Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком рамазан ай. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


20-июндан тарта «Умма» ислам журналынын редакторлору жана «Ыйман» руханий өнүктүрүү фонду менен биргеликте ыйык Рамазан айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ифтар уюштурулуп баштайт. Ыйык Рамазан айында “Рамазан Чатыры” аталышындагы кайрымдуулук тамактары Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулганы турат.

Бул долбоордун максаты ар кандай диндеги, түрдүү улуттагы жарандардын биргелешип, тынчтыкта жана ынтымакта жашоосуна түрткү болуу менен ич ара достук мамилеге салым кошуу.

200 адамга каралган ифтар 30-июнга чейин уланат. Иш-чара күн сайын саат 20:00дө аянтта болот. Программада конокторго жан азыгы болгон талимдер да өтүлөт. Анда Рамазандын касиеттери, пайдалары тууралуу темалар боюнча маалыматтар берилет. Андан сырткары ифтар учурунда кинолор көрсөтүлүп, сынактар уюштурулат. Чатыр астына чогулган элге Ислам өлкөлөрүнүн маданиятын жана каада-салтын тааныштыруу максатында дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү да келээри күтүлүүдө.

Ооз ачарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бир катар жетекчилер, эл аралык уюмдардын ассамблеясынын өкүлдөрү жана диний, ишмерлер чакырылган.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Адатта, бир жылда бир келген Рамазанда Аллах мусулмандар үчүн кубанычтын дарбазаларын ачып, сооптордун эгинзарын жайкалта төшөйт жана берекесин аябай чачат. Андан тышкары бул айда мусулмандар өз ара да өзгөчө мамилелерге өтүшөт. Бири-бирин кечиришет жана өздөрү да кечирилишет. Башкаларды сыйлашат жана өздөрү да сый көрүшөт. Башкалар менен ырыскысын бөлүшөт жана алар менен да башкалар бөлүшөт. Бир сөз менен айтканда Рамазан чынында кубанычтын, тынчтыктын жана берекенин майрамы.
 Ошол эле учурда бул айда баарына текши көрүнө бербеген сырлар да бар. Ал сырлар акылы шакватын, эрки нафсысын, сезими текеберлигин жеңе алгандарга, башкача айтканда калыстарга жана жүрөгү менен көрө алгандарга гана ачылат. Биз төмөндө алардын кээ бирлерин карап өтөлү:
                        Биринчи көрүнүш
Бир кезде бүт адамдар кандайдыр белгисиз күч менен бир убакытта бир дасторконго отурушат. Дасторкон болуп көрбөгөндөй берекелүү жана мол. Белгиленген убакытта баары бирдей тамактанып киришет. Тамактар да адаттан тышкары даамдуу. Тамактангандардын кубанычы чексиз. Жүрөктөрү кадыржам. Анан намазга чакырат. Баары бир денедей ордуларынан туруп, саптарга тизилишет.
Бул убакытта Ошто эми гана дасторконго отурушту. Алардын алдындагы дасторкон да мындан кем эмес. Мусулмандар бул жерде да буга чейин кандайдыр буйрукту күтүп турушкан эле, эми уруксат берилээр замат баары бирденине тамактанып киришти. Тамактардын даамдуулугун айтпа. Баары курсан.
Ушул учурда Ашгабатта мусулмандар бул дасторконго эми даярданып жатышат. Аларга бул буйрук бир сааттан кийин берилет. Стамбулда эки сааттан кийин. Андан ары Меккеде үч саттан кийин дасторконго чакырылат.
Ошентип, Жер шарын жыйырма төрт сааттык тилкелерге бөлүп караса мүнөт сайын миллиондогон мусулмандардын ушундай дасторкондорго отуруп жатканын көрсө болот. Бул Жаратуучунун жер бетине дасторконун жая салып, пенделерин бир убакытта конокко чакырып, кадырлап жатканын түшүнсө болот.
            Экинчи көрүнүш 
Адамдарга кайсыдыр ашканада тамак берсе, тамактангандар кимге ыраазылык билдириши керек? Тейлегендергеби, ашпозгобу же тамакка кеткен азыктардын ээсинеби?  Адатта, адамдар үчөөнө тең ыраазылык билдиришет. А чынында булардын баары себептер гана жана дасторкондун чыныгы ээси ааламдардын Жаратуучусу, Ырыскыландыруучу. Демек, чыныгы ыраазылык Ага гана билдирилиши керек. 
Бул ыраазылык – Анын буйругун так аткаруу жана  тыйгандарынан тыйылуу. Ал эми Рамазанда ооз ачканга чейин тамак, суусундук, кумардан өз ыктыяры менен баш тартуу. Андан тышкары өзүн да дыкаттык менен күзөтүп, ушак, жамандоо, доомат сымал фитналардан да кутулуу зарыл. Бул пендеден албетте алп сабырды талап кылат. Пенденин сабыры Ээсине кылган шүгүрү. 
Жөн учурда адам ырыскысы тууралуу көп ойлонбойт. Анын баасына да маани бербейт. Анын оозуна салып жаткан бир тиштем наны үчүн бүт ааламдар кызмат кылганын ойлоп да койбойт. Бирок орозодо курсагы ачканда, аргасыздан тамак тууралуу ойлоно баштайт. Буга чейин көзүнө илбеген катуу нан, ооз ачаарда ага эң даамдуу тамакка айланат. Анан ал Раббысына шүгүр кылып мактоо айтат. 
Жер шарындагы бир убакытта ооз ачкан бүт мусулмандардын чын ыкласы менен Раббысына айткан мактоолорунан – Жаратуучунун пенделерине шүгүр кылууга атайын мүмкүнчүлүк бергенин түшүнсө болот. 
            Үчүнчү көрүнүш 
Кыргызда: «Курсагы токтун кудай менен иши жок» деген сөз бар. Тамак адамдын эң зор муктаждыгы жана ачарчылыктан коркуп, келечекке азык (акча) камдоо үчүн эмнеге гана барбайт. Барган сайын адам азыктын, акчанын кулуна айланат жана анын өмүрү ошону камдоо жана тейлөө менен өтөт. 
Рамазанда Аллах пенделерин ачкалык менен тарбиялайт. Ачарчылык коркунучунан куткарат жана ырыскынын Аллахтан гана келээрин түшүндүрөт. 
Ырыскынын Аллахтан гана келээрин түшүнүү – жакшылык. Антпесе жетимдер менен жесирлер кырылып, адам заты жашоосун токтотмок. Жок, ар бир адам энесинин курсагында балгиленген мөөнөткө чейин каралган азыгы ага эч токтобой жетип турат. Качан гана ажалы жеткенде анын «ичээр суусу» да түгөнөт. Демек, ансыз да Аллахтан келе турган ырыскы үчүн бул жашоону жана Акыретти чанып кетүү туурабы?   
Анын үстүнө Рамазанда бүт жер шарынын мусулмандары тегизинен бирдей ачка. Кедей да бай да тамактан бирдей тыйылган. Бирок бай кедейдин кыйналганын жана ачарчылык кыйынчылыгын сезет. Анан өзүндөгүнү башкалар менен бөлүшөт. Демек, ачкалык жана ага чыдап өзүн Аллах үчүн тыюу – Ырыскы Берүүчүнүн жакшылыгына берген жообу.
 Төртүнчү көрүнүш 
Адамдын табиятындагы нафсынын каалосунун чеги белгисиз. Адамдын нафсы каалабаган жыргал жок. Бузукулук, зомбулук, күнөөкордук ушул нафсынын ээн баштыгынан, анын ооздукталбаганынан башталат. Бирок Рамазан нафсыны башкарууну үйрөтөт. Анткени, орозодо адам нафсы каалаган негизги жыргалдардан ыктыярдуу тыйылат. Нафсы чырылдайт, кыйнайт, ар кандай шылтоо таап адамды азгырып, өз каалоосуна жетелейт. Бирок адам ага баш ийбейт. Аллах үчүн оозун бекитип, тыйылат. Бул нафсыны сындырат. Ага андан да улуу Зат бардыгын жана адамдын чыныгы Ээси Аллах экенин туйдурат. Нафсы буга моюн сунууга аргасыз болот. 
Элде айтылган бир сөз бар: Аллах бир жолу адамдын нафсысын сынагысы келет. Андан: «Сен кимсиң жана Мен киммин?» деп сурайт. Нафсы: «Сен – Сенсиң, мен - менмин» деп жооп берет нафсы. Ал өзүн Аллахка тең койот. Аллах аны ар нерседен кысат. Нафсы айтканынан кайтпайт. Кебелип да койбойт. 
Аллах аны тамактан кур койот. Нафсы тамак таппайт. Аллах анын ырыскысын да токтотот. Мына ошондо гана нафсы: «Мен – менмин, а Сен – менин Раббымсың» деп чөк түшөт жана өзүнүн Аллахка муктаж экенин мойнуна алат. Рамазан нафсынын текеберлигин сындыруучу, аны өз ордуна коючу зор мектеп. 
Бешинчи көрүнүш 
Рамазан ошондой эле Курандын айы. Анткени, Куран ушул айда түшкөн. Рамазанда ар бир мусулман Куранга маани берип, ага мурдагыдан өзгөчө көңүл бурат. Анын аяттарын түшүнүү үчүн кайра үңүлөт. Ага Курандын жаңы чыйырлары жаңы кыйырларды ачат. 
Мусулмандар Куран аяттарын каары эмес, пайгамбарыбыз салаллаху алайхи ва саллам окуп жаткандай угушат. Кээ бирлери балким Жебирейил периште алып келип жаткандай да туйушат. Ал эми дагы кээлери бул аяттарды азыр, ушул учурда ага Аллах Өзү жиберип жаткандай сезгендери да бар. 
Мечиттерде Куран хатымдары башталат. Ар бир мечитте жаңырган Куран жер шарын жыйырма төрт саат бою каптап, анын аяттары жаңырбаган, угулбаган бир да жер калбайт. Аллахтын сөзү  бир да көз ирмемеге токтобой ааламды ээлеп турат. Ага жооп кылып, Аллах Курандын ар бир тамгасына он сооп берээрин убадалаган. 
Алтынчы көрүнүш 
Рамазан Аллахтын сооп базарына, болгондо да пендесинин пайдасына жайылган сооптордун жармаңкесине айланат. Пендеси жөнөкөй учурда белгилүү бир соопко татыган иш Рамазанда эсепсиз баага ээ болот. Пендеси анын эсебин акыретте гана көрө алат. 
Андан тышкары Аллах Рамазанда пенделерине өзгөчө назар салат. Ал пенделеринин ар бир дубасына, тилегине үңүлүп карайт, жакшыларын бергени шашат шашат, ашыкчасын да акыретте кайтарууга камдайт. Рамазанда кылынган дуба, Аллахка кайрылуу, жалынуу жоопсуз калбайт.  
Жетинчи көрүнүш 
Аллах Рамазанда Шайтанды камайт. Жөнөкөй учурда адам ар бир күнөөсүн Шайтанга шылтай берсе, Рамазандагы күнөөсүн ага жүктөй албайт. Демек, ал бул ишти өз ыктыяры менен жасаганын жана анүчүн Аллах алдында жооп берерин аңдайт. 
Бул ай ошондуктан сабырдын жана нафсынын  гана эмес адамдын мүнөзүн жана эркин да сыноонун айы. Башкача айтканда адам бул айдагы Шайтансыз аткарган иштери аркылуу өзүнүн жеке жөндөмүн жана мүмкүнчүлүктөрүн сынап алат. 
Ошентип, Аллахтын пенделерине атайын бекиткен Рамазан айы – чынында жоопкерчиликтин, ибадаткөйлүктүн жана Аллахка жакындоонун айы болоору көрүнүп турат.  Аллах ар бир орозо кармагандын иштерине ийгилик берип, эселеген сооптор менен сыйласын.
Мыктыбек Арыстанбек, 03.06.2016-жыл. Бишкек ш.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Рамазан айы (араб. رمضان‎‎) - мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда "Куран" түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон "орозону" кармоочу ай:
«Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо(туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Алла силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Санды толуктагыла, силерди Туура Жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер.» (2: 185).

Орозонун пайдалары.

Орозо адеп-ахлагыбызды жакшыртат

Орозо, бизге ар дайым Алла Тааланы эскертет, жоопкерчилик сезимин ойготот. Жүрөгүбүздү жаман ой-пикирлерден алыстатат, башкаларга жамандык кылуудан коргойт. Орозонун бизге берген дагы бир пайдасы болсо, жакшы адеп-ахлакка жетиштирүү менен периштелер даражасына алып келет. Орозо, көздөрдү арам нерселерди кароосуна, тилди болсо жалган сүйлөөсүнө, кулактарды арам болгон нерселерди угуусуна, курсакты арам тамактан, колдорду жаман иш жасоодон, буттарды болсо арам жерлерге баруудан коргойт. Орозонун парз кылынуусундагы сыр - Аллахка болгон кулдук милдетибизди аткаруу жана жаман нерселерден оолак болуу.

Орозо, адамдын ырайымдуулук жана жардамдашуу сезимдерин ойготот

Жашоосунда ачкачылык эмне экендигин билбеген бир адам, колунда жок инсандардын тарткан азабын жана кыйынчылыктарын жетээрлик даражада биле албайт. Бирок ал адам, орозо кармаган убакытта гана ал адамдардын акыбалын түшүнөт жана кедейлердин кыйынчылыктарын жүрөгүнөн сезет, аларга каршы мээримдүүлүк жана ырайымдуулук сезимдери ойгонот. Натыйжада жесирлерге жардам колун сунат, кыйынчылыктарын жоюуга аракет кылат.

Орозо адамга берилген сыйлардын баркын үйрөтөт

Инсан колунда болгон нематтардын кадыр-баркын, колунан кеткенден кийин гана түшүнөт, бирок анда кеч болгон болот. Орозо кармоо менен бир канча убакыт нематтардан алыс калган инсандын көз карашында бул нематтардын баалуулугу дагы да жакшыраак түшүнүлөт. Бул көз караш инсанга, аларды дагы да жакшыраак коргоосун, нематтарды берген Аллахка көбүрөөк шүгүр келтирүүсүн үйрөтөт.

Орозо кармоо адам ден-соолугуна пайдалуу

Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз мындайча буйрук кылат: "Орозо кармагыла, ден-соолукта болосуңар". (Кашфул-Хафа, 2/33). 
Жылдын он бир айын тынымсыз жеп-ичүү менен өткөргөн жана ошондой эле чарчаган тамак сиңирүү органдары, орозонун шарапаты менен дем алат. Рамазан айынан кийин бул милдетин улантууга киришет. Илим адамдарынын айтуусу боюнча орозо, саламаттыкты сактоого абдан жакшы салымын кошот. Нобель сыйлыгынын ээси, медицина илимдеринин доктору, француз аалымы доктор Алекс Карел мындайча дейт: "Орозо убагында, организмде топтолгон тамак-аштар жакшы иштетилет, ордун жаңы минералдуу заттар ээлейт, мындайча инсан организминде жаңылануу пайда болот. Орозо ден-соолукка абдан пайдалуу". (Жашоо энциклопедиясы, Орозо бөлүмү).

Орозо адамга сабырдуу болууну үйрөтөт

Орозо кармоо менен өзүн беогилүү бир убакытка жеп-ичпөөгө үйрөткөн адам, жашоодо туш келе турган кыйынчылыктарга оңой эле сабыр кылат, азаптардан кутулуусу жеңил болот.

Маалыматты бөлүшүп жакшы иштерге себепчи болуңуз, Урматтуу окурмандар !
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алла Таала момун-мусулман пенделерине эң жакшы, берекелүү жана пазилеттүү күн жана кечелерди тартуу кылган. Курандын Тообо сүрөөсүнүн 36-аятында бул айлардын ыйыктыгыжөнүндө төмөндөгүдөй баяндалган: «Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Алланын өзүнүн китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү ыйык айлар. Мына ушул ислам бекем дин...»Бизди дагы бир ирет ушундай берекелүү айларга жеткиргендиги үчүн, Алла Таалага көп-көп шүгүрлөрдү айталы.

Ражаб, шаъбан жана рамазан айлары динибизде ыйык деп эсептеген куттуу айлар болуп эсептелет.  Ислам келе электен мурун араптардын арасында ражаб айы ыйык ай катары кабыл кылынып келген. Барыбызга мааалым болгондой эле үч айдын ичинде куттуу, берекелүү түндөр бар. Алар рагаиб, мираж, бараат, кадыр түн жана рамазан айы сыяктуу маанилүү күндөр жана түндөр. Ражаб айынын биринчи жумасына «Рагаиб түнү» аты берилген.

            Рагаибдин сөздүк мааниси «Сүйүлгөн, кадырлуу, каалоо, тилөө жана Алланын ырайымынан, жакшылыгынан сурануу» деген маанилерди туюнтат. Бул күн күнөөлөрдүн кечирилишине өбөлгө болот. Ааламдардын көсөмү жана ардактуусу Азиркти пайгамбарыбыз (с.а.в.) ражаб айына жеткенде, Жараткан Аллага мындай деп дуба кылган: «Аллахым ражаб жана шаъбан айын бизге берекелүү, маарек кыл жана бизди аман-эсен рамазан айына жеткизе көр», ал эми, башка бир хадисинде болсо: «Беш түн бар, ал түндө кылынган дубалар сөзсүз кабыл болот. Алар: ражаптын биринчи түнү, шаъбан айынын жарымындагы түн, жума түнү жана орозо айт менен курман айттын түндөрү»(Файзул кадир. 3-т. Хадис: 3952.), (Ибн Асакир. Мухтарул Ахадис. 73-б.).Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Аллага шүгүр келтирүү максатында бул түнү он эки рекеттүү намаз окугандыгы жөнүндө кээ бир китептерде баяндалган(С. Аташ. Ислам Илмихалы. 216-б. Ө. Насухи. Ислам илмихалы. 205-б.). Жогорудагы хадиси шарифте баяндандалгандай, дубалар кабыл боло турган түндөрдүн башында ражаб айынын биринчи жумасы да бар. Рагаиб кечесинин Жаратканга жалбаруу менен биргеликте ибадат менен өткөрүү жакшы жөрөлгө катары маалым жана башкаларга да ошондой сунушталган. Баарыбыз – инсанбыз. Катачылык жана кемчилик кетиребиз. Күнөөлөргө тообо кылуу, бул – момундардын эң жакшы сыпаты. Анткени, Алла тообо кылуучуларды өтө жакшы көрөт. Андай болсо, биз бул айларда көп-көп тообо жана кечирим сурап Жаратканга жалбаралы. Биз бул үч айды бир мүмкүнчүлүк деп билип, Жаратканга карай бет алалы. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бул айда абдан көп ибадат кылгандыгын жана садака бергендигин унутпайлы. Анын үммөтү катары биз да анын жолун жолдоп, аткарган иштерин орундатсак өтө жакшы болот. Рагаиб кечесинде көп тообо кылып, каза намаздарбыз болсо, ошолорду толуктап аткаралы. Эгер парз намаздардан казабыз жок болсо, напил намаздарды окуйлу. Куран окуйлу, ар бир аят жөнүндө ой жүгүртөлү. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) көп-көптөн салам жана салават айталы. Мечиттерди сап-сап кылып толтуруп, мамлекетибиз жана эли журтубуз үчүн дуба кылалы. Улууларды жана оорулууларды зыярат кылып, алардын жакшы дубаларын алалы. Өткөндөргө Куран хатым кылып, аларга багыштайлы. Колунда жок кембагалдарга керектүү азык-түлүк, кийим-кече алып берип, зыярат кылып, алардын көңүлдөрүн көтөрүп, жардам колун узаталы. Балдарыбызга болсо, бул үч айдын берекесинин, пазилетинин маани-мазмунун  айтып, аларды мечитке алып барып, туура маалымат берели. Аларга белек-бечкек алып, көңүлдөрүн көтөрөлү, исламга болгон сүйүүсүн күчөтөйлү. Кыскача айтканда, ар бир мусулман бул айларга кайдыргер карабастан колунан келишинче соопко умтулуп, бардык күч аракетин жумшоосу зарыл.

Жараткан Алла Таала ушундай улуу айларда мамлекетибизге тынчтык, ынтымак жана биримдик ата кылсын. Ар бир үйгө жакшылык ыроолосун. Дайыма  журтубузда жакшылыктар гана болсун. Аллахым асманыбызды ачык кылып, желегибизди дайыма көктө желбиреткин, эгемендүүлүгүбүздү эч качан жоготпо, асман тиреген мунараларыбыздан азан үнүн өчүрбө жана жүрөгүбүздү ыйман нуру менен дайыма толтургун.
Технологии Blogger.