➡Аллахтын бул кереметтуу ысымын сапардагы адам озу окуса,анда ал сапардан аман-эсен кайтып келет,ин шаа Аллах.
➡бул ысым сыпатты окуган адам жоготуулардан жана зыяндуу нерселерден сак саламат болот.
➡ал адамдын сураганын Аллах Таала созсуз берет.»

Аллоху Акбар:

Эгерде сиз о дүйнө ,бул дүйнө бактылуу болууну кааласаңыз.
✨74. Йа-Аахиру
(Куран. 57:3)
«Анын бутоор аяк чеги жок,Ал Туболук Зат.
Андан кийин эч нерсе болбойт. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 1000 жолудан окуса,ин шаа Аллах,анда:
➡анын журогу Аллахга болгон суйууго толтурулат.
➡анын журогунон кимдир -бироого же эмнедир-бир нерсеге болгон суйуулор алынып салынат.
➡анын бардык куноолору кечирилет
➡ал ыйманы менен жан берет.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп кайталаган адам бул дуйнодо гана бактылуу жашабастан, бул жашоо менен да бактылуулукта коштошот.»

Аллоху Акбар:

✨75. Йа-Зоохиру
(Куран.57:3)
«Коруноо,Ачык- Айкын,бардык макулуктардан Улуу Зат.
Бул ысымды кун сайын 500 жолудан (жакшысы- ишрак намазынан кийин) окуган адамдын журогу нурга толтурулат жана анын коруу жондому жакшырат, ин шаа Аллах.»

Аллоху Акбар:

✨76.Йа-Баатину
(Куран. 57:3)
«Жашыруун. Козго Корунбос.
Ал жашыруун нерселерди да,ачык нерселерди да билип турат. Анын аян- белгилери белгилуу,бирок ОЗУ бул дуйнодо Корунбос.Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 33 жолудан кайталаса,ага жашыруун нерселерди да тушунуу касиети берилет,жана анын журогу Аллахга болгон суйууго толтурулат, ин шаа Аллах. "Хува Аввалу вал Аахиру ваз Зоохиру вал Баатину ва хува 'Алаа кулли шайин Кодиир" дегенди чын журоктон окуган адамдын бардык каалоо- тилектери аткарылат.»

Аллоху Акбар:

✨77. Йа-Ваалии
(Куран.13:11,42: 9)«Башкаруучу. Бардык макулуктардын устунон Падышачылык кылуучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 99 жолу окуса,ал кутуусуз келуучу апааттардан саламатта болот. Ал эми ким бул ысымды окуп,уйго дем салса,ошол уй бардык зыяндардан сакталат,ин шаа Аллах. Душманды женип алуу учун (озундун напсин эн чон душманын экенин унутбоо зарыл) бул ысымды ар кайсы убакытта же душман менен жолугушуунун дал алдында 11 жолу окуу керек.»

Аллоху Акбар:

✨78.Йа-Мута' аали.
(Куран. 13:9)
Улуулуктун «Чыныгы Ээси.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталоонун натыйжасында, адам баласынын бардык проблемалары чечилет,ин шаа Аллах. Мындан сырткары,анын жоготуп алган кучу жана кадыр -баркы калыбына келтирилет. »

Аллоху Акбар:
✨79. Йа-Барру
(Куран.52:28)
«Жакшылык кылуучу.
Кимдин мамилеси Аны менен жакшы болсо,Ал ага ырайымдуулук кылат. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын 7 жолудан кайталаса,ал, ин ша Аллах, эн чон куноолордон, мисалы, араккорлук жана шайкелен мамилелерден сактайт. Бул ысымды коп жолу кайталоонун натыйжаасында опосуз Жердеги бардык нерселерге болгон суйуу журоктон алынып салынат. Эгерде 7 жолу окуп жаны торолгон балага дем салса, анда ал бала бардык зыяндардан сырт болот,ин ша Аллах.»

Аллоху Акбар:

✨80. Йа- Тавваабу
(Куран. 2:37, 2:128,4:64,40:3,49:12, 110:3)
«Тообаларды кабыл кылуучу,тооба кылганга Жардам Беруучу,тообага Алып Келуучу. Эгер Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса, пландар эч кандай кыйынчылыксыз аткарылат. Ким бул кереметтуу ысымды зулумдук кылуучулардын арасында( ун чыгарбай,ичинен) 10 жолу окуса,ал ошол заалымдардын ар кандай жамандыктарынан сакталат. Ал эми ким бул ысымды зухаа намазынан кийин 360 жолудан кун сайын кайталаса,Аллах Таала аны тооба кылуучулардын катарына кошот.»

Аллоху Акбар:

✨81 Йа-Мунтакиму
(Куран. 32:22,43:41,44:16)
«Ыймансыздарды эгер алар (Бейиш,Тозок туралуу) кабар жана эскертуу бергенден кийин да баш ийишпесе Азаптоочу.
Ким ошол зулумдуктарга каршы туралбаса,анда ал Аллахтын бул кереметтуу ысымын 3 жума куну катары менен кайталасын, ошондо адилеттулук женип чыгат,ин шаа Аллах.»

Аллоху Акбар:

✨82.Йа-'Афувву
(Куран.4:99,4:149, 22:60)
«Куноокорлорду Кечируучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталаса, Аллах Таала ошол адамдын куноолорун кечирет. Бул кереметтуу ысымды кайталагандан кийин:"Аллохумма иннака 'афувван тухиббул 'афва фа'фу 'аннии" (котормосу:" О,Аллах,Сен Кечиримдуусун, Сен кечиргенди жакшы коросун,ошондуктан мени кечир") деп айткан жакшы.»

Эскертүү! Бир тууганым жогорудагы дубалар, тилектер кабыл болуусу үчүн шарттары бар.

1. Толук мусулман болуусу шарт.
2. Ишеним, үмүт менен болот деген ой күч болуусу керек.
3. Харамдан алыс болуу керек,ичкени, жегени,кийгени адал болуусу керек.

"Аллахтын 99 кереметтүү ысым- сыпаттары "китебинен .

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Умдатул Ахкаам деген китепте мындай хадис келген: «Пайгамбарыбыз алейхи салам айтты: 
«Кимде -ким дасторконго түшкөн ушактарды жесе,ал ар дайым мол ырыскы менен жашайт».
   Азирети Жабирдан (р.а.) риваят: «Пайгамбарыбыз алейхи салам айтты: 
«Эгер силердин бирөөңөрдүн жеп жаткан тамагы жерге түшүп кетсе, аны алып,ага жуккан кирди тазалап,ал тамакты жегиле жана аны шайтанга калтырбагыла! »(Бул хадисте айтылган амал текеберчиликти сындырат) .
    Бир хадисте келген: 
«Кимде ким тамак жеп жаткан учурда дасторконго түшкөн тамакты кайрадан алып жесе,ал түшкөн тамак бейиште хур кыздардын махыры (калыңы) болот жана Аллах Таала аны,үй -бүлөөсүн пес,жиндилик жана шал оорусунан сакайтат»(Канзул Ибаад) .
Дагы бир хадисте: 
«Тамактануудан мурда жана тамактангандан кийин колун сүннөт деп (түшүнүп) жууган адам.Аллахтын каалосу менен эч качан кедей болбойт».

Берекелүү дасторкон үчүн окулуучу дубалар.

 Төмөнкү жазылган дубаларды пайдалануу дасторкондун берекелүү болуусуна себеп:
«Роббанаа аатинаа фид дунйаа хасанатав уа фил аахироти хасанатав уа кинаа ъазаабан наар».
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге дүнүйө жана акыретте жакшылык бер жана бизди тозок отунан сакта! ».
«Робби зиднии ъилмаа».
Мааниси: «Оо Роббим! Менин илимимди көбөйткүн! ».
«Робби иннии лимаа аңзалта илаййа мин хойриң факиир».
Мааниси: «Оо,Роббим! Мен Сенин мага берген жакшылыгыңа муктажмын».
«Роббанаа аңзил ъалайнаа маа ' идатам минас самаа 'и такууну ланаа ъиидан лиав валинаа уа аахиринаа уа аайатам миңка.уарзукнаа уа аңта хойрур роозикиин».
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге амандан дастаркон түшүр! Ал бизден мурдакыларга жана бизден кийинкилерге сүйүнүч болсун жана Сенин кудуретиңдин белгиси болсун! Сен бизге ырыскы бер! Сен эң жакшы ырыскы Берүүчүсүң! ».
«Аллоохумма аслих лии диннийал лазии хува ъисмату амрин. Уа аслих лии ахиротийал латии фиихаа ма -ъаадии.  Уаж -ъалил хайаата зийаадатал лии фии кулли хойрин. Уаж -ъалил маута роохотал лии миң кулли шаррин».
Мааниси: «Оо,Аллах! Менин акымды сактаган динимди дурус кыл! Мен кайтып бара турган акыретимди дурус кыл! Ар бир жакшылыкта өсүүмө бул жашоону себеп кыл! Өлүмдү ар бир жамандыктан кутулуп ыракатка жетүүмө себеп кыл! ».

Дастаркон адеби

Динибиз дасторкондо отуруунун жана кандай жеп-ичүү керек экендигинин бир канча тартиптерин киргизип кеткен.
Ислам, мусулмандын жашоосунун ар бир минутасында адептүү, тартиптүү жана жумшак болуусун каалаган дин. Адептүү болуп жашоо адамдардын арасында сый-урматты жана сүйүнүчтү жаратат.
Күнүмдүк жашообузга байланыштуу Пайгамбарыбыздын риваят кылган хадистеринин көпчүлүгү тамак адеби тууралуу. Пайгамбарыбыз ар бир ишти кылаардан мурун «бисмилла» деп айтып баштоону жакшы көрөөр эле жана тамактануудан мурун колун жууну эч качан унутпайт эле.
Сахабалардан бири: 
«Эй Алланын элчиси! Тамак жеп-ичип жатабыз, бирок курсагыбыз тойбой жатат.» - деп сураганда, Пайгамбарыбыз: «Балким өзүнчө-өзүнчө жеп жатасыңар» дегенде «Ооба» деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: «Чогуу жегиле, «Бисмилла» деп айткыла, тамагыңар берекелүү болот» - деп айткан (Абу Дауд, Имаара 20).
Тамактануу адебинде колго алына турган кээ бир жагдайлар төмөнкүлөр:
- Оозундагы тамакты жеп жатканда башка бирөө менен сүйлөшпөө;
- Башкалардын табитин буза турган иштерди жасабоо;
- Табакка бата тургандай эле тамак куйулуусу жана ысырапчылыктан алыс болуу;
- Ортого коюлуп чогуу жегенде өзүнүн алдынан гана алуу;
- Чүчкүргүсү келсе жана оозунан бир нерсе чыгара турган болсо башын сол жагына же болбосо оъ жагына буруусу;
- Тамактанып бүткөндөн кийин «Алхамду лиллаа» деп айтуу;
- Тамактангандан кийин сөзсүз колун жакшылап жуусу жана тишин щётка менен же болбосо мисвак менен тазалоосу керек.
Дубалар кабыл болсун бир тууганым !
Алакандар көккө көтөрүлүп,дубалар ,тилектер кабыл болсун. Дасторкондо тамак -аш мол кенен болуп,Аллахым берекесин төгүп турсун! Эл -журтта тынчттык өкүм сүрүп,жаштарда ыйман-инсап кетпес болсун. Ар бир үйдө кубаныч-курсанчылык ,ден -соолук,күлкү  болуп, Жаратканым, Ырайымын төгүп турсун! Ата -энебиз төрүбүздө дуба берип , балдарыбыз өнүп-өсүп келечекти улап жүрсүн. Аллах Таалам ар бир мусулман пендесинин ырыскысын кенен, мол ,берекелүү кылып берсин, Аллах Таалам одүнүйө бул дүнүйө азабынан сактап,Бейишиден насип этсин!  Омиин!
👪"Бактылуулук Формуласы ".
Технологии Blogger.